Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китептин талаптарына ылайык жашоо керекпи?

Ыйык Китептин талаптарына ылайык жашоо керекпи?

Жаштардын суроолору:

Ыйык Китептин талаптарына ылайык жашоо керекпи?

МЕКТЕПТИН ашканасында эки кыз менен тамактанып отурганыңды элестетсең. Алардын бирөө мектепке жаңы келген бир баланы көзүн албай карап жатат.

— Карасаң, сени жактырып калган окшойт,— дейт тиги кыздардын бири.— Жанатан бери көзү сенден өтүп жатат.

— Айтмакчы, анын кызы жок болуш керек,— дейт экинчи кыз сага шыбырай.

— Кап, жигитим болбосо, эчак «чаап» алмакмын,— дейт биринчиси.

Анан ал баягы эле сөзүн кайра баштайт:

— А эмнеге сенин эмдигиче жигитиң жок?

Ал кыздын ошентерин билгенсиң. Чын-чынына келгенде, сен деле жигитиң болушун каалайттырсың. Бирок нике курууга даяр боло элегиңде кимдир бирөө менен сүйлөшпөй туруу акылдуулукка жатарын көп жолу уккансың. «Мени кармаган...»

— Баягы эле диниңби? — дейт экинчи кыз оюңду бөлө.

— Тим эле оюмду окуп жаткансып айтты го,— дейсиң ичиңен.

— Ыйык Китептен башка эч нерсе билбейсиң. Кээде анча-мынча көңүл ачып койсоң эмнеси бар экен? — дейт ал намысыңа тие.

Ыйык Китептин талаптарына ылайык жашоого аракет кылганың үчүн ушундай жагдайга кабылган учуруң болду беле? Ошондо сен эмне кылдың эле?

▪ Адеп-ахлактуулукка байланыштуу көзкарашыңды чечкиндүүлүк менен айткансың.

▪ Өзүңдү ыңгайсыз сезсең да, көзкарашыңды колуңан келишинче түшүндүргөнсүң.

▪ Досторуңдун ою туура көрүнүп, өзүңдү көп нерседен куру калып жаткандай сезгенсиң.

«Ыйык Китептин талаптарына ылайык жашоонун кереги барбы?» — деп ойлонгон учурларың болду беле? Дебора * аттуу жаш кыз өзү жөнүндө мындай дейт: «Менин курбуларым эмнени каалашса, ошону кылышчу. Аларга эч ким, эч нерсе дебечүдөй көрүнчү. Ошон үчүн мен өзүмдү Ыйык Китептин талаптары менен тушалып калгандай сезип, курдаштарымдын эркин жашоосуна суктанчумун».

Шектенүү туура эмеспи?

Ыйык Китепти жазууга катышкан Асаптын Кудайга жаккан жол менен жүрүүнүн тууралыгына шектенген учуру болгон. «Кудайсыздардын жыргал турмушун көрүп, акылсыздарга суктандым»,— деп жазган ал. Атүгүл: «Анда мен жүрөгүмдү бекер эле тазаладымбы? Колумду айыпсыздыгым менен бекер эле жуудумбу?» — деп күмөн санаган (Забур 72:3, 13).

Ооба, Жахаба Кудай адамдардын анын талаптары боюнча жашоонун маанилүүлүгүнө кээде шектенерин түшүнөт. Муну биз Асаптын сезимдеринин Ыйык Китепке жазылганынан билсек болот. Бирок Асап кийин Кудайдын мыйзамдары боюнча жашоодон өтөрү жок экенин түшүнгөн (Забур 72:28). Эмнеден улам ал ушундай жыйынтыкка келген? Асап акылдуу адам болгон. Ал өз башынан ар кандай кыйынчылыктарды өткөргөндүктөн эмес, башкалардын жаңылыштыгынан сабак алгандыктан ушундай жыйынтыкка келген (Забур 72:16—19). Сен да башкалардын жаңылыштыгынан сабак ала аласыңбы?

Чынында кандай?

Асаптан айырмаланып, Дөөт Кудайдын талаптарына кайдыгер мамиле кылгандардын азап тартарына өз тажрыйбасынан улам ынанган. Дөөт өз кызматчысынын аялы менен ойноштук кылып, кылмышынын изин жашырууга аракеттенген. Натыйжада Кудайдын да, башкалардын да жүрөгүн оорутуп, өзү да кыйналган (2 Шемуел 11:1—12:23). Дөөт өкүнгөндөн кийин, Жахаба, биз пайда алышыбыз үчүн, анын сезимдерин Ыйык Китепке ыр түрүндө жаздырып койгон (Забур 50:1—21; Римдиктерге 15:4). Ошондуктан башкалардын жаңылыштыгынан өзүбүзгө сабак алуу акылдуулукка жатат. Буга бизди Ыйык Китеп да үндөйт.

Асаптан үлгү алуу, ал эми Дөөттүн каталарын кайталабоо үчүн ар кайсы өлкөдөгү жаштардын айткандарын карап чыгалы. Алар Ыйык Китептин талаптарын бузуп, никеге чейинки жыныстык мамиледе болушкан. Бирок, Дөөткө окшоп, кылган иштерине өкүнүшүп, Кудайдын алдында кайрадан таза абийирге ээ болушкан (Ышайа 1:18; 55:7). Төмөндө алар менен курулган маек келтирилди.

«Ойгонгула!»: Андай ишке барууга сага эмне түрткү берди эле?

Дебора: «Мен мектептен баарынын эле кызы же жигити бар экенин көрчүмүн. Мага алар бактылуудай сезилчү. Алар менен чогуу жүргөндө жана алардын кучакташып, өбүшүп жатканын көргөндө жалгызсырап, ичим күйчү. Мага жаккан бала жөнүндө кыялга батып, кечке отура берген учурларым көп болгон. Ан сайын аны менен чогуу болгум келчү. Ошол максатыма жетиш үчүн баарына даяр элем».

Майк: «Мен гезит-журналдардан секс жөнүндө окучумун, телевизордон да көрчүмүн. Анын үстүнө, досторум менен секс жөнүндө сүйлөшкөн сайын кызыгуум арта берчү. Кайсы бир кыз менен жалгыз калганда, экөөбүз жөн гана кучакташып-өбүшүп, бирок жыныстык катнашка барбайбыз деп ойлочумун. Анткени өзүмдү кармай алам дечүмүн».

Эндрю: «Мен үчүн Интернеттен порнография көрүү адат болуп калган. Ичимдикти да көп иче баштагам. Ыйык Китептин талаптарына сый-урмат көрсөтпөгөн балдар менен отуруштарга да көп барчумун».

Трейси: «16 жашымда эси-дартымдын баары эле сүйлөшкөн жигитим менен чогуу болуу болчу. Никеге чейин жыныстык катнашта болуу туура эмес экенин акылым менен түшүнсөм да, аны жек көрчү эмесмин. Жыныстык мамиледе болоюн деген деле оюм жок болчу, бирок сезимдерим ээ бербей кетчү. Бир канча убакытка абийирим эч нерсени сезбей калган».

«Ойгонгула!»: Ошондой жашоо өткөрүп жүргөндө өзүңдү бактылуу сезчү белең?

Дебора: «Башында мен өзүмдү көксөгөн эркиндигиме жеткендей сезип, курдаштарым катары жашап жатканыма кубангам. Бирок кубанычым көпкө созулган жок: абийирим булганып, тазалыгымдан айрылганым үчүн жашоомдун маңызы кеткендей сезиле баштады. Кайра кайрып алгыс кыз атыман айрылганыма ичим ачышып, туталанчумун. Ошондон кийин: „Кайсы арыма мен мынчалыкка бардым. Мага эч нерсе болбочудай ойлоптурмун да... Эмнеге, эмнеге Жахабанын сүйүүсүнө негизделген талаптарын четке кактым?!“ — деп өзүмдү жемелеп жүрдүм».

Майк: «Кыймылдап жүргөнүм эле болбосо, өзүмдү өлүктөй сезип калгам. Кылган иштеримдин башкаларга тийгизген таасирин ойлобой эле коёюн дедим, бирок анте алган жокмун. Өзүм кумарга батам деп, башкаларды кайгыга салганымды ойлогон сайын кыйнала бердим. Уйкум качты. Акыр-аягы, адеп-ахлаксыздык мага эч кандай канааттануу алып келбей калды. Абийирим кыйнап, жаныма жай таба албай калдым».

Эндрю: «Бузукулук жасоо мен үчүн барган сайын оңой болуп калды. Бирок ошол эле учурда өзүмдү айыптуу сезип, өзүмдү өзүм сыйлабай калдым».

Трейси: «Көп узабай ачуу чындык кокодон алды. Адеп-ахлаксыздык жаштыгымды бүлдүрдү. Жигитим экөөбүз жыргалга батабыз деп ойлогом. Бирок андай болгон жок. Тескерисинче, бири-бирибизге кайгы, жүрөк оруу алып келдик. Жахабаны укпай койгонума өкүнүп, көзүмдүн жашын жаздыкка төккөн түндөрүм болду».

«Ойгонгула!»: Ыйык Китептин талаптарынын пайдалуу экенине шектенип жаткандарга кандай кеңеш берет элең?

Дебора: «Ыйык китептик талаптарды четке кагуудан жашооң жакшырып кетпейт. Жахабанын кеңештерин бузсаң, кесепети кандай болору тууралуу терең ойлон. Ал эми кеңештерине кармансаң, анын кандай сезимде болорун ойло. Жасаган иштериңдин азабын жалгыз эле сен тартпаарыңды эстен чыгарба. Анын айынан башкалар да капаланат. Бирок, Кудайдын кеңештерине кайдыгер мамиле кылсаң, албетте, биринчи кезекте өзүңө эле жаман».

Майк: «Ооба, досторуңдун жашоосу, бир караганда, кызыктуудай сезилет. Бирок бир нерсе кылардан мурун жакшылап ойлонуп көр. Өзүңдү сыйлоо сезимиң жана тазалыгың Жахабанын берген эң баалуу белектери. Ал белектерди, өзүңдү башкара албай, тепсендиге калтыруу өзүңдү арзан баага сатканга барабар. Ата-энең менен же турмуштук тажрыйбасы бар башка адамдар менен көйгөйлөрүң тууралуу сүйлөш. Эгер жаңылыштык кылып алсаң, создуктурбай ал жөнүндө ачык айтып, жагдайды оңдоого аракет кыл. Баарын Жахаба айткандай кылсаң, жандүйнөң тынч болот».

Эндрю: «Турмуштук тажрыйбаң аз болгондуктан, теңтуштардын жашоосу кызыктуу болуп көрүнө берет. Алардын көзкарашы сага таасир этпейт деп ойлобо. Ошондуктан дос тандоодо кыраакы бол. Жахабага таян, ошондо өткөн-кеткенди эстеп башыңды мыкчыбайсың».

Трейси: «„Мындай нерсе менин башыма келбейт“,— деп ойлоодон алыс бол. Апам мени отургузуп алып, жүрүм-турумумдун аягы эмне болуп бүтөрүн ачык эле айткан. Ошондо мен аябай таарынгам. Жаман оюмда, өзүмдү апама караганда акылдуураак көргөм. Бирок андай эмес экен... Жахабанын талаптарына карманып жашагандардын арасында болуп, өзүң да ошол талаптарга кармансаң, чындап бактылуу болосуң».

Ыйык Китептин талаптары кишендейби же коргойбу?

Ыйык китептик талаптарга ылайык жашоого аракет кылгандыгың үчүн теңтуштарың шылдыңдашса: «Эмне себептен алар Ыйык Китептин адеп-ахлактыкка байланыштуу мыйзамдарын четке кагып жатышат? Алар Ыйык Китепти өздөрү окуп көрүп, Кудайга тил алуу канчалык пайдалуу экенин текшерип көрүштү беле? Ал талаптарды четке кагуунун кесепеттери тууралуу терең ой жүгүртүшөбү? Же, тескерисинче, жөн гана көпчүлүк жасаганды жасап жатышабы?» — деп ойлонуп көр.

Балким, сен «көпчүлүктү ээрчиген» адамдарды билет чыгарсың (Чыгуу 23:2). Алардай болуп жашагың келеби? Жок, алардай болгум келбейт десең, эмне кылышың керек? «Кудайдын жакшы, Өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экендигин таанып билүү үчүн» ыйык китептик кеңештерге бекем карман (Римдиктерге 12:2). Жахаба «бактылуу Кудай» жана ал сенин да бактылуу болушуңду каалайт (1 Тиметейге 1:11, «ЖД»; Насаатчы 11:9). Ыйык Китептеги талаптар сенин пайдаң үчүн жазылган. Албетте, аларды эркиндигиңе чек койгон кишен катары карашың мүмкүн. Бирок, чын-чынына келгенде, Ыйык Китептин адеп-ахлактуулукка байланыштуу мыйзамдары көп жактан коргойт.

Ооба, Ыйык Китепке таянсаң болот. Эгер сен андагы талаптар боюнча жашоону чечсең, анда Жахабаны кубанткандан тышкары, өзүңө көп пайда алып келесиң (Ышайа 48:17).

[Шилтемелер]

^ 17-абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлүп берилди.

ОЙЛОНУП КӨР

▪ Ыйык Китептин талаптары боюнча жашоо эмне себептен сага кыйынга турушу мүмкүн?

▪ Кудайдын мыйзамдары боюнча жашоодон өтөрү жок экенине шектенбешиң эмне себептен маанилүү?