Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Тартууга же бактек, же жаш көгүчкөн алып келгенге уруксат берилгени эмне үчүн жакшы болгон?

МУСА ПАЙГАМБАРГА берилген Мыйзамга ылайык, эл Жахабага же бактек, же жаш көгүчкөн тартуу кыла алган. Курмандыкка байланышкан мыйзамдарда ал эки канаттуу дайыма чогуу айтылат. Ошондой эле бири жок болуп калса, анын ордуна экинчисин курмандыкка чалганга уруксат берилген (Леб. 1:14; 12:8; 14:30). Бул эмнеси менен жакшы болгон? Мунун бир себеби, бактек табыш дайыма эле оңой болгон эмес. Эмне үчүн?

Бактек

Бактектер жылдын жылуу айларында Ысрайылдын бардык жеринде байырлашчу. Бирок октябрь айында кыштаганы жылуу өлкөлөргө учуп кетишчү. Анан кайра Ысрайыл жерине жаз айында кайтып келише турган (Ыр 2:11, 12; Жер. 8:7). Ошондуктан байыркы ысрайылдыктар кыш айларында бактекти курмандыкка чала албай калышчу.

Көгүчкөн

Ал эми көгүчкөндөр жылуу жакка учуп кетишчү эмес, жылы бою Ысрайылда байырлашчу. Анын үстүнө, көгүчкөндөрдү колго да багышкан. (Салыштыргыла: Жакан 2:14, 16.) Бир китепке ылайык, «бүтүндөй Палестина боюнча айылдарда да, шаарларда да көгүчкөн баккандар болгон. Ар бир үйдө көгүчкөндөр үчүн кептеркана, тактап айтканда, дубалда атайын оюк бар болчу». (Салыштыргыла: Ышая 60:8; «Bible Plants and Animals».)

Кептерканадагы көгүчкөн

Жахабанын ысрайылдыктарга, жылдын кайсы мезгилинде болбосун, колдо бар канаттууну курмандыкка чалганга уруксат бергени анын мээримдүү, адамдардын жагдайын түшүнө билген Кудай экенин көрсөтүп турат.