Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китеп — чындыктын булагы

Ыйык Китеп — чындыктын булагы

Тарых бою ар кандай адамдар Ыйык Китепти чындыктын булагы катары эсептеп келишкен. Азыркы күндө да миллиондогондор анда жазылгандарга карманышат. Бирок аны пайдасы жок же уламыштар жазылган китеп деп четке каккандар да бар. Ал эми силер кандай ойдосуңар? Ыйык Китептен чындыкты таба аласыңарбы?

ЫЙЫК КИТЕПКЕ ЭМНЕ ҮЧҮН ИШЕНСЕҢЕР БОЛОТ?

Ыйык Китептин ишенүүгө татыктуу экенине канткенде ынана аласыңар? Мисалы, досуңар силерге көп жылдан бери дайыма чындыкты айтып келатса, аны ишеничтүү деп айта аласыңар. Ыйык Китеп да ишеничтүү дос сыяктуу дайыма чындыкты «айтабы»? Муну ырастаган айрым нерселерге көңүл буралы.

Жазган кишилердин чынчылдыгы

Ыйык Китепти жазгандар абдан чынчыл болушкан. Алар өздөрүнүн ката-кемчиликтерин да жашырышкан эмес. Алсак, Жунус пайгамбар өзүнүн Кудайга тил албаганын жазган (Жунус 1:1—3). Ал өзү жазган китепти Кудайдын аны ашкерелеген сөздөрү менен аяктаган. Бирок өзүнө көңүл бурдурбаш үчүн туура эмес ой жүгүртүүсүн кантип оңдогону тууралуу эч нерсе деген эмес (Жунус 4:1, 4, 10, 11). Ыйык Китепти жазгандардын чынчыл болгону алардын чындыкты сүйгөнүнөн кабар берет.

Кеңештеринин пайдасы

Ыйык Китептеги кеңештердин күнүмдүк турмушта пайдасы тиеби? Албетте. Маселен, анда башкалар менен жакшы мамиледе болууга байланыштуу мындай делет: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле кылгыла» (Матай 7:12). «Жумшактык менен айтылган жооп каарды токтотот, ал эми жүрөк ооруткан сөз ачууну козгойт» (Накыл сөздөр 15:1). Ооба, Ыйык Китептеги кеңештер мурун кандай пайдалуу болсо, азыр да ошондой эле пайдалуу.

Тарыхый жактан так

Ыйык Китепте айтылган ар кайсы адамдардын, жерлердин жана окуялардын чынында эле болгонун археологиялык табылгалар көп жылдардан бери далилдөөдө. Мисалга бир эле нерсени алалы. Б.з.ч. 5-кылымда жашаган жана Ыйык Китепти жазууга катышкан Некемия деген киши Иерусалимде жашаган тирликтердин (тирлик финикиялыктардын) «балыгын жана башка нерселерин алып келип» сатышканын жазган (Некемия 13:16).

Ыйык Китептеги бул маалыматты тастыктаган кандайдыр бир далил барбы? Ооба. Археологдор Израиль жеринен финикиялыктардын буюм-тайымдарын табышкан. Ушундан улам байыркы учурда ал эки элдин ортосунда соода-сатык иштери жүргүзүлгөн деп айтууга болот. Андан тышкары, Иерусалимден Жер Ортолук деңизди байырлаган балыктын калдыктары казылып алынган. Археологдор аны соодагерлер алыс жерден алып келген дешет. Бул табылга тууралуу изилдөө жүргүзгөндөн кийин бир окумуштуу: «Нек[емия] 13:16дагы тирликтердин Иерусалимде балыгын сатышканы жөнүндөгү билдирүү чын экени толук мүмкүн»,— деген тыянакка келген.

Илимий жактан так

Ыйык Китеп, негизинен, диний жана тарыхый китеп болуп эсептелет. Анткен менен анда жазылгандар илимге шайкеш келет. Буга байланыштуу бир мисалга токтололу.

Мындан 3 500 жылдай мурун Ыйык Жазманын Аюп китебинде жердин «жок нерсеге илингени» жазылган (Аюп 26:7). Ал эми айрым уламыштарда жердин суунун үстүндө калкып жүрөрү же аны чоң таш бака көтөрүп турары айтылган. Аюп китеби жазылгандан 1 100 жылдай өткөндөн кийин да адамдар жерди бир нерсе тиреп турбаса, анын мейкиндикте кармалып турушу мүмкүн эмес деп ойлоп келишкен. Мындан 300 жылдай мурун гана, 1687-жылы, Исаак Ньютон тартылуу күчү жөнүндөгү изилдөөлөрүн жарыялап, жердин көзгө көрүнбөгөн күч аркылуу орбитада кармалып турарын түшүндүргөн. Илимде жасалган бул чоң ачылыш Ыйык Китепте 3 000 жылдан ашуун убакыт мурун жазылгандардын чындык экенин далилдеген!

Пайгамбарлыктардын так аткарылышы

Ыйык Китепте көптөгөн пайгамбарлыктар камтылат. Алар канчалык так? Буга жооп алыш үчүн Ышая пайгамбардын Бабылдын (Вавилондун) кулашы жөнүндө айткандарын карап көрөлү.

Пайгамбарлык. Б.з.ч. 8-кылымда Ыйык Китепти жазууга катышкан Ышая пайгамбар, Бабыл шаары кубаттуу империянын борбору боло электе эле, анын кулаарын жана ал жерге экинчи эч ким отурукташпай турганын айткан (Ышая 13:17—20). Атүгүл аны басып ала турган киши Кореш (Кир) болорун да пайгамбарлык кылган. Ошондой эле шаардын дарбазалары ачык каларын жана: «Дарыяларың какшып калсын»,— деген сөздөр менен Корештин кандай ыкманы колдонорун да айткан (Ышая 44:27—45:1).

Аткарылышы. Ошондон 200 жылдай өткөн соң, Персия падышасы Бабылга кол салган. Анын аты ким эле? Кореш. Бабылды калың дубал жана Эфрат дарыясы коргоп тургандыктан, Кореш шаарга дарыя аркылуу кирүүнү чечкен. Анын аскерлери арык казып, Эфраттын суусун саздак жерге буруп салгандыктан, суу кишинин санынан келгенчелик азая түшкөн. Алар шаардын дубалына жакын аккан ал сууну кечип өтүшкөн. Дал ошол түнү бабылдыктар шаардын дарыя тарапты караган дарбазаларын жаппай калышкан. Ошентип, Корештин аскери ачык калган дарбазалар аркылуу Бабылга кирип барып, аны басып алган.

Ал эми Бабылга эч ким отурукташпай турганы жөнүндө айтылгандар аткарылганбы? Ошондон кийин бир нече кылым бою ал жакта эл дагы деле жашай берген. Бирок учурда Ирактагы Багдад шаарына жакын жерде Бабылдын урандылары жатат. Бул пайгамбарлыктын толук аткарылганын ырастап турат. Ооба, Ыйык Китепте келечек жөнүндө жазылгандар да ишенүүгө татыктуу.