Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ТҮШҮНҮКТӨР

«Баарында эле ишеним боло бербейт»

«Баарында эле ишеним боло бербейт»

Жахабага жагыш үчүн ага ишенишибиз керек. Бирок Ыйык Китепте «баарында эле ишеним боло бербей» турганы айтылган (2 Тес. 3:2). Элчи Пабыл бул сөздөрдү аны куугунтуктап жаткан «ниети бузук, кара өзгөй адамдарга» карата айткан. Бирок анын ишеним жөнүндө айткан бул сөздөрү башкаларга да тиешелүү. Айрымдар Жараткан Кудай бар экенин көрсөткөн далилдерди четке кагат (Рим. 1:20). Башкалары болсо Кудайдын бар экенине ишениши мүмкүн. Бирок Жахабага жагыш үчүн бул жетишсиз.

Биз Жахабанын ага бекем ишенгендерге «сыйлык береринен» да шектенбешибиз керек (Евр. 11:6). Ишеним ыйык рухтун жемишине кирет. Жахабадан ыйык рух сурап тиленсек, ал сөзсүз берет (Лк. 11:9, 10, 13). Жахаба ыйык рухун бериш үчүн биринчи кезекте анын рухунун жетеги менен жазылган Ыйык Китепти окушубуз керек. Ошондой эле окугандарыбыз жөнүндө ой жүгүртүшүбүз жана билгендерибизди иш жүзүндө колдонушубуз абзел. Ошентсек, ыйык рухтун жашообузга таасир этишине жол берген болобуз. Бул болсо өз кезегинде Жахабага жаккандай ишенимге ээ болгонго жардам берет.