Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КӨЙГӨЙ КАНДАЙЧА ТОЛУГУ МЕНЕН ЧЕЧИЛЕТ?

Кудайдын Падышалыгы башкарганда, «тынчтык мол болот»

Кудайдын Падышалыгы башкарганда, «тынчтык мол болот»

Жакында көптөн бери күтүп келаткан Кудайдын Падышалыгы — Кудай негиздеген өкмөт — бүт жер жүзүнө тынчтыкты жана бейкуттукту орнотот. Ыйык Китепте убада кылынгандай, ошол заман келгенде, «тынчтык мол болот» (Забур 72:7). Бирок Падышалык качан башкара баштайт? Кантип бийлик жүргүзөт? Падышалыктын башкарганынын силерге кандай пайдасы тиет?

ПАДЫШАЛЫК КАЧАН КЕЛЕТ?

Ыйык Китепте Кудайдын Падышалыгынын келерине аз калганын билдирген өзгөчө окуялар саналып өтөт. Ал окуялардын баары: дүйнө жүзү боюнча болуп жаткан согуштар, ачарчылык, оорулар, жер титирөөлөр жана күч алып бараткан мыйзамсыздык акыркы күндөрдүн «белгисин» түзөт (Матай 24:3, 7, 12; Лука 21:11; Аян 6:2—8).

Ошондой эле Ыйык Китепте мындай деп алдын ала айтылган: «Акыркы күндөрдө өзгөчө оор мезгилдин келерин бил. Себеби адамдар өзүн өзү сүйгөн, акчаны сүйгөн,.. ата-энесинин тилин албаган, жакшылыкты билбеген, ишенимсиз, жакындарын сүйбөгөн, эпке-сөзгө келбеген, жалаа жапкан, өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз, жакшылык кылгысы келбеген,.. текебер, Кудайдын ордуна ырахатты сүйгөн... адамдар болушат» (2 Тиметей 3:1—5). Ушундай сапаттарды чагылдыргандардын дайыма эле болуп келгени анык, бирок учурда мындай адамдар барган сайын көбөйүүдө.

Бул пайгамбарлык сөздөр 1914-жылдан тартып аткарыла баштаган. Тарыхчылар, мамлекеттик ишмерлер, жазуучулар ошол жылдан кийинки дүйнөдөгү абалга байланыштуу пикирлерин айтышкан. Алсак, даниялык тарыхчы Петер Мунк: «1914-жылы согуш тутангандан кийин, адамзат тарыхында чукул бурулуш болду. Гүлдөп-өсүп жаткан доордон... каргашалар, төбө чачты тик тургузган окуялар, кастык, кооптуу абал өкүм сүргөн доорго өттүк»,— деп жазган.

Дүйнөдөгү мындай абалды мемиреген тынчтык өкүм сүргөнгө чейинки бороон-чапкынга салыштырса болот. Жогоруда айтылган окуялар Падышалыктын жер бетин башкарарына аз калганын көрсөтүп турат. Иса пайгамбар акыркы күндөрдүн белгиси жөнүндө айтканда бир жакшы нерсе тууралуу да сөз кылып: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— деген (Матай 24:14).

Бул жакшы кабар Жахабанын Күбөлөрү жар салган кабардын өзөгүн түзөт. Ошондуктан алар чыгарган негизги журнал «Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт» деп аталат. Анын ар бир санында Кудайдын Падышалыгы адамзат, Жер планетасы үчүн эмнелерди кылары баса белгиленет.

КАНТИП БИЙЛИК ЖҮРГҮЗӨТ?

Буга жооп алыш үчүн төрт нерсеге токтололу.

  1. Кудайдын Падышалыгы бул дүйнөдөгү саясий төбөлдөр аркылуу бийлик жүргүзбөйт.

  2. Дүйнөдөгү саясий төбөлдөр бийлигин сактап калыш үчүн акылсыздык кылып Кудайдын Падышалыгына каршы чыгышат (Забур 2:2—9).

  3. Кудайдын Падышалыгы адамзатка үстөмдүк кылууга умтулган өкмөттөрдүн баарын жок кылат (Даниел 2:44; Аян 19:17—21). Бүткүл дүйнө жүзү боюнча боло турган бул акыркы согуш Армагедон деп аталат (Аян 16:14, 16).

  4. Кудайдын Падышалыгына баш ийгендер Армагедондон аман өтүп, тынчтык өкүм сүргөн жаңы заманда жашашат. Алар Ыйык Китепте айтылган, сыягы, миллиондоп саналган «эбегейсиз көп адамдарды» түзөт (Аян 7:9, 10, 13, 14).

ПАДЫШАЛЫКТЫН БАШКАРУУСУНУН СИЛЕРГЕ КАНДАЙ ПАЙДАСЫ ТИЕТ?

Кудайдын Падышалыгынын алдында жашаш үчүн адегенде билим алыш керек. Иса пайгамбар Кудайдан тиленип жатканда: «Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени жана сен жиберген Иса Машаякты таанып-билүү зарыл»,— деген (Жакан 17:3).

Адамдар Жахабанын тирүү Кудай экенин билгенде көп жагынан пайда алышат. Алардын экөөнө токтололу. Биринчиден, алар Кудайга болгон бекем ишеним өрчүтүшөт. Далилдерге негизделген андай ишенимдин аркасында алар Кудайдын Падышалыгынын чынында эле бийлик жүргүзүп жаткан өкмөт экенине жана жакында жер жүзүн башкарарына ынанышат (Еврейлер 11:1). Экинчиден, Кудайга жана жакындарына болгон сүйүүнү өрчүтүшөт. Кудайга болгон сүйүү ага чын жүрөктөн баш ийүүгө түрткү берет. Ал эми жакындарына болгон сүйүү Иса пайгамбардын: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла»,— деген кеңешине ылайык иш кылууга көмөк кылат (Лука 6:31).

Мээримдүү атадай болуп, Жараткан Кудай бизге жакшылык эле кылгысы келет. Ал Ыйык Китепте айтылган «чыныгы жашоого» жетишибизди каалайт (1 Тиметей 6:19). Бүгүнкү күндөгү жашоону «чыныгы жашоо» деп айтууга болбойт. Миллиондогон адамдардын турмушу оор жана жанын багыш үчүн кара жанын карч уруп иштөөгө туура келет. «Чыныгы жашоо» деген эмне экенин түшүнүш үчүн Кудайдын Падышалыгы жарандары үчүн кыла турган кереметтүү иштердин айрымдарын карап көрөлү.

Кудайдын Падышалыгынын тушунда коопсуздук, бейкуттук орноп, тамак-аш мол болот