Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Коргошундан уулануудан сак бол!

Коргошундан уулануудан сак бол!

Коргошундан уулануудан сак бол!

Акыркы жылдарда өкмөттөр тарабынан айрым буюмдарды, алсак, оюнчуктарды, зергер жасалгаларын сатууга тыюу салынган. Анткени андай буюмдарда коргошундун деңгээли абдан жогору экени аныкталган. Кичинекей балдар, адатта, оюнчуктарды дароо оозуна салууга жакын келгендиктен, сак болуу зарыл. Себеби коргошун борбордук нерв системасы өрчүп бүтө элек балдардын, айрыкча, алты жашка чейинки балдардын ден соолугуна өтө коркунучтуу.

ЖОНС Хопкинс жана Блумбергдин Саламаттыкты сактоо университетинде жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, коргошун мээнин жана акыл-эс жөндөмүнүн өрчүшүнө зарыл болгон белоктун иштелип чыгышын жайлатат. Изилдөө көрсөткөндөй, чоңдордун канына коргошун 10—15 эле пайыз сиңсе, кичинекей балдардыкына 50 пайызга чейин сиңет.

Акыркы изилдөөлөрдөн өкмөттөр тарабынан коргошундун зыяндуу эмес деп белгиленген деңгээли да адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурары аныкталган. Кошмо Штаттардын Кырсыкты алдын алуу боюнча улуттук кеңеши билдиргендей, балдардын коргошундан ууланып калышы алардын «окуу, угуу жөндөмдүүлүгүнүн, көңүл топтоосунун, жүрүм-турумунун начарлашына, боюнун жай өсүшүнө жана бөйрөктөрүнүн жабыркашына алып келет». Коргошун түйүлдүккө да өтө чоң зыян алып келгендиктен, боюнда бар аялдар өзгөчө сак болушу керек *.

Коргошун менен капталган чопо идиштерде жасалган тамак-аш менен суусундук ден соолукка зыян алып келет. Мындай идиштер Азиянын жана Латын Американын айрым бөлүктөрүндө колдонулат. Айрым учурларда суу муздак туруш үчүн аны чопо идиштерге, ал эми ысык суусундуктарды коргошун менен капталган идиштерге куюшат. Мехико шаарында беш жашка чейинки балдарды изилдешип, бир жарым жаштан жогорку балдардын дээрлик жарымынын организминде коргошундун деңгээли өтө көп экенин аныкташкан. Анын себеби ата-энелердин балдарга коргошун менен капталган идиштерге тамак жасап бергенинде болгон. Коргошун менен капталган чопо идиштер айнектей болуп жылмакай болуп калат, бирок андай идиштерди ысытуу же аларда жашылча-жемиштерди сактоо коргошундун бөлүнүп чыгышына алып келет.

Уулануунун дагы башка себептери

Акыркы жылдары өнүккөн өлкөлөрдүн көбүндө курамында коргошун бар күйүүчү майларды колдонууга чектөө коюлса да, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДССУ) билдиргендей, жүзгө жакын өлкөлөрдө андай күйүүчү майлар дагы деле колдонулуп жатат. Коргошун — акырына чейин бөлүнүп жок болуп кетпеген жана күйбөгөн элемент. Андыктан машинелерден чыккан газдагы коргошун чоң жолдордун жээгиндеги топуракка сиңип калат. Анан ал жел же бут кийимге жабышкан топурак аркылуу үйлөргө кирет.

Коргошундун колдонулушуна чектөөлөр коюлганга чейин курамында коргошун бар сыр-боёктор колдонулуп келген. Кошмо Штаттарда эле үйлөрдүн 40 пайызы, башкача айтканда, орто эсеп менен 38 миллион үй коргошун кошулган сыр-боёктор менен сырдалган. Сырдын убакыттын өтүшү менен үбөлөнүшүнөн же оңдоо иштеринде чаң менен кошо бөлүнүп чыккан коргошун адамдын организми үчүн өтө коркунучтуу.

Эски шаарларда жана үйлөрдө колдонулган суу түтүктөрү да коргошундан жасалган. Кошмо Штаттардагы белгилүү Мейо клиникасы андай түтүктөрдөн сууну 30—60 секунд агызгандан кийин ичүүнү кеңеш кылат. Андай түтүктөрдөн чыккан ысык сууну ичүүгө, тамак жасоодо колдонууга, өзгөчө, балдардын тамагын жасоого такыр болбойт.

Ууланууга алып келген нерселер жок болсо, кандагы коргошундун деңгээли кыйла төмөндөйт. Кандагы коргошундун деңгээлин анализ аркылуу билүүгө болот. Эгер ал жогору болсо, догдурлар тийиштүү чара көрүшөт.

Маалым кылуунун маанилүүлүгү

Коргошундун организмде көп убакыт бою топтоло бериши ууланууга алып келет. Ал эми анын организмге бир эле учурда чоң өлчөмдө кириши өлүмгө дуушар кылат. Кошмо Штаттардагы Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору 2006-жылы төрт жашар баланын уулануудан каза болгонун билдирген. Ал курамында коргошун аябай көп зергер буюмунун кичинекей бөлүгүн жутуп алгандыктан каза тапкан.

Бир медициналык энциклопедияда коомго маалым кылуунун маанилүүлүгү баса белгиленип, Кошмо Штаттардагы мектеп жашына чейинки жыйырма баланын биринин организминде коргошундун деңгээли өтө жогору экени айтылган. Эгер коргошунду колдонууга чектөө коюлган өлкөдө ушундай болуп жатса, анда эч кандай чектөөлөр коюлбаган өлкөлөр жөнүндө эмне айтууга болот? Ошондуктан ар бир адам сак болушу керек!

[Шилтеме]

^ 4-абз. Чоңдордун коргошундан уулануусу нерв ооруларына, булчуңдардын жана муундардын оорушуна, ошондой эле эс-тутумдун, көңүл топтоонун начарлашына алып келет.

[Кутуча/29-беттеги сүрөт]

БАЛАНЫН УУЛАНГАНЫНЫН АЙРЫМ БЕЛГИЛЕРИ

Ич ооруу, ачуулануу, кыжырдануу, аз кандуулук, көңүл топтоонун начарлашы, ич катуу, шалдырап алы кетүү, баш ооруу, өрчүп-жетилүүнүн начарлашы, табиттин жоголушу жана бойдун жай өсүшү («MEDLINE PLUS MEDICAL ENCYCLOPEDIA»).