Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай силерди угушу үчүн, кантип тиленсеңер болот?

Кудай силерди угушу үчүн, кантип тиленсеңер болот?

Жахаба — тиленүүлөрдү угуучу Кудай (Забур 65:2). Биз андан каалаган маалыбызда, каалаган жерден үнүбүздү чыгарып да, ичибизден да тилене алабыз. Жахаба биздин ага «Ата» деп кайрылышыбызды каалайт. Ал, чынында эле, эң сонун Ата (Матай 6:9). Тиленүүбүз ага жетиши үчүн, кантип тиленишибиз керектигин ал бизге мээримдүүлүк менен үйрөтөт.

ЖАХАБА КУДАЙДАН ИСА МАШАЯКТЫН АТЫНАН ТИЛЕНГИЛЕ

«Атамдан менин атымдан эмне сурабагыла, ал берет» (Жакан 16:23).

Иса Машаяктын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Жахаба тиленгенибизде сөлөкөттөргө, ыйыктарга, периштелерге же көзү өтүп кеткен ата-бабаларыбызга кайрылышыбызды каалабайт. Ал Исанын атынан тиленишибизди каалайт. Ушундай кылсак, Исанын маанилүү ролун түшүнөрүбүздү көрсөтөбүз. Ал: «Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деп айткан (Жакан 14:6).

ЧЫН ЖҮРӨКТӨН ТИЛЕНГИЛЕ

«Анын алдында жүрөгүңөрдөгүнү төккүлө» (Забур 62:8).

Жахабадан тиленгенде мээримдүү атабыз менен сүйлөшкөндөй сүйлөшүшүбүз керек. Тиленүүлөр жазылган китептен окуп берип койгондун же жаттап алган сөздөрдү айтып койгондун ордуна, Жахабага урмат-сый менен, чын жүрөктөн кайрылганыбыз маанилүү.

КУДАЙДЫН ЭРКИНЕ ЫЛАЙЫК ТИЛЕНГИЛЕ

«Биз Кудайдын эркине ылайык эмне сурабайлы, анын бизди угарына шектенбейбиз» (1 Жакан 5:14).

Жахаба Кудай Ыйык Китепке биз үчүн эмнелерди кыларын жана биздин эмнелерди кылышыбызды каалаарын жаздырып койгон. Ал тилегибизди кабыл кылышы үчүн, анын «эркине ылайык» тиленишибиз зарыл. Ан үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз абзел. Бул бизге Жахабаны жакшыраак таанып-билгенге жардам берет. Эгер ошентсек, тиленүүбүз ага жагымдуу болот.

ЭМНЕЛЕР ЖӨНҮНДӨ ТИЛЕНСЕК БОЛОТ?

Муктаж болгон нерселер жөнүндө. Кудайдан күнүмдүк нерселер, мисалы, тамак-аш, кийим-кече, баш калкалоочу жай сурап тиленсек болот. Ошондой эле туура чечим чыгарыш үчүн акылмандык жана кыйынчылыктарды көтөрүп кеткенге күч сурасак болот. Мындан тышкары, ишенимибизди бекемдешин, күнөөлөрүбүздү кечиришин, жардам беришин сурап да тиленгенибиз туура (Лука 11:3, 4, 13; Жакып 1:5, 17).

Башкалар жөнүндө. Балдарынын бири-бирине күйүмдүү болгону ата-энелерге жагат. Жахаба да жердеги балдарынын бири-бирине жан тартып, кам көрүшүн каалайт. Андыктан жубайыбыз, балдарыбыз, туугандарыбыз, досторубуз үчүн тиленгенибиз орундуу. Кудайдын Жакып деген кызматчысы: «Бири-бириңер үчүн тиленгиле»,— деп жазган (Жакып 5:16).

Ыраазычылык билдиргиле. Жараткан Кудай жөнүндө Ыйык Китепте: «Ал силерге асмандан жамгыр жаадырып, берекелүү мезгилдерди тартуулап, тамак-ашты мол берип, жүрөгүңөрдү кубанычка толтуруп келген»,— деп жазылган (Элчилер 14:17). Кудайдын биз үчүн кылган бардык жакшылыктары жөнүндө ойлонгондо ага ыраазычылык билдиргенге түрткү алабыз. Кудайга ыраазы экенибизди жашообуз менен да көрсөтүшүбүз керек (Колосалыктар 3:15).

САБЫРДУУ БОЛУП, ТИЛЕНГЕНИҢЕРДИ ТОКТОТПОГУЛА

Кээде чын жүрөктөн тиленсек да жооп албагандыктан көңүлүбүз чөгүшү мүмкүн. Андайда Кудайдын биз менен иши жок деп ойлогонубуз туурабы? Албетте, жок. Төмөнкү окуялардан көрүнүп тургандай, үзгүлтүксүз тилене беришибиз керек.

Биринчи макалада сөз кылынган Ринат мындай дейт: «Эгер Кудайдан тилене бербесем, эбак эле үмүтүмдү үзүп коймокмун. Азыркыдай бактылуу болмок эмесмин». Ага эмне жардам берген? Ал Ыйык Китепти изилдей баштаган жана үзгүлтүксүз тиленүүнүн маанилүүлүгүн түшүнгөн. «Досторум жөлөк-таяк болгону үчүн, Кудайга ыраазычылык билдирип тиленем. Мен азыр мурункудан да бактылуумун»,— дейт Ринат.

Өзүн Кудайдын аны угушуна татыксыз сезген Жанна жөнүндө эмне дешке болот? «Өзүмдү ушунчалык татыксыз сезген учурларда Кудайдан эмне үчүн ушундай сезимде болуп жатканымды түшүнгөнгө жардам беришин сурап жалынчумун»,— дейт ал. Бул ага кандайча жардам берген? Ал мындай дейт: «Кудайдан тиленгеним өзүмө Кудай карагандай караганга жардам берди. Жүрөгүм айыптаса да, мени Кудай айыптабай турганын түшүндүм. Ошондой эле тиленүү багынбай андан ары да аракет кыла бергенге күч берди». Мунун натыйжасы кандай болгон? Жанна сөзүн мындай деп улайт: «Тиленүү мага Жахабаны мээримдүү, камкор Кудайдай, Атадай, Досумдай көргөнгө жардам берди. Эгер ага жаккандай иш кылганга аракет кыла берсем, анын мага жардам берерине жана эч качан калтырбай турганына да көзүм жетти».

«Уулум... майып болгонуна карабай жашоодон кубаныч алып жатат. Мен аны эң чоң бата деп эсептейм. Уулумду карап, Жахаба Кудай тиленүүлөрүмө эң сонун жол менен жооп бергенине ынанам»,— дейт Изабел.

Эми Изабелдин окуясына токтололу. Боюнда бар кезинде доктурлар ага баласы майып болуп төрөлөрүн айтышкан. Ошондо ага бут алдынан жер көчүп кеткендей эле сезилген. Айрымдар: «Боюңан алдырып эле салбайсыңбы»,— деп айтышкан. Ал: «Жүрөгүм тилингендей ачышып, өлүп калам го деп ойлогом»,— дейт. Анан эмне кылган? «Кудайдан күч сурап тилене бердим, тилене бердим»,— дейт ал. Ай-күнү жетип, Жерард деген уулдуу болгон. Ал, чын эле, майып болуп төрөлгөн. Изабел Кудай анын тиленүүсүнө жооп берди деп эсептейби? Ооба. Кандайча? Изабел мындай деп бөлүшөт: «Уулум азыр 14 жашта. Майып болгонуна карабай жашоодон кубаныч алып жатат. Мен аны эң чоң бата деп эсептейм. Уулумду карап, Жахаба Кудай тиленүүлөрүмө эң сонун жол менен жооп бергенине ынанам».

Жүрөктүн түпкүрүнөн чыккан ушундай сөздөрдү укканда бир пайгамбардын жазгандары калетсиз экенине толук кошулабыз. Ал: «Оо, Жахаба, сен мүнөзү жумшактардын тилегин угасың»,— деген (Забур 10:17). Бул — Кудайдан мындан ары да тилене бергенге кандай сонун себеп!

Ыйык Китептен Иса Машаяктын көп тиленүүсүн окуй алабыз. Алардын эң эле белгилүүсү — шакирттерине үйрөткөн тиленүүсү. Биз ал тиленүүдөн эмнелерди биле алабыз?