Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кыйынчылыктарга багынбай Кудайга кызмат кылып келем

Кыйынчылыктарга багынбай Кудайга кызмат кылып келем

Кыйынчылыктарга багынбай Кудайга кызмат кылып келем

АЙТЫП БЕРГЕН — ИВАН МИКИТКОВ

«Биздин шаарда калсаң — кайра камап таштайбыз»,— деп эскертти КГБнын кызматкери. Ал кезде мен 12 жыл түрмөдө олтуруп, жаңы эле чыккам. Анын үстүнө, ооруган ата-энеме жардам беришим керек болчу. Бир чечимге келиш, чынында, оңой болгон жок.

МЕН 1928-жылы Молдавиядагы Цаул деген айылда төрөлгөм. Бир жашка чыкканымда, атам Александру Румыниядагы Яссы шаарына барганда Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрүн (ал кезде Жахабанын Күбөлөрү ошентип аталчу) жолуктурган экен. Цаулга кайтып келгенде алардан билгендерин үй-бүлөсүнө, кошуна-колоңдоруна айтып бериптир. Ошондон көп өтпөй айылыбызда Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрүнүн чакан тобу уюшулуптур.

Биз төрт биртууган элек, баарыбыз эркек, кенжеси — мен. Бала чагыман рухий жактан жетилген, үлгүлүү адамдардын курчоосунда өстүм. Бара-бара Жахабага кызмат кылгандар сөзсүз куугунтукка алынарын жана башка кыйынчылыктарга кабылышарын түшүнө баштадым. Кичинемде полиция кызматкерлеринин ыйык китептик адабияттарды табууга аракеттенип үйүбүздү нечен ирет тинткени алигече эсимде. Бирок ал көргөн-билгендерим мени жалкыткан жок. Ыйык Китептен Кудайдын уулу Ыйса Машайак да, анын шакирттери да куугунтукталганын билдим. Ыйсанын жолдоочулары сөзсүз куугунтукка алынары жыйналыштардан да көп эскертилчү (Жакан 15:20).

Куугунтуктарга даяр болуу

Болгону, алты жашымда, 1934-жылы Цаулдагы жыйналышыбызда нацисттик Германиядагы рухий биртуугандарыбыз кандай кыйынчылыктарга кабылып жатканы жөнүндө кат окулган. Аны уккандан тартып биз алар үчүн тиленип жүрдүк. Ал кезде кичине болсом да, ошол кат азыр да эсимде.

Арадан төрт жыл өткөндө биринчи жолу ишенимим сыналды. Мектептен православие чиркөөсүнүн кызматчысы дин сабагында мойнума крест тагынтууга бир нече жолу аракеттенди — мен болбой койдум. Анда ал класстагы балдардын баарынан, чиркөөнүн үлгүлүү жактоочулары экенин билдирүү үчүн, өз кресттерин көрсөтүүнү сурады. Анан мени көрсөтүп: «Мына бу менен бир класста окугусу келгендер барбы?! — деп сурады.— Окугусу келбегендер, колуңарды көтөргүлө».

Андан корккон окуучулардын баары кол көтөрдү. «Көрдүңбү,— деди ал мага,— сени менен эч кимдин достошкусу келбейт. Жогол мектептен!» Бирок бир нече күндөн кийин мектептин директору үйгө келиптир. Ата-энем менен сүйлөшкөн соң ал менден окугум келеби, жокпу, сурады. Окугум келерин айттым. «Мен директор болуп турганда, мектепке келе бер,— деди ал,— чиркөө кызматчысы сени кууй албайт». Айтканы эки болгон жок: ошол бойдон чиркөө кызматчысы мени жайыма койду.

Куугунтуктун күчөшү

Жергебиз, Бессарабия, 1940-жылы Советтер Союзунун курамына кошулду. Ал эми 1941-жылдын 13, 14-июнунда саясаттын же коомдун душманы деп табылган адамдар Сибирге айдалды. Ал жолкусунда Жахабанын Күбөлөрүнө тийишкен жок. Бирок биз ошондон тартып жыйналыш өткөргөндө, кабар айтканда сагыраак болуп калдык.

1941-жылы июндун аягында Германия өз союздашы болгон СССРге күтүүсүздөн кол салды. Көп өтпөй Бессарабияны кайрадан Румыния ээлеп алды. Андыктан биз кайрадан Румыниянын кол алдында болуп калдык.

Кошуна айылдардагы Күбөлөр румын аскеринде кызмат өтөөдөн баш тартышкандыктан, камакка алынышыптыр. Көбү 20 жылга кесилип, румын эмгек лагерлерине айдалган. Атамды полиция участогуна чакырып, Күбө болгону үчүн катуу сабап, мени болсо мектепте жүргөн жеримден чиркөө кызматына катышып келүүгө жиберишти.

Согуштун күчү кайта түшкөндө, 1944-жылдын мартында совет аскерлери тез аранын ичинде Бессарабиянын түндүк бөлүгүн, ал эми августта өлкөнү толугу менен басып алышты. Ал кезде мен өспүрүм бала болчумун.

Көп узабай аскер кызматына жарактуу эркектердин баары аскерге чакырылды. Күбөлөр бейтараптуулугун бузуудан баш тартышкандыктан, он жылга кесилишти. 1945-жылдын майында Германия багынып берип, Европада Экинчи дүйнөлүк согуш басылды. Ошого карабастан Молдавиядагы Күбөлөрдүн көбү 1949-жылга чейин түрмөдөн бошотулган жок.

Согуштан кийинки азаптар

Согуш басылгандан кийин, 1945-жылы Молдавияны катуу кургакчылык басты. Совет бийлиги дыйкандардан эгин-тегининин басымдуу бөлүгүн мамлекетке тапшырууну талап кылгандыктан, катуу ачарчылык башталып, 1947-жылы Цаулдун көчөлөрүнүн ар кай жеринде өлгөн адамдардын жатканын көрүүгө болор эле. Ефим байкем да ошондо өлдү. Мен бир нече эле жуманын ичинде абдан алсырап, араң кыймылдап калдым. Акыры, жүрө-жүрө жагдай жеңилдеди. Биз, тирүү калган Күбөлөр, жакшы кабарды таратууну уланта бердик. Мен — өз айылыбызда, жети жаш улуу Василе байкем кошуна айылдарда кабар айтып жүрдүк.

Күбөлөр жигердүү кабар айта баштады дегиче, бийлик аңдуусун күчөттү. Биздин иш-аракетибиз жана саясатка кийлигишүүдөн, аскер кызматына баруудан баш тартканыбыз совет мамлекетинин үйлөрүбүздү тинтүүгө, ыйык китептик адабияттарды конфискациялоого жана камакка алууга буйрук беришине себеп болду. 1949-жылы коңшу жыйналыштагы Күбөлөрдүн кээси Сибирге айдалды. Ошондуктан калгандарыбыз өтө этияттык менен кабар айтып калдык.

Ортодо мен катуу ооруп, денсоолугум күндөн-күнгө начарлай берди. Акыры врачтар сөөк туберкулёзуна чалдыкканымды аныкташты. Ошонун айынан 1950-жылы оң бутумду гипс корсетке салууга туура келди.

Сибирге айдалуу

Бутумдан гипс алына электе, 1951-жылдын 1-апрелинде үй-бүлөм камакка алынып, башка Күбөлөр менен чогуу Сибирге айдалдык *. Камданууга аз убакыт берилгендиктен, бир аз тамак алууга гана жетиштик. Аныбыз көпкө жеткен жок.

Эки жумадай жол жүрүп, Томск облусундагы Асино деген шаарга жеттик. Ал жактан бизди вагондордон малдай кылып эле чыгарып коюшту. Эшик суук тартып турса да, таза аба жутканыбызга сергий түштүк. Май айында муз эрий баштаганда, кеме менен жүз километр ары Торбага жеткиришти. Ал жактан Сибирдеги тайгадан карагай кыюуга жиберилдик. Өмүр бою жасаар ишиңер ушу дешти.

Карагай кыюу түрмөдө отурган менен бирдей болбосо да, дайыма катуу көзөмөлгө алынчубуз. Түнкүсүн үй-бүлөбүз вагондо уктачу. Ошол жайда «там» салып алдык. Ал ызгаардуу кыштан чыгуунун айласында эптештирилген жертөлө эле.

Бутум гипсте болгондуктан, мени токой жумушунан бошотуп, мык жасоону тапшырып коюшту. Мындай жумуш «Күзөт мунарасы» журналын жана башка адабияттардын көчүрмөсүн жашыруун жасай берүүгө жакшы шарт түздү. Адабият болсо миңдеген километр алыстыктагы Батыш Европадан ар кандай жолдор менен үзгүлтүксүз келип турчу.

Кесилип, лагерге жөнөтүлүшүм

1953-жылы бутумдан гипс алынды. Туура ошол маалда, канчалык сак болоюн десем да, рухий иштерим, ыйык китептик адабияттарды көчүрүп жүргөнүм КГБга билинип калды. Натыйжада башка Күбөлөр менен кошо 12 жылга кесилип, лагерге жөнөтүлдүм. Бирок сот маалында биз Жахаба Кудайыбыз жана анын адамзатка болгон сүйүүсүнөн улам ишке ашыра турган ой-ниеттери тууралуу жакшы күбөлөндүрө алдык.

Анан чыгышка, жүздөгөн километр ары жайгашкан Иркутск тарапка жөнөтүлдүк. Ал жакта Совет өкмөтүнүн душмандары деп эсептелгендер үчүн курулган эмгек лагерлери бар эле. 1954-жылдын 8-апрелинен тартып 1960-жылдын башына чейин андай лагерлердин 12синде олтуруп чыктым. Андан соң 3 000 километр ары, батыш тараптагы көптөгөн Мордовия лагерлеринин бирине жөнөтүлдүм. Ал лагерлер Москвадан 400 километр алыс, түштүк-чыгыш тарапта эле. Анда Советтер Союзунун булуң-бурчунан жөнөтүлгөн ишенимдүү биртуугандар менен бирге болдум. Мен үчүн бул чоң сыймык эле.

Совет бийлиги Күбөлөр камактагы башка адамдар менен сүйлөшө башташса, алардын айрымдары да Күбө болуп кетерин байкагандыктан, бизди 30 километрчелик аралыкка созулган Мордовия лагерлерине башкалардан бөлүп камап коюшкан. Лагерибизде 400дөн ашуун Күбө бар эле. Ал эми бизден бир нече километр ары жакта жүз чакты же андан да көп ишенимдеш эже-карындаштарыбыз олтурчу.

Мен лагерден жыйналыштарды өткөрүүгө жана жашыруун алып келинген адабияттарыбызды көчүрүүгө жигердүү катышчумун. Түрмөнүн башчылары эмне кылып жүргөнүмдү билип калышкан көрүнөт, 1961-жылдын августунда Владимир шаарындагы жаман жагынан атагы чыккан, тээ падышалар маалында курулган түрмөгө бир жылга олтургузуп коюшту. Ал Москвадан 200 километр алыстыкта, түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан. Чалгындоочу самолёту 1960-жылдын 1-майында Орусиянын асманынан атып түшүрүлгөн америкалык учкуч Гари Пауэрс да 1962-жылдын февралына чейин ошол түрмөдө олтурган.

Владимир түрмөсүндө тамакты мага ушунчалык аз, өлүп калбагыдай кылып гана бере турган. Бала кезимен көнүп калгандыктан, ачарчылыкты салыштырмалуу оңой көтөрдүм. Бирок 1961—1962-жылдардын бөтөнчө суук кышынан чыгыш оңой болгон жок. Жылытуу системасы жарактан чыгып калып, камерамдагы температура нөлдөн бир топ төмөн түшүп кеткен. Абалымдын оордугун көрүп, врач ызгаардуу суук кайта түшмөйүнчө, бир нече жумага шарты оңураак камерага которулушума кам көрүп койду.

Сыноо маалындагы жардам

Бир нече ай катары менен түрмөдө олтуруп, ар кандай ой-санаалар басканда, адам кайратын жоготуп коюшу ыктымал. Түрмөнүн башчылары дал ошону күтүшчү. Бирок мен көп тиленип, Жахабанын рухунун жардамы менен Жазмадагы аяттарды эстеп кайраттанып жүрдүм.

Владимир түрмөсүндө жатканымда элчи Пабылдын: «Биз бардык тараптан кысымга алынып жатабыз, бирок өзүбүздү кысымга алынгандай сезбейбиз. Биз үмүтсүз абалдабыз, бирок үмүтүбүздү үзбөйбүз»,— деген сөздөрүн маңызына жете түшүндүм (2 Корунттуктарга 4:8—10). Бир жылдан кийин кайра Мордовия лагерине которулдум. Он эки жылдык камагым 1966-жылы 8-апрелде ошол жактан аяктады. Бошонуп чыкканымда, мүнөздөмөмө «оңолбойт» деп жазылып коюлуптур. Мен үчүн ал Жахабага берилгендигимди сактагандыгымдын расмий далили эле.

Советтик лагерлерде, катуу көзөмөлгө алынса да, ыйык китептик адабияттар кантип келип, кантип көбөйтүлчү эле деп менден көп сурап калышат. Саясий айып менен камалып, Потьмадагы аялдар лагеринде төрт жыл отурган латыш аял анын сырын аз гана адам билгенин белгилеген. «Кандайдыр бир жолдор менен Күбөлөр көп адабият алып калышчу,— деп жазган ал 1966-жылы бошонуп чыккандан кийин.— Тим эле түнкүсүн лагердин үстүнөн периште учуп өтүп, аларга адабият таштап кеткендей сезилчү». Чын эле, биздин иш-аракеттерибиз Кудайдын жардамы менен гана жүргүзүлчү!

Салыштырмалуу эркиндик

Бошонуп чыкканымда, кабар айтуу ишин жетектеген биртуугандар молдаван биртуугандарыбызга жардам бериш үчүн Молдавияга жакын, Батыш Украинага, көчүп барууну сунуш кылышты. Бирок мен камактан жаңы чыккандыктан КГБнын катуу көзөмөлүндө болчумун, ошондуктан ээн-эркин жүрө алчу эмесмин. Дагы түрмөгө түшүп калбашым үчүн эки жылдан кийин Казакстанга көчүп кеттим. Ал жактагы бийликтер документтерди көп текшерчү эмес. Анан 1969-жылы ата-энемдин денсоолугу кыйла начарлагандыктан, аларга каралашайын деп, Украинага көчүп бардым. Дал ошол жактан, Донецктин түндүк жагындагы Артёмовск деген шаардан, КГБнын кызматкери, макаланын башында айтылгандай, түрмөгө олтургузам деп коркутуп жүрөт.

Кийин билсем, ал мени жөн эле коркутуптур. Чынында, мага айып тагууга далили деле жок экен. Кудайга кызмат кылууга чечкиндүү болгондугумдан, кайда барбайын, КГБ артыман аңдып жүрчү. Бирок мен ал шаарда калып, ата-энеме кам көрө баштадым. Алар экөө тең өмүрүнүн акырына чейин Жахабага болгон берилгендигин сакташты. Атам — 1969-жылдын ноябрында, апам 1976-жылдын февралында дүйнөдөн кайтты.

Украинага келгенимде 40ка чыгып калгам. Ата-энемди багып жүргөнүмдө Мария аттуу жаш биртууган менен бир жыйналышта болчумун. Ал 1951-жылдын апрелинде, болгону, сегиз жашында ата-энеси менен кошо, биздей болуп, Молдавиядан Сибирге айдалыптыр. Мария менин ырдаганымды жактырарын айтып калды. Ошондон кийин достошуп калдык. Экөөбүз тең кызмат менен жүрсөк да, достугубузду бекемдөөгө убакыт тапчубуз. Ошентип, 1970-жылы баш коштук.

Көп өтпөй Лидия аттуу кыздуу болдук. Ал эми 1983-жылы Лидия онго чыгып калганда, мурун Күбө болуп жүргөн бирөө мен тууралуу КГБга билдирип коюптур. Ал кезде кыдыруучу көзөмөлчү катары кызмат кылганыма он жылдай болуп калган. Украинанын чыгышындагы жыйналыштарды кыдырчумун. Биздин рухий ишибиздин душмандары жалган күбөлөрдү таап келишкен экен — беш жылга кесилдим.

Түрмөдө мени башка Күбөлөрдөн бөлүп коюшту. Бирок бир нече жыл жалгыз болсом да, адамдар жасаган ал тоскоолдук мага Жахаба менен сүйлөшүүгө жолтоо боло алган жок. Кудайдын колдоосун ар дайым сезчүмүн. Анын үстүнө, камактагыларга кабар айтууга мүмкүнчүлүк издечүмүн. Акыры төрт жыл олтурганымдан кийин бошотулуп, Жахабага берилгендигин сактаган аялым менен кызыма кайтып келдим.

Кайра Молдавияга көчүү

Бир жыл Украинада турган соң, тажрыйбалуу, жетилген кызматчылар жетишсиз болуп жаткан Молдавияга биротоло көчүп бардык. Ал кезде Совет өкмөтү элге орун которууга көбүрөөк эркиндик берип калган. 1988-жылы Бельцы шаарына көчүп келдик. 37 жыл мурун Мария Сибирге айдала элегинде ошол жерде жашачу. Биз келгенде, Молдавиядагы чоңдугу боюнча экинчи орунда турган бул шаарда 375тей Күбө бар экен, азыр болсо алардын саны 1 500дөн ашты! Жашаган жерибиз Молдавия болсо да, мен Украинада кыдыруучу көзөмөлчү катары кызмат кылып жүрдүм.

1991-жылдын мартында уюмубуз Советтер Союзу боюнча расмий түрдө катталды. Ал кезде миллиондогон адамдардын коммунизмге байланыштуу үмүт-кыялдары ойрон болуп, көптөр келечекке бүдөмүк карап калышкан. Ошол себептүү, Молдавия көзкарандысыз мамлекет болгондо, кошуна-колоңдорубуз, ал эмес, мурун бизди куугунтуктагандар да чындыкка кызыга башташты. Күбөлөр 1951-жылы Молдавиядан сүргүнгө айдалганда, бул жакта бирин-серин гана Күбө калган. Ал эми азыр калкы 4 200 000дин тегерегиндеги бул чакан өлкөдө 18 000ден ашуун Күбө бар! Мындай эбегейсиз өсүш жана ага байланыштуу кубаныч тарткан азабыбыздын акыбетин кайтарууда.

1990-жылдардын ортосунда денсоолугум начарлап, кыдыруучу көзөмөлчүлүк кызматымды токтотууга туура келди. Кээде денсоолугума байланыштуу кыйынчылыктардан улам көңүлүм чөгөт. Бирок Жахабанын андай маалдарда бизди кантип жөлөп-таяшты билерине, өз учурунда кайраттандырып турарына эчен жолу көзүм жетти. Жашоомду кайра башынан баштоого мүмкүнчүлүгүм болсо, башкача өткөрөт белем? Жок. Кайра, мындан да эржүрөктүүлүк, жигердүүлүк менен кызмат кылмакмын.

Мен Жахабанын батасын сезем жана анын кызматчылары, кандай жагдайга туш болбосун, бата тийген эл экенин түшүнөм. Биз тунук үмүткө, күчтүү ишенимге ээбиз. Ошондой эле жакында адамдар Жахабанын жаңы заманында жашаарына жана ар бири жеткилең денсоолукка ээ болоруна толук ишенебиз.

[Шилтемелер]

^ 21-абз. 1951-жылдын апрелинин алгачкы жумаларынын дем алыш күндөрүндө Совет өкмөтү кылдат пландаштырылган операция өткөргөн. Натыйжада Советтер Союзунун батыш тарабында жашаган 7 000ден ашуун Күбөнү үй-бүлөлөрү менен поездге салып, миңдеген километр алыстагы чыгышка, Сибирге сүргүнгө айдашкан.

[21-беттеги сүрөт]

Торбадагы (Сибирь) үйүбүздүн жанында, 1953-жыл. Солдо — атам менен апам, оңдо — Василе байкем уулу менен.

Лагерде камактагы кезимде, 1955-жыл.

[23-беттеги сүрөт]

Сибирдеги рухий эже-карындаштарыбыз. Астынкы солдогу — Мария, 20 жашында.

Кызыбыз Лидия менен.

Үйлөнгөн күнүбүздө, 1970-жыл.

Мария экөөбүздүн азыркыбыз.