Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бүгүн ишеничтүү жетекчиликти кайдан таба аласыңар?

Бүгүн ишеничтүү жетекчиликти кайдан таба аласыңар?

Туруксуз дүйнөдө туура чечим чыгарып жатканыңарга кантип ынана аласыңар? Бүгүн туура деп эсептелген нерселер эртең туура эмес болуп калышы мүмкүн. Көңүл кайттыкка учурабаш үчүн эмне кылсаңар болот?

Ыйык Китеп силерге туура чечим чыгарганга жардам берет. Ага ылайык иш кылсаңар, эч качан бармагыңарды тиштеп калбайсыңар. Анткени Ыйык Китепти Жараткан Кудайыбыз өзү жаздырган. Ал бактылуу, коопсуз жашашыбыз үчүн эмне керек экенин жакшы билет.

«Ал эмне жакшы экенин сага айткан» (Микей 6:8).

Ооба, Ыйык Китептеги даанышман кеңештерге ишенсек болот. Ага азыр да, түбөлүккө да таяна алабыз (Забур 111:8).

Укмуштуудай тез өзгөрүп жаткан азыркы дүйнөдө Ыйык Китеп силерге кандайча жардам берерин билгиңер келеби? Анда аны изилдеп көрбөйсүңөрбү.