Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2. Ачык жана чынчылдык менен жазылган

2. Ачык жана чынчылдык менен жазылган

Ыйык Китепке эмне себептен ишенүүгө болот?

2. Ачык жана чынчылдык менен жазылган

Чынчылдык ишеним артууга негиз берет. Чынчылдыгы менен белгилүү кишиге ишенүү оңой, бирок бир эле жолу калп айтуу менен ал ишенимден чыгып калышы мүмкүн.

ЫЙЫК КИТЕПТИ жазгандар билдирүүлөрдү ачык-айрым жазган чынчыл адамдардан болушкан. Алардын чынчылдыгы бизди Ыйык Китепте жазылгандардын чындык экенине ынандырат.

Каталар менен кемчиликтер. Ыйык Китепти жазгандар өздөрүнүн каталарын, алсыздыктарын ачык эле мойнуна алышкан. Алсак, Муса ката кетирип, анын кесепетин тартканын жазган (Сандар 20:7—13). Асап болсо кайсы бир учурда кудайсыздардын жыргал турмушуна суктанганын айткан (Забур 72:1—14). Жунус өзүнүн тил албастык көрсөткөнүн, Кудайдын өкүнгөн күнөөкөрлөргө ырайым кылганына алгач капа болуп туталанганын билдирген (Жунус 1:1—3; 3:10; 4:1—3). Ал эми Матай Ыйсаны камакка алышкан түнү аны таштап, качып кеткенин ачык эле жазган (Матай 26:56).

Эврей Жазмаларынын жазуучулары ысрайыл элинин кайра-кайра наалыганын, Кудайга каршы чыкканын ашкерелеген (2 Жылнаама 36:15, 16). Алар атүгүл өз элинин башкаруучуларынын каталарын да ачык айткандан тартынган эмес (Жезекиел 34:1—10). Ошо сыяктуу эле, элчилердин каттарында Ыйсанын б.з. 1-кылымындагы айрым жолдоочуларынын, жадагалса жыйналышта жоопкерчиликке ээ болгондордун жана бүтүндөй жыйналыштардын көйгөйлөрү ачык-айрым жазылган (1 Корунттуктарга 1:10—13; 2 Тиметейге 2:16—18; 4:10).

Болгонун болгондой баяндоо. Ыйык Китепти жазгандар өздөрүнө жагымсыз болсо да, баарын болгонун болгондой баяндашкан. Ыйсанын биринчи кылымдагы жолдоочулары дүйнөдөгү адамдар аларды жек көргөнүн, акылсыз, тексиз деп эсептегенин жашырышкан эмес (1 Корунттуктарга 1:26—29). Ошондой эле Ыйык Китепте Ыйсанын элчилерин «окубаган, жөнөкөй адамдар» катары карашканы белгиленет (Элчилер 4:13).

Инжилди жазгандар Ыйсаны өтө эле мактап, маалыматты бурмалашкан эмес. Алар Ыйсанын малдын акырында төрөлүп, карапайым үйбүлөдө чоңойгонун, ошол учурдун беделдүү мектептеринде окубаганын жана аны уккандардын көбү айткан кабарын четке какканын чынчылдык менен жазышкан (Матай 27:25; Лука 2:4—7; Жакан 7:15).

Ошентип, Ыйык Китепти чынчыл кишилер жазганына көп далилдер бар экенин көрдүк. Алардын мындай чынчылдыгы Ыйык Жазмага ишенүүгө түрткү бербейби?

[6-беттеги сүрөт]

Ыйык Китептин жазуучулары, Жунустай болуп, өздөрүнүн каталары жөнүндө жазышкан