Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЭҢ КЫМБАТ БЕЛЕК КАЙСЫ?

«Бул мен үчүн эң кымбат белек болду»

«Бул мен үчүн эң кымбат белек болду»

13 жаштагы кызга күчүк белек кылышканда, ал ушул сөздөрдү айткан. Көп ийгиликке жеткен бир ишкер аял болсо жогорку класстарда окуп жүргөндө атасы белек кылган ноутбук анын жашоосун өзгөрткөн баалуу белек болгонун эскерген. Ал эми бир жигит жубайынын турмуш курушканына бир жыл болгонуна арнап жасаган открыткасы ал үчүн баа жеткис белек болгонун айткан.

Жыл сайын көптөр өзгөчө бир учурларда досуна же тууганына эң сонун белек бериш үчүн аны издөөгө убактысын, күчүн арнашат. Анан белекти алган адамынан жогорудагыдай сөздөрдү угууну каалашат. Силер жөнүндө эмне айтууга болот? Кимдир бирөөгө баалуу белек бергиңер же бирөөдөн ошондой белек алгыңар келеби?

Белекти алган адамдын эле эмес, аны берген кишинин да кандай сезимде болорун эске алганда, бул, албетте, жагымдуу. Ыйык Китепте: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деп айтылат (Элч. 20:35). Алган киши белегибизди жогору бааласа, белек бергенибизге ого бетер кубанабыз.

Канткенде белек өзүңөргө да, алган кишиге да кубаныч тартуулайт? Кээде эң жакшы белек берүү мүмкүн эмес болсо да, белегибиз чындап баалуу болушу үчүн, эмне кылсак болот?