Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ДҮЙНӨ ОҢОЛБОЙ КАЛДЫБЫ?

Жооп табуу аракети

Жооп табуу аракети

СИЛЕР да, көптөрдөй эле, мөндүрдөй жааган суук кабарларды угуп коркуп жатсаңар керек. 2014-жылы АКШнын мурунку президенти Барак Обама басма сөз жаатында суук кабарлар көп болгондуктан, көптөр «дүйнө колдон чыгып баратат, ал башкарылгыс болуп калды» деген тыянакка келгенин айткан.

Бирок ушуну айткандан кийин дүйнөдөгү көйгөйлөрдү чече турган, учурда иштелип жаткан долбоорлор туурасында күйүп-жанып айта баштаган. Анан белгилүү бир мамлекеттик долбоорлордун «жакшылыктан кабар» берерин, алардан «үмүтү чоң экенин» жана баары жакшы болоруна «бекем ишенерин» билдирген. Башкача айтканда, адамдардын чын ыкластан кылган аракети дүйнөдөгү абалды оңдоп, чоң алааматты алдын ала аларын айткан.

Көптөр анын оюна кошулат. Маселен, айрымдар илимге үмүт артышат. Алар дүйнөдөгү көйгөйлөрдү чечүүгө технология жаатындагы албан жетишкендиктер жардам берет деп ишенүүдө. Санарип технологиясы жана жаңы ачылыштар тармагында иштеген адис 2030-жылга чейин «технологияларыбыз миң эсе күчтүү болорун, ал эми 2045-жылга чейин миллион эсе күчтүү» болорун ишенимдүү түрдө айткан. Ал: «Биз укмуштуудай ийгиликтерге жетип жатабыз. Мурда болуп көрбөгөндөй олуттуу көйгөйлөргө туш болуп жатсак да, аларды чечүүгө кудуретибиз жетет. Азыркы мүмкүнчүлүктөрүбүз көйгөйлөрүбүздөн озуп кетти»,— деп кошумчалаган.

Дүйнөдөгү абал чынында канчалык жаман? Адамзат чындап эле чоң каргашанын босогосунда турабы? Айрым илимпоздор жана саясатчылар элди үмүттөндүргөнү менен, көптөр үчүн келечек дагы деле бүдөмүк бойдон калууда. Эмне үчүн?

КӨПЧҮЛҮКТҮ КЫЙРАТУУЧУ КУРАЛДАР. Бириккен Улуттар Уюму жана башка уюмдар ядролук куралдарды жок кылууга канча күч жумшаса да, андан майнап чыккан жок. Өз билгенин кылган өлкө башчылары куралдарга байланыштуу мыйзамдарды капарына албай, керек болсо мыскылдоодо. Ядролук куралдарды жасаган өлкөлөр кайра эрегишип, улам жаңысын жанталашып чыгарып, мурункудан да коркунучтуу бомбаларды ойлоп табууда. Бир кезде көпчүлүктү кыйратуучу куралдары жок өлкөлөрдүн да учурда көп кишини күм-жам кылууга мүмкүнчүлүгү бар.

Ядролук куралдар «октолуп» даяр тургандыктан, дүйнө атүгүл «тынчтык» учурда да өтө опурталдуу абалда турат. Баарынан коркунучтуусу, «автоматтык түрдө өзү эле иштеп кете турган өтө кооптуу куралдар адамдын кийлигишүүсү же көзөмөлү жок эле бутасын жок кылып салышы мүмкүн» («Bulletin of the Atomic Scientists»).

ДЕН СООЛУК МАСЕЛЕСИ. Ден соолукка байланыштуу көйгөйлөргө келгенде илимдин күчү канчалык чектелүү экени айкын болууда. Кан басымынын жогорулашы, ашыкча салмактуулук, абанын булганышы, баңгичилик сыяктуу ооруга шарт түзгөн себептер барган сайын күч алууда. Рак, жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети сыяктуу жугуштуу эмес дарттардан каза тапкандардын саны да көп. Башка да толгон-токой оорулардан, анын ичинде акыл-эс илдеттеринен, жапа чеккендер да четтен саналат. Акыркы жылдары болсо көптөр Эбола жана Зика вирусу өңдүү коркунучтуу эпидемиялардын капысынан кол салганына күбө болушту. Мындан кандай жыйынтык чыгарууга болот? Адамдардын ооруну жеңүүгө алы жетпейт жана жеңебиз деп үмүттөнүшүнө да негиз жок!

АДАМДАРДЫН ЖАРАТЫЛЫШКА КОЛ САЛЫШЫ. Завод-фабрикалардын айынан аба укмуш булганууда. Ошонун кесепетинен жыл сайын миллиондогондор өмүрүнөн айрылып жатат.

Жеке адамдар, жалпы коом жана мамлекеттик ишканалар заң-заара аралашкан кир сууларды, медициналык жана айыл чарба таштандыларын, пластиктерди жана башка таштандыларды океандарга ыргытууда. «Андай уулуу таштандылардын кесепетинен деңиз жаныбарлары менен өсүмдүктөрү жана аларды жеген адамдар ууланууда» («Encyclopedia of Marine Science»).

Таза суу уламдан-улам азайып баратат. Британиялык илимий журналдын редактору Робин Маккай: «Суунун жетишсиздигине байланыштуу көйгөй дүйнөнүн ар бир бөлүгүнө таасир этери турган иш»,— деп таамай айткан. Саясатчылар суунун жетишсиздигине адамдар өздөрү күнөөлүү экенин жана бул абдан олуттуу көйгөй экенин моюнга алууда.

ЖАРАТЫЛЫШТЫН АДАМДАРГА КОЛ САЛЫШЫ. Катуу шамалдын, урагандын, торнадонун, тайфундун, жер титирөөнүн айынан суу ташкындап, жер көчүп жана башка каргашалуу кырсыктар болууда. Ушундай табият күчтөрүнүн чабуулунан улам көптөрү өмүрүнөн ажырап, далайлар чоң зыянга учуроодо. АКШнын улуттук аэронавтика жана космос администрациясы тарабынан басылып чыккан бир эмгекке ылайык, «мындан да катуу шамалдардын болушу, күндүн ысышы, бирде суу ташкындаса, бирде кургакчылык болору күтүлүүдө». Жаратылыш адамзатты тукум курут кылышы мүмкүнбү?

Балким, силер өмүрүбүзгө коркунуч туудурган башка нерселерди да ойлоп жаткандырсыңар. Бирок азыркы көйгөйлөрдү канча талдабайлы, келечекке байланыштуу суроолорго купулга толорлук жооп таба албайбыз. Айрымдар саясатчылардын да, окумуштуулардын да жооп бере аларына шектенишет. Анткен менен, мурунку макалада айтылгандай, көптөр дүйнөдөгү абалга жана келечекке байланыштуу суроолорго канааттандырарлык жооп табышкан. Ал суроолордун жообу каякта камтылган?