Европадагы алптардын доору
Европадагы алптардын доору
ИТАЛИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН
ЖУМУШЧУЛАР 1932-жылы Римдеги Колизейдин жанында жол салып жатышканда, алардын биринин күрөгүнүн учуна таштай катуу бир нерсе урунат. Көрсө, ал пилдин азуу тиши менен баш сөөгү экен. Ошол табылга биринчи жана акыркы эмес эле. Андай сөөктөрдүн табылгандыгы жөнүндөгү эң биринчи документ 17-кылымга таандык. Кийинчерээк пилдин катыган сөөктөрүнүн 140ка жакыны Римдин өзүнөн жана анын тегерек-четинен казылып алынган.
Көптөр ошол сөөктөрдү Римге алынып келинген же Карфаген генералы Ганнибал аркылуу келген пилдердин сөөктөрү деп ойлошот. Мындай божомолдоолорду Витербодогу (Италия) табигый илимдеринин профессору жана дин кызматчы Ж. Б. Пьянчани негизсиз деп эсептейт. Себеби андай сөөктөрдүн көбү суу, дайра, кыян менен агып келип топтолгон тоо тектеринин сыныктарынан турган чөкмөлөрдө табылган.
Андыктан Ж. Б. Пьянчанинин ою боюнча, жаныбарлар башка жакта өлүп, сөөктөрү тек гана дайра, кыян аркылуу агып келген.Италияда табылган пилдердин ошол сөөктөрү азыркы учурдагы пилдердин сөөктөрүнөн кыйла айырмаланат. Алар байыркы пилдердин жок болуп кеткен түрлөрүнө (Elephas antiquus) таандык. (15-бетти карагыла.) Ал пилдердин ууртунан чыгып турган узун, түз азуу тиштери болгон жана боюнун бийиктиги дээрлик беш метрге жеткен. Башкача айтканда, алар азыркы пилдерден эки метрге чоң келишкен.
Алптар кайсы жерлерди байырлашкан? Табылган сөөктөргө караганда, алар, «жакын туугандары» мамонттор сыяктуу эле, бүткүл Европа аймагында жана Англияда жашашкан. Баарынан кызыгы, бир эле жерден жалгыз эле пилдердин сөөктөрү эмес, башка жаныбарлардын, атүгүл бири-бирине кас жаныбарлардын да калдыктары табылган.
Гиенадан гиппопотамга чейин
Борбордук Италиядагы Лацио облусунан (ага Рим шаары да кирет) табылган жаныбарлардын катыган сөөктөрүнөн көрүнүп тургандай, кайсы бир убактарда Италиянын климаты Африканыкына көп жагынан окшош келген. Андыктан ал жакта гиппопотамдар, газелдер жана мышык сымалдар тукумуна кирген жаныбарлар жашаган. Маселен, Римдин так борборунан «Монте Сакро кабыланы» деп атап коюшкан мышыктын сөөгү табылган. Ал эми Римден анча алыс эмес жайгашкан Полледрара айылынан табылган 9 000ден ашуун сөөктөрдүн арасында байыркы пилдердин, буйволдордун, бугулардын, куйругу жок
макакалардын, кериктердин жана болжолу, төрт кылым мурун тукум курут болуп кеткен жапайы турлардын катыган сөөктөрү табылган. Ал жакка келгендер сөөктөр жаткан жерди өз көзү менен көрүш үчүн ошол жердин тегерегин тосуп, музейге айлантып коюшкан. (16-бетти карагыла.)Сицилиядагы Палермонун жанындагы үңкүрдөн ар кандай жаныбарлардын тонналаган калдыктары, анын ичинде бугунун, буйволдун, пилдердин жана ар кайсы курактагы, атүгүл курсакта жатып өлгөн гиппопатамдардын катыган сөөктөрү табылган. Ошол сөөктөрдүн 20 тоннасы табылганынан 6 ай өткөндөн кийин эле сатыкка коюлган.
Палеонтолог Ж. Мэнсон Валентайн да Англиянын түштүгүнөн жогору жакта айтылган жаныбарлардын, ошондой эле гиеналардын жана ак аюулардын сынган сөөктөрү жаткан чөкмөлөрдү таап алган. Калдыктар жаткан чөкмөлөрдүн планетанын ар кайсы жерлеринде табылганын кантип түшүндүрүүгө болот?
Айрым окумуштуулардын айтымында, жаныбарлардын өлүшүнө кандайдыр бир табигый кырсык себеп болгон. Жаныбарлардын массалык кырылып жок болуусунун себеби кандай болбосун, Жер шарынын бир топ аймагын — Европа дүйнө бөлүгүн, Британ аралдарын, Сибирди жана Алясканы — мүңкүрөткөн.
Палеонтологиялык билдирүүлөрдөн кайсы бир убактарда дүйнөнүн климаты азыркы убактагыдан кыйла айырмаланганын биле алабыз. Алсак, бир канча кылымдар мурун Италияда жашасаңар, анда өзүңөрдү куду Африканын өзүндө жүргөндөй сезмексиңер.
[17-беттеги сүрөт]
ТАШКА АЙЛАНГАН ЖАНЫБАР СӨӨКТӨРҮ
Алар жөн гана кадимки сөөктөр эмес, чиригенге чейин химиялык процесстерден улам катып сакталып калган сөөктөр.
Негизинен, сөөктөрдүн чирибей сакталып калышы минералдашуунун аркасында болот. Бул процесс учурунда сөөктөгү органикалык заттар толугу менен же жарым жартылай жер кыртышындагы минералдык заттар менен орун алмашат. Мындан көрүнүп тургандай, жаныбардын сөөгүнүн катып сакталып калышы өзгөчө бир шарттардан көз каранды. Алар чирип кетпеши үчүн жаныбардын сөөгү тезинен көмүлүшү, ошондой эле жер кыртышы минералдарга бай жана жетишерлик нымдуу болушу керек. Эгер өлгөн жаныбардын сөөгү көмүлбөй сыртта калса же ит-кушка жем болот, же чирип жок болот. Андыктан сөөктүн катып ташка айланып калышы абдан сейрек кездешүүчү процесс.
[17-беттеги кутуча/сүрөт]
ТҮНДҮК ЖАРЫМ ШАРЫН МЕКЕНДЕГЕН МАМОНТТОР
Казылып алынган сөөктөрдөн түктүү мамонттордун Азияда, Европада жана Түндүк Америкада жашаганын билүүгө болот. Кыязы, Европаны байыр алган жаныбарлардын мекени Италия менен чектелсе керек.
Көлөмү азыркы Азия пилдериндей зор келген түктүү мамонттордун жүнүнүн узундугу жарым метрге жетчү, ал эми эркек мамонттордун беш метрге жеткен узун азуу тиштери болгон. Мамонттордун сөөктөрү Сибирде ушунчалык көп табылгандыктан, ал орто кылымдан тартып азыркыга чейин Кытайга жана Европага экспорттолуп келген.
[Булак]
Top: Museo di Paleontologia dell’Università degli Studi “La Sapienza” di Roma; bottom: © Comune di Roma - Sovraintendenza Beni Culturali (SBCAS; fald. 90, fasc. 4, n. inv. 19249)
[16, 17-беттеги сүрөт]
Полледрарадан табылган сөөктөр
[Булак]
Soprintendenza Archeologica di Roma
Photo courtesy of the Royal BC Museum