Бейкалыстыкты жугузуп алган жоксуңарбы?
Бейкалыстык жугуштуу ооруга окшош. Ал ага кабылгандарды азапка салат. Ага чалдыкканын көптөр аңдабайт.
Башкаларга карата бейкалыс пикирде болушубузга адамдардын улуту, расасы же тили эле себеп болбойт. Буга алардын дини, жынысы же коомдо ээлеген абалы да себеп болушу мүмкүн. Ал эми айрымдар башкалардын жаш-курагынан, билиминен, майыптыгынан же сырткы көрүнүшүнөн улам алар жөнүндө терс ойдо болушат. Ошондой болсо да алар өздөрүн баарына калыс карайм деп эсептешет.
Мындай дартка силер да чалдыгышыңар мүмкүнбү? Башкалардын калыс эмес экени дароо эле байкалат. Өзүбүздүкү болсо байкалбайт. Чынында, бул илдетке кандайдыр бир деңгээлде баарыбыз чалдыкканбыз. Дэйвид Уильямс деген социологдун айтымында, «адамдардын кайсы тобуна карата терс көз карашта болсок, ошол топтон болгон кимдир бирөөгө башкача мамиле кылабыз. Бул өзүбүзгө билинбейт».
Мисалга Балкан жарым аралында жашаган Йовицэни алалы. Ал жашаган жерде улуттук азчылык отурукташкан. Йовицэ мындай дейт: «Ал улуттагыларды начар кишилер деп ойлочумун. Ошол эле учурда башкаларга тегиз карайм деп эсептечүмүн. Мен ал улуттагылардын баары ошондой экенин эч ким тана албайт деп өзүмдү актачумун».
Көп өкмөттөр улутчулдуктун жана бейкалыстыктын ар кандай түрү менен күрөшүш үчүн мыйзамдарды чыгарышат. Анткен менен бейкалыстыкка бөгөт коё албай келишет. Эмне үчүн? Анткени мыйзамдар адамдардын иш-аракетин гана чектейт. Бирок алардын ойлорун, сезимдерин көзөмөлдөй албайт. Ал эми бейкалыстык адамдын так ошол акылынан, жүрөгүнөн тамыр алат. Анда аны менен күрөшүүдөн эч майнап чыкпайбы? Бул дарттын дабасы барбы?
Кийинки макалаларда Ыйык Китептеги беш принцип талкууланат. Аларды колдонуп, көптөр ал жаман сапатты акылынан, жүрөгүнөн сүрүп чыгарышкан.