Балдар интернетти колдонууда. Ата-энелер эмне кылса болот?
Балдар интернетти колдонууда. Ата-энелер эмне кылса болот?
АТА-ЭНЕ катары силер эмнеге көбүрөөк тынчсызданат элеңер: балаңардын же кызыңардын машиненин ачкычын алганынабы же Интернетке кирүүгө чектелбеген мүмкүнчүлүгү бар экенинеби? Албетте, экөө тең коркунучтуу жана экөө тең силерге жоопкерчилик артат. Ата-энелердин өмүр бою эле балдарына машине айдоого тыюу салып жүрө албай турганы чын. Бирок аларды машинени коопсуз айдоого үйрөтө алышат. Ошо сыяктуу эле, көптөгөн ата-энелер балдарын Интернетти туура колдонууга үйрөтүшөт. Бул жагынан ыйык китептик төмөнкү принциптерди колдонуу жакшы жардам берет.
«Ар бир эстүү адам акыл менен иш кылат» (Накыл сөздөр 13:16). Балдары Интернетке чыгууга мүмкүнчүлүгү бар ата-энелер Интернетке байланыштуу негизги нерселерди билип алышы зарыл. Ошондой эле балдарынын форумдардан ким менен кабарлашып жатканын, веб-барактарын эмне үчүн окуп жатканын жана негизи эле, Интернетти кандай максатта колдонорун билиши маанилүү. «Интернетти түшүнүп-билгидей жаш эмесмин дебегиле,— дейт эки баланын энеси Марша.— Жаңы техника тууралуу көбүрөөк билүүгө аракет кылгыла».
«Кимдир бирөө үйүңдүн үстүнөн кулап түшпөшү үчүн... үйүңдүн үстүнө тегерете тосмо жасап кой» (Мыйзам 22:8). Интернет кызматтары менен камсыз кылган мекемелер ата-энелерге компьютердин бетине ар кандай сүрөттөрдүн, маалыматтардын чыгышына бөгөт койгон жана зыяндуу сайттардан коргогон программаларды сунуш кыла алышат. Ошондой эле буга өбөлгө түзгөн атайын программалык жабдыктар да бар. Булар «тосмо» катары кызмат кыла алат. Кээ бир программалар балдарды өздөрү тууралуу маалымат берүүдөн, маселен, аты-жөнүн, дарегин айтып коюудан сактайт. Бирок алар балдарды толук коргой турганына кепилдик бербейт. Андан тышкары, компьютерди жакшы билген чоңураак балдар андай тоскоолдуктардан айланып өтүүнүн амалын таап алышат.
«Обочолонгон адам өз каалаганын кылгысы келет, бардык туура нерсеге каршы чыгат» (Накыл сөздөр 18:1, «ЖД»). Улуу Британияда жүргүзүлгөн изилдөө көрсөткөндөй, 9—19 жашка чейинки балдардын дээрлик ар бир бешинчиси өздөрүнүн бөлмөсүнөн Интернетке туташа алышат. Компьютердин көзгө көрүнүктүү жерде турганы ата-энелерге балдарынын Интернетте эмне кылып жатканына көз салууга жардам берет. Ошондо балдар өздөрү да зыяндуу сайттарга кирүүгө даабайт.
«Кандай жашап жатканыңарга жакшылап көңүл буруп, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла. Убакытты пайдалана билгиле, анткени катаал күндөрдө жашап жатабыз» (Эфестиктер 5:15, 16). Балдарыңар Интернетти качан колдоно аларын, ага канча убакыт короторун жана кайсы сайттарга кирсе болорун, кайсыларга кирбеши керектигин чечип, ал эрежелерди балдарыңар менен талкуулагыла. Балдарыңардын аларды жакшы түшүнгөнүнө ынангыдай болгула.
Албетте, балдарды дайыма көзөмөлдөп жүрүү мүмкүн эмес. Андыктан балдарыңар силер жокто да туура чечим чыгара алышы үчүн, аларга адеп нормаларын үйрөткөнүңөр маанилүү * (Филипиликтер 2:12). Балдарыңарга Интернетти колдонууга байланыштуу койгон эрежелериңерди буза турган болсо, кандай жаза аларын айкын түшүндүргүлө. Анан айтканыңарды аткаргыла.
«[Жакшы эне] өз үйүндөгү чарбасына көз салат» (Накыл сөздөр 31:27). Балдарыңардын Интернетти кандай колдонуп жатканын көзөмөлдөп тургула жана аларга дайыма көз саларыңарды айткыла. Бул баланын жеке жашоосуна кийлигишкендикке жатпайт. Себеби Интернетти бардык эле адамдар колдоно алат. Федералдык тергөө бюросу (АКШ) ата-энелерге балдарынын Интернетте эмне кылып жатканын жана электрондук почтасын, кирген сайттарын (арасынан тандап) текшерип турууну кеңеш кылат.
«Сени эстүүлүк сактап жүрөт, акыл кайтарып жүрөт, жаман жолдон, жалган айткан адамдан сактайт» (Накыл сөздөр 2:11, 12). Балдардын Интернетти кандай колдонуп жатканын көзөмөлдөө эле жетишсиз. Балдарыңарды коргош үчүн аларды адеп нормаларына үйрөткөнүңөр жана үлгү көрсөткөнүңөр абдан маанилүү. Ошондуктан Интернеттин коркунучтуу жактарын балдарыңар менен талкуулоого убакыт бөлгүлө. Балдар менен ачык пикирлешүү — аларды Интернеттеги коркунучтардан коргоонун эң жакшы жолу. Том аттуу Жахабанын Күбөсү мындай дейт: «Биз эки балабыз менен тең Интернеттеги „жаман“ кишилер тууралуу сүйлөшкөнбүз. Ошондой эле порнография деген эмне экенин, аны эмне үчүн четке кагыш керектигин жана эмне себептен бейтааныш кишилер менен эч качан байланыш түзбөө керектигин да түшүндүрүп бергенбиз».
Силер балдарыңарды коргой аласыңар
Балдарды Интернетти колдонуудагы коркунучтардан сактоо күч-аракетти талап кылат. Анын үстүнө, Интернетке чыгууга көмөк кылган техникалык шаймандардын улам жаңысы пайда болууда. Андай жаңы технологиялар көп мүмкүнчүлүктөрдү бергени менен, балдарга чоң коркунуч туудурат. Анда ата-энелер канткенде балдарын алдыдагы кыйынчылыктарга даярдай алышат? Ыйык Китепте мындай делет: «Анын [акылмандуулуктун] далдаасында болуу — күмүштүн далдаасында болууга барабар» (Насаатчы 7:12).
Ошон үчүн балдарыңарга акылдуу болууга жардам бергиле. Андан тышкары, аларга Интернеттеги «капастардан» канткенде качууга болорун түшүнүүгө жана аны колдонууга жоопкерчиликтүү кароого көмөк кылгыла. Ошондо Интернет балдарыңарга зыян алып келбейт.
[Шилтемелер]
^ 7-абз. Ата-энелер балдардын чөнтөк телефондор, көтөрүп жүрсө боло турган электрондук түзүлүштөр аркылуу, атүгүл видео-оюндарын ойноп жатып эле Интернетке чыга аларын унутпашы керек.
[8-беттеги сүрөт]
Улуу Британияда Интернетти колдонгон 9—19 жашка чейинки балдардын 57 пайызы жума сайын порнографияга кабылышат. Бирок балдарынын Интернеттен порнография көргөнүнө ата-энелердин 16 пайызы гана ишенет
[9-беттеги сүрөт]
Адистердин ою боюнча, Интернеттеги чаттарда жана таанышуу сайттарында күн сайын 750 000ден ашык ниети бузук киши «тинтип жүрөт»
[9-беттеги сүрөт]
Кошмо Штаттарда 12—17 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн 93 пайызы Интернетти колдонушат
[9-беттеги сүрөт]
Балдарыңарды Интернетти колдонууда жоопкерчиликтүү болууга үйрөтө аласыңарбы?