Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Лебилер 19:16да: «Жакыныңдын канын төгүүнү көздөбө»,— деп жазылган. Бул буйрук эмнени билдирет? Мунун бизге кандай тиешеси бар?

Жахаба ысрайылдыктарды ыйык болгонго үндөгөн. Аларга бул жагынан жардам бериш үчүн: «Элди аралап башкаларга жалаа жаппа, жакыныңдын канын төгүүнү көздөбө. Мен Жахабамын»,— деген (Леб. 19:2, 16).

«Жакыныңдын канын төгүүнү көздөбө» деген сөздөр еврей тилиндеги текстте сөзмө-сөз «жакыныңдын канына каршы турба» деп берилген. Бул жердеги «каршы турба» деген сөздөр эмнени билдирет? Лебилер китеби жөнүндө жазылган еврей тилиндеги бир эмгекте мындай делет: «Аяттын бул бөлүгүн түшүндүрүш кыйын, себеби сөзмө-сөз „жанында туруу“ деп которулган еврей тилиндеги бул сөз айкашынын маанисин так аныктоо мүмкүн эмес».

Айрым окумуштуулар муну 15-аятта жазылгандар менен байланыштырышат. Ал аятта: «Сотто адилетсиздик кылбагыла. Жардыга бет карамалык кылба, жогорку даражалууну андан өйдө көрбө. Жакыныңдын ишин караганда калыс бол»,— делген (Леб. 19:15). Эгер ошондой болсо, 16-аяттагы буйрук ысрайылдыктар сот ишинде болобу, ишкердик мамиледеби же үй бүлөдө болобу, эч качан адилетсиздик кылбашы керектигин билдирген. Ошондой эле өзүнө пайда табыш үчүн алдамчылыкка барбашы да керек болчу. Албетте, биз мындай иштерди кылбашыбыз керек. Бирок 16-аяттагы буйрукту дагы башкача түшүнсө болот жана бул көбүрөөк жүйөлүүдөй сезилет.

16-аяттын башындагы сөздөргө көңүл бурсаңар. Жахаба ысрайылдыктарга: «Элди аралап башкаларга жалаа жаппа»,— деген. Жалаа деген бул жөн эле зыяны жок ушак эмес. Албетте, ушак деле кээде кыйынчылыктарды жаратат (Накыл 10:19; Нас. 10:12—14; 1 Тим. 5:11—15; Жкн. 3:6). Бирок кимдир бирөөгө жалаа жапкан киши анын жакшы атын булгап, кадыр-баркын түшүргөнгө атайлап аракет кылат. Атүгүл анын өмүрүнө коркунуч туудурарын билсе да, ага көө жабат. Байыркы убакта жүзү кара кишилердин Наботко жалаа жапканын эстесеңер. Анын айынан Набот ак жерден караланып, таш бараңга алынган (1 Пад. 21:8—13). Ооба, 16-аяттын 2-бөлүгүндө айтылгандай, жалаачы жакынынын канын төгүүнү көздөйт.

Андан сырткары, кара өзгөй киши андай ишке кимдир бирөөнү жек көргөндүктөн да барат. 1 Жакан 3:15те: «Бир тууганын жек көргөн ар бир адам — киши өлтүргүч. Киши өлтүргүчтүн болсо түбөлүк өмүргө ээ эмес экенин билесиңер»,— деп жазылган. Ошон үчүн Кудайдын 16-аяттагы сөздөрдөн кийин: «Бир тууганыңды ичиңен жек көрбө»,— деп айтканы көңүлгө аларлык (Леб. 19:17).

Демек, Лебилер 19:16да жазылган сөздөрдө биз үчүн олуттуу эскертүү камтылат. Биз эч качан жаман ойго алдырып, башка бирөөгө жалаа жаппашыбыз керек. Эгер кимдир бирөөгө аны жактырбагандыктан же көрө албагандыктан караласак, мындайча айтканда, ага «каршы турсак», бул жүрөгүбүздө жек көрүү уялап алганынан кабар бериши мүмкүн. Кудайдын кызматчылары мындан жаа бою качышы керек (Мт. 12:36, 37).