Жападан жалгыз даба
Миллиондогон адамдар буга чейинки макалада талкууланган Ыйык Китептеги принциптерди колдонуп, жүрөгүндөгү бейкалыстыкты түп-тамыры менен жула алышкан. Анткен менен бул терс сапаттан биротоло өз күчүбүз менен арылууга кудуретибиз жетпейт. Анда анын тамырына балта чабуу мүмкүн эмеспи?
Мыкты өкмөт
Жер жүзүндөгү өкмөттөрдүн бейкалыстыкты жоюш үчүн кылган аракетинен эч майнап чыкпай келет. Бирок бул аны бир да өкмөт кыла албай турганын билдиреби?
Бейкалыстыкты жок кыла турган өкмөт төмөнкүдөй болушу керек:
-
1. Адамдарга башкаларга карата терс көз карашын өзгөртүүгө түрткү бериши зарыл.
-
2. Адилетсиздикке кабылган адамдардын жараатын айыктырышы керек.
-
3. Ар бир жаранды баалап, тегиз караган башкаруучулары болушу талап.
-
4. Бардык улуттарды бириктириши абзел.
Ыйык Китепке ылайык, Кудай так ушундай Падышалыкты орноткон. Ал «Кудайдын Падышалыгы» деп аталат (Лука 4:43).
Ал өкмөттүн эмнелерди ишке ашырарына көңүл бурсаңар.
1. Теңдешсиз билим берет
«Жер тургундары адилдикке үйрөнөт» (ЫШАЯ 26:9).
«Чыныгы адилдиктин натыйжасы бейпилдик болот, чыныгы адилдиктин жемиши кылымдар бою тынчтык менен коопсуздук болот» (ЫШАЯ 32:17).
Бул эмнени билдирет? Кудайдын Падышалыгы адамдарды туура нерсеге үйрөтөт. Алар жаманды жакшыдан, калыстыкты бейкалыстыктан ажыратканды үйрөнсө, бири-бирине болгон көз карашы өзгөрөт. Ошондой эле Падышалыктын жарандары бардык адамдарды бирдей жакшы көрүү адилдикке жатарын түшүнүшөт.
2. Жарааттарды айыктырат
«Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти» (АЯН 21:4).
Бул эмнени билдирет? Кудайдын Падышалыгы адилетсиздиктин айынан болгон жарааттардын баарын айыктырат. Мурда бейкалыстыктын курмандыгы болгондор жек көрүүчүлүктөн арылышат.
3. Туура бийлик жүргүзөт
«Ал көзүнүн көргөнү боюнча соттобойт, кулагынын укканы боюнча ашкерелебейт, бей-бечараларды адилдик менен соттойт, жер жүзүндөгү мүнөзү жумшактарга болушуп, акыйкаттык менен ашкерелейт» (ЫШАЯ 11:3, 4).
Бул эмнени билдирет? Кудайдын асмандагы өкмөтүнүн Падышасы Иса Машаяк адилеттүүлүк менен бийлик жүргүзүп, жер жүзүндөгүлөрдүн баарына калыс мамиле кылат. Иса бир улутту экинчи улуттан жогору койбойт. Ал төгөрөктүн төрт бурчунда жашагандардын анын адил мыйзамдарына баш ийишине кам көрөт.
4. Биримдикке өбөлгө түзөт
Кудайдын өкмөтү адамдарды «бир ойго, бирдей сүйүүгө ээ болууга», ошондой эле «биримдүү, бир пикирдүү болууга» үйрөтөт (ФИЛИПИЛИКТЕР 2:2).
Бул эмнени билдирет? Кудайга баш ийип жашагандардын арасында чыныгы биримдик өкүм сүрөт. Бул тек гана жасалмалуулук болбойт. Анткени алар бири-бирин чын дилден сүйүшөт.