Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Толедо шаарында Испаниянын тарыхый жана маданий кенчи сакталган. Ал 1986-жылы дүйнөлүк мурас катары катталып, туристтердин сүймөнчүгүнө айланган

ЖЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДЕР

Испанияга саякат

Испанияга саякат

ИСПАНИЯНЫН эли да, жери да көп түрдүү. Жеринин көпчүлүк бөлүгүндө буудай, жүзүм жана зайтун дарактары өсөт. Өлкөнүн түштүк бөлүгүн Африка континентинен 14 км суу гана бөлүп турат.

Европанын түштүк-батышындагы бул өлкөгө көптөгөн элдер, анын ичинде финикиялыктар, гректер жана карфагендиктер, көчүп келип, байырлашкан. Б.з.ч. 3-кылымда римдиктер жаңы басып алган бул жерди Хиспания деп атап коюшкан. Кийинчерээк ал жерди вестготтор менен маврлар ээлеп алып, өз маданий мурасын калтырышкан.

Акыркы бир жылдын ичинде эле Испанияга 68 миллион киши келип кеткен. Көптөр ал жакка жаркырап тийген күн нуруна, алтын кумдуу жээктерине, ошондой эле искусствого, тарыхка жана архитектурага бай казынасына суктаныш үчүн барышат. Испаниялыктардын тамагы да көптөргө жагат. Көбүнчө алар деңиз азыктарын, чочконун ышталган этин, демделип бышырылган эт, салат, зайтун майына бышырылган же зайтун майы кошулган жашылчаларды жешет. Алардын куймагы, паэльясы (күрүч жана деңиз азыктары кошулуп жасалган тамак), тапасы (жеңил тамак) бүт дүйнөгө таанымал.

Деңиз азыктарынан жасалган марискада тамагы

Фламенко бийи

Испаниянын калкы ачык-айрым, меймандос келет. Көбү католик динин тутушат, бирок Мессага (католик чиркөөсүндөгү ибадат кылуу жөрөлгөсү) салыштырмалуу аз эле киши барат. Акыркы жылдары Испанияга Африкадан, Азиядан жана Латын Америкасынан эл көчүп келүүдө. Алардын көбү өздөрүнүн дини жана үрп-адаттары жөнүндө сүйлөшкөндү жакшы көрүшөт. Жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү аларга Ыйык Китептин негизинде Кудайдын көп нерселерге карата көз карашын билүүгө жардам берүүдө.

2015-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштары өткөрүлгөн жана Падышалык залы деп аталган 70 имаратты куруу жана оңдоп-түзөө иштерине 10 500дөн ашуун Жахабанын Күбөсү ыктыярдуу түрдө катышкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ал долбоорлордун айрымдары ишке ашырылыш үчүн жерди бекер беришкен. Өлкөгө көчүп келгендерге жардам бериш үчүн ал жактагы Жахабанын Күбөлөрү жыйналыштарын испан тилинен башка дагы 30 тилде өткөрүшөт. 2016-жылы Испанияда Жахабанын Күбөлөрү өткөргөн Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү кечесине 186 000ден ашык киши келген.