Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билип-билбей тон бычпагыла

Билип-билбей тон бычпагыла

Көйгөй

Көптөр башкаларга карата туура эмес маалыматтын негизинде бейкалыс пикирде болушат. Төмөнкү мисалдарга көңүл бурсаңар:

  • Айрым жумуш берүүчүлөр аялзаты жөнүндө жаңылыш ойдо болгондуктан аларды илим же техника жаатындагы жумуштарга жарабайт дешет.

  • Орто кылымдарда Европада еврейлерге кудуктарды ууландырып, жугуштуу ооруларды таратышкан деген жалган жалаа жабышкан. Нацисттик режим учурунда еврейлерге кайрадан көө жабылган. Мунусунда аларды Германиядагы каржы каатчылыгына себепкер деп айыпташкан. Эки учурда тең еврейлер бейкалыстыктын курмандыгына айланган. Андай көз карашка кармангандар азыр деле аз эмес.

  • Көптөгөн адамдар майыптарды бир байкуштай көрүшөт же аларды жашоосуна нааразы деп эсептешет.

Чын-төгүнү ырасталбаган ушул сыяктуу маалыматка ишенгендер алардын бейкалыс көз карашта болушуна негиз бар деп ойлошу мүмкүн. Аларга кошулбагандарды болсо түркөй көрүшөт.

Ыйык Китептеги принцип

«Жандын билимсиз болушу жакшы эмес» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 19:2).

Бул эмнени билдирет? Толук маалыматты билбесек, туура эмес жыйынтык чыгарып алабыз. Эгер так маалыматка эмес, имиштерге таяна турган болсок, башкаларга калыс карай албайбыз.

Так маалыматтын пайдасы

Башкалар тууралуу так маалыматыбыз болсо, алар жөнүндө кеңири тараган жаңылыш ойлорго ишенбейбиз. Ошондой эле адамдардын кайсы бир тобу жөнүндө чындыкка коошпогон маалымат укканда дароо эле ишенип калбайбыз. Тескерисинче, анын чын-төгүнүн текшергенге аракет кылабыз.

Эмне кылсаңар болот?

  • Айрымдар адамдардын кайсы бир тобу жөнүндө терс маалыматтарды айтышы мүмкүн. Бирок бул алардын баары эле ошондой дегенди билдирбей турганын унутпагыла.

  • Башкалар тууралуу айрым нерселерди билбей турганыңарды эске алгыла.

  • Так маалыматты ишеничтүү булактардан алгыла.