Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Археология Ыйык Китептин тактыгын далилдейби?

Археология Ыйык Китептин тактыгын далилдейби?

Археология Ыйык Китептин тактыгын далилдейби?

ЫЙЫК КИТЕПТИ изилдөөчүлөр археологияны баалашат. Анткени андагы ачылыштар аркылуу байыркы мезгилде жашаган адамдардын жашоосу, турмуш-тиричилиги, үрп-адаты жана тили тууралуу көбүрөөк маалымат алууга болот. Ошондой эле бул илим ыйык китептик пайгамбарлыктардын аткарылганын, маселен, байыркы Бабылдын (Вавилон), Нинебинин (Ниневия) жана Тирдин кулаганын далилдейт (Жеремия 51:37; Жезекиел 26:4, 12; Сепания 2:13—15). Бирок археология илиминин мүмкүнчүлүктөрү чексиз эмес. Табылгаларды чечмелөө зарыл; чечмелөөлөр болсо дайыма эле туура боло бербейт жана бир тараптуу да болуп калышы мүмкүн.

Ыйсанын жолдоочуларынын ишеними археологиялык табылга же урандыларга эмес, Ыйык Китепте камтылган бири-бирине шайкеш келген рухий чындыктарга негизделет (2 Корунттуктарга 5:7; Эврейлерге 11:1). Чынында эле, Ыйык Китептин өз ара шайкештиги, аны жазгандардын чынчылдыгы, аткарылган пайгамбарлыктар жана башка көптөгөн далилдер «Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылганын» көрсөтүп турат (2 Тиметейге 3:16). Ошентсе да, келгиле, Ыйык Китептин тактыгын далилдеген археологиялык кызыктуу бир нече ачылыштарды карап чыгалы.

1970-жылы археологдор казуу учурунда Иерусалимден күйгөн урандыларды табышкан. Археологдор тобунун жетекчиси Наман Авигад: «Имарат өрттөнүп кеткенин, анын төбөсү түшүп, дубалдары талкаланганын тажрыйбалуу адис бир карап эле билет»,— деп жазган. Бөлмөлөрдүн биринде тепкичти кармаган бойдон катып калган кол сөөгүнүн калдыгы [1] табылган.

Ал эми жерден чачылган тыйындар [2] табылган. Алардын эң байыркысы б.з. 69-жылына, жүйүттөрдүн Римге каршы көтөрүлүш чыгарганынын төртүнчү жылына, таандык. Буюм-тайымдар үй ураганга чейин эле чачылган. «Аларды көрүп биз дароо эле римдик аскерлер шаарга киргенде кандай талап-тоноочулук кылганы тууралуу жазган Флавийдин сөздөрүн эстедик»,— дейт Наман Авигад. Тарыхчылар римдиктер Иерусалимди б.з. 70-жылы талап-тоногонун ырасташат.

Изилдөөлөр табылган кол сөөгүнүн калдыгы 20—30 жаштардагы аял кишиники экенин көрсөткөн. Бир эмгекте: «Өрт башталганда, ал ашканада болчу. Аял чыга бериштеги эшиктин алдында тепкичке жетүүгө далалат кылып, жаткан жеринде өлгөн. Өрт абдан тез тараган... ошондуктан ал үйдөн чыга албай, урандылардын астында калган»,— деп айтылат («Biblical Archaeology Review»).

Бул Машайактын ошол окуяларга чейин Иерусалимге карата 40 жылдай мурун айткан: «Сенин... душмандарың... Сени талкалашат, балдарыңды өлтүрүшөт, таш үстүнө таш калтырышпайт»,— деген пайгамбарлыгын эсибизге салат (Лука 19:43, 44).

Ыйык Китептин ишенүүгө татыктуу экенин анда айтылган кишилердин ысымдары жазылган табылгалар да тастыктайт. Ал табылгалардын жардамы менен Ыйык Китепти жазуучулар айрым адамдарды ойдон чыгарган же аларды ашыра мактаган деп айткан сынчылардын мурунку ырастоолору жокко чыгарылган.

Ыйык китептик ысымдар кездешкен жазуулар

Белгилүү окумуштуулар бир кездерде Ыйык Жазманын Ышайа китебинин 20-бөлүмүнүн 1-аятында айтылган Ашурдун (Ассирия) падышасы Саргон IIни ойдон чыгарылган каарман деп эсептеп келишкен. Бирок 1843-жылы азыркы Хорсабадда (Ирак) Тигр дарыясынын куймасынын жанынан Саргондун аксарайы [3] табылган. Анын аянты 10 гектарды түзөт. Качандыр бир кезде дүйнөлүк тарыхтын көмүскөсүндө калган Саргон II жарыкка чыгып, илимде Ашурдун абдан атактуу башкаруучуларынын бири болуп калган. Ал өзүнүн анналдарынын (ар жылдагы олуттуу окуяларды каттоо) [4] биринде Ысрайылдын шаары Самарияны басып алганын айткан. Ыйык китептик хронологияга ылайык, Ашур Самарияны б.з.ч. 740-жылы басып алган. Ошондой эле ал Азотту каратып алганын да айткан; бул да Ышайа 20:1деги сөздөрдү тастыктап турат.

Байыркы Бабылды (азыркы Ирактын аймагы) казуу учурунда археологдор Иштардын дарбазаларынан анча алыс эмес жерден Небухаданасар (Навуходоносор) падышанын башкаруу мезгилине таандык шынаа сымал жазуулардан турган 300дөй таблица табышкан. Аларда жазылган тизмектеги ысымдардын арасында «Йахуд жеринин падышасы Йаукин» да кездешет. Ал Небухаданасар б.з.ч. 617-жылы Иерусалимди басып алганда туткундап кеткен жүйүттөрдүн падышасы Жайахинди билдирет (2 Падышалар 24:11—15). Тизмекте Жайахиндин беш баласынын ысмы да кездешет (1 Жылнаама 3:17, 18).

2005-жылы Дөөттүн аксарайы жайгашкан деп эсептелген жерди казууда археологдор таштан жасалган чоң курулуш табышкан. Ал болжол менен 2 600 жыл мурун Жеремия пайгамбардын убагында, бабылдыктар Иерусалимди басып алганда, талкаланган. Ал чынында эле Дөөттүн аксарайыбы, жокпу, белгисиз. Бирок Эйлат Мазар аттуу археолог кызыктуу бир нерсе тапкан. Туурасы 1 сантиметр болгон мөөрдүн изи бар чопонун сыныгында [5] мындай деп жазылган: «Шовинин уулу, Шэлэмйагунун уулу Йегухалуга таандык». Ал из жүйүттөрдүн Ыйык Китепте айтылган төрөсү Йегухалдын (Жейухал же Жухал), Жеремиянын душманынын, мөөрүнүн изи болушу мүмкүн (Жеремия 37:3; 38:1—6).

Мазардын айтымына ылайык, Жейухал «падышанын убагында экинчи» киши болгон. Падышанын төрөлөрүнүн ичинен ошол гана Сапан уулу Гемариядан кийинки инсан болуу сыймыгына ээ болгон. Дөөттүн шаарынан табылган мөөрдүн изинде Гемариянын ысмы да кездешет. Ыйык Китепте Шелемиянын (Шэлэмйагу) уулу Жейухал жүйүттөрдүн падыша төрөлөрүнүн катарында айтылат. Мурун бул киши тууралуу Ыйык Китепте гана айтылчу.

Ысрайылдыктар сабаттуу болгонбу?

Ыйык Китептен байыркы ысрайылдыктар сабаттуу болгонун биле алабыз (Сандар 5:23; Жашыя 24:26; Ышайа 10:19). Бирок сынчылар буга шек туудуруп, ыйык китептик тарых, негизинен, ишенүүгө болбой турган оозеки уламыштардан келип чыккан деп ырастап келишкен. Археологдор 2005-жылы Жер ортолук деңиздин жээги менен Иерусалимдин ортосунда жайгашкан Тель-Зайиттин жанынан акиташка жазылган, болжолу, байыркы эврей алфавитин [6] табышканда, андай ой төгүндөлгөн.

Б.з.ч. 9-кылымга таандык ал табылга, айрым окумуштуулардын айтымына караганда, Ысрайылда «атайын көчүрмөчүлөр үйрөтүлгөнүн», «ал жакта бийик маданият болгонун» жана «Иерусалимде иш кагаздары кеңири колдонулганын» көрсөтүп турат. Андыктан сынчылар кандай деп ырастабасын, ысрайылдыктар, бери дегенде эле, б.з.ч. 10-кылымда сабаттуу болушкан жана тарыхый окуяларды жаза билишкен.

Ашур булактарындагы далилдер

Бир убакта күчтүү болгон Ашур тууралуу Ыйык Китепте көп айтылат. Ошол империянын аймагынан табылган археологиялык көптөгөн табылгалар Ыйык Жазманын ишенүүгө татыктуу экенин тастыктап турат. Маселен, байыркы Ашурдун борбору Нинебинин ордун казуу учурунда Санхейрип (Сеннахерим) падышанын аксарайынан рельефтүү плита [7] табылган. Анда б.з.ч. 732-жылы Лакишти басып алган соң жеңилген жүйүттөрдү туткундап бараткан ашурлуктардын аскерлери тартылган. Ал окуяны 2 Падышалар 18:13—15-аяттардан окууга болот.

Нинебиден табылган Санхейриптин анналдарында [8] анын жүйүттөрдүн падышасы Хискиянын учурунда жортуулга чыкканы айтылат жана ошол анналдарда Хискиянын ысмы да кездешет. Шынаа сымал жазууларда бөлөк башкаруучулар, маселен, Жүйүт падышалары Ахаз менен Менаше, Ысрайыл падышалары Омри, Жейу, Жааш, Менахейим жана Ошуя тууралуу айтылат.

Санхейрип өзүнүн жылнаамаларында жеңиштери менен мактанат. Бирок белгилей кетчү нерсе, ал Иерусалимди басып алгандыгы тууралуу эч нерсе айтпайт. Бул Ыйык Китепке болгон ишенимибизди бекемдейт. Анткени Жазмада Санхейрип Кудайдан сокку жегендиктен шаарды курчай албай калганы жазылат. Ал Нинебиге маскара болуп кайтат жана Ыйык Китепке ылайык, аны ошол жерден өзүнүн балдары өлтүрүп салышат (Ышайа 37:33—38). Кызыктуусу, анын өлүмү тууралуу ашурлуктардын эки шынаа сымал жазуулары да күбөлөндүрөт.

Жахабанын пайгамбарлары Накум менен Сепания Нинеби тургундарынын мыкаачылыгы үчүн кыйратыларын алдын ала айтышкан (Накум 1:1; 2:8—3:19; Сепания 2:13—15). Алардын пайгамбарлыгы б.з.ч. 632-жылы Бабыл падышасы Набопаласар менен Мадай падышасы Киаксардын шериктеш аскерлери шаарды басып алганда аткарылган. Археологдор Нинебинин урандыларын таап, Ыйык Китептин ишенүүгө татыктуу экенин дагы бир ирет далилдешти.

1925—1931-жылдары Нузиде — Нинебинин түштүгүндө, Тигр дарыясынын чыгышында жайгашкан байыркы шаарда — казуу иштери жүргүзүлгөн. Ал жерде көптөгөн артефакттар (адам жасаган нерселер), алардын ичинде бабыл тилинде жазылган 20 000дей чопо таблица табылган. Ал жазмаларда көптөгөн майда-чүйдө маалыматтар, негизинен, Башталыш китебинде баяндалган уруу башчылардын учурундагыга окшош укуктук чечимдер камтылат. Андыктан үйбүлөлүк кудайлар, көпчүлүк учурда чоподон жасалган кичинекей фигуралар, мурас алууга болгон укукту далилдеген документ катары колдонулган. Жакып үйбүлөсү менен Лабандан кетип баратканда, Рахел атасына таандык үйбүлөлүк кудайларын же терафимдерин эмне үчүн алып алганын ушул каада-салттан улам түшүнүүгө болот. Анан, албетте, Лабан терафимдерин кайрып алууга аракет кылган (Башталыш 31:14—16, 19, 25—35).

Ышайанын пайгамбарлыгы жана Корештин (Кир) цилиндри

Байыркы чопо цилиндрлердеги шынаа сымал жазуулар Ыйык Китептеги дагы бир окуянын чын экенин далилдейт. Ал Корештин цилиндри [9] деп аталып калган шынаа сымал жазуулар менен жазылган документ Багдаддан 32 километр алыстыктагы Эфратта жайгашкан Сиппар аттуу байыркы шаардын ордунан табылган. Ал цилиндрде Улуу Кореш, Персия империясынын негиздөөчүсү, Бабылды кандайча басып алганы тууралуу жазылат. Болжол менен 200 жыл мурун Жахаба өзүнүн пайгамбары Ышайа аркылуу: «„Менин койчум, ал Менин бүт эркимди аткарат“,— деген, Иерусалимге: „Сен кайрадан куруласың!“» — деп айттырып, Мадай-Персиянын келечектеги башкаруучусунун аты Кореш болорун айттырган (Ышайа 13:1, 17—19; 44:26—45:3).

Кызыктуусу, шынаа сымал жазуулар Корештин өзгөчө саясаты, ага чейинки державалар тарабынан туткундалгандарды мекенине жибергени менен, бөлөк башкаруучулардан айырмаланганын күбөлөндүрүп турат. Кореш жүйүттөрдү бошотконун жана кийин жүйүттөр Иерусалимди кайра тургузганын ыйык китептик да, дүйнөлүк да тарых далилдейт (2 Жылнаама 36:23; Эзра 1:1—4).

Ыйык китептик археология салыштырмалуу жаңы болсо да, тарыхчыларга көптөгөн баалуу маалыматтарды берип турган илимдин маанилүү тармагы. Бул макаладан билгенибиздей, көптөгөн ачылыштар Ыйык Китеп майда-чүйдө нерселерде да так жана ишенүүгө татыктуу экенин көрсөтүп турат.

КОШУМЧА ИЗИЛДӨӨ ҮЧҮН

Ыйык Китеп бактылуу жана маңыздуу өмүр сүрүшүңөргө өбөлгө түзө алабы? Ушул маанилүү суроого «Ыйык Китеп — фактылардын жана пайгамбарлыктардын китеби» аттуу эки сааттык видеотасмадан жооп ала аласыңар. Ал тасмада кызыктуу дилмаектер да бар (32 тилде чыккан).

Библия слово Бога или человека?

Ыйык Китепте мифтер жазылбаганына жана анда карама-каршылыктар жок экенине байланыштуу көбүрөөк маалымат алгыңар келеби? Анда жазылган кереметтер чынында эле болду беле? Бул суроолорго жооп алуу үчүн 192 беттен турган ушул китепти окугула (56 тилде чыккан).

Ыйык китеп чынында эмнеге окутат?

19 бөлүмдөн турган изилдөөгө арналган бул китепте Ыйык Китептин негизги окуулары, Кудайдын жерге жана адамзатка байланыштуу ой-ниети тууралуу айтылат (162 тилде чыккан).

Ыйык китептик аңгемелер

Балдар үчүн арналган кооз сүрөттүү бул китеп 116 бөлүмдөн турат. Анда Ыйык Китепте жазылган окуялар жана адамдар тууралуу билдирүүлөр хронологиялык тартипте айтылат (194 тилде чыккан).

[18-беттеги сүрөт]

Coins: Generously Donated by Company for Reconstruction & Development of Jewish Quarter, Jerusalem Old City

Society for Exploration of Land of Israel and its Antiquities

[15–18-беттеги сүрөт]

3: Musée du Louvre, Paris; 4: Photograph taken by courtesy of the British Museum; 5: Gabi Laron/Institute of Archaeology/Hebrew University © Eilat Mazar

6: AP Photo/Keith Srakocic; 7, 8: Photograph taken by courtesy of the British Museum

Photograph taken by courtesy of the British Museum

Alexander the Great: Roma, Musei Capitolini