Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тилди акылдуулук менен колдонолу

Тилди акылдуулук менен колдонолу

Тилди акылдуулук менен колдонолу

«КААП, ошол сөздү айтпай эле койбой...» — деген учурларың болду беле? Ооба, баарыбыз эле туура эмес сүйлөп албаш үчүн, тилибизди тыюуга көп күч-аракет жумшайбыз. Ыйык Китепте: «Адамдар айбандардын... бардык түрүн багындыра алат... Ал эми тилди эч бир адам багындыра албайт»,— делет (Жакып 3:7, 8). Бул эч кандай күч жумшабай, багынып беришибиз керек дегенди билдиреби? Жок. Келгиле анда, денебиздин кичинекей эле мүчөсү болгон тилибизди туура колдонууга жардам берген Ыйык Китептеги айрым кеңештерге токтололу.

«Көп сүйлөгөн адам күнөөгө батпай койбойт. Тилин тыйган адам — акылдуу адам» (Накыл сөздөр 10:19). Канчалык көп сүйлөсөк, ошончолук маңызсыз, атүгүл бирөөгө зыян алып келе турган сөздөрдү айтып алышыбыз ыктымал. Чынында эле, ооздукталбаган тил зыянга учуратып, заматта жалмап кеткен от сымал, бирөөнү ушактаганга же жалаа жапканга жеткирет (Жакып 3:5, 6). Сөздөрүбүздүн башкаларга кандай таасир тийгизерин эске алуу тилибизди тыйып, ойлонуп сүйлөөгө жардам берет. Ушундай кылсак, акылдуулук менен сүйлөгөн адам катары белгилүү болобуз, ошондой эле башкалардын сый-урматына жана ишенимине татыйбыз.

«Ар бир адам укканга даяр болсун, сүйлөгөнгө, ачууланганга шашпасын» (Жакып 1:19). Башкалар аларды кунт коюп уккан адамдарды абдан баалашат. Биз кунт коюп угуу менен аларга кызыкдар экенибизди эле эмес, аларды сыйлаарыбызды да көрсөтөбүз. Бирок кимдир бирөө жүрөгүбүздү ооруткан же ачуубузду келтире турган сөздөрдү айтсачы? Андай учурларда «ачууланганга шашпашыбыз» керек жана өзүнө жараша жооп бербегенге аракет кылышыбыз зарыл. Ким билет, балким, ал кандайдыр бир себептерден улам көңүлү чөгүп тургандыр же туура эмес айтып алганы үчүн кийинчерээк кечирим сурайттыр. Сага «ачууланганга шашпоо» кыйынга турабы? Анда Кудайга тиленип, өзүн-өзү кармай билүү сапатын өрчүтүүгө жардам беришин сура. Кудай чын жүрөктөн чыккан ушундай суранычтарга жооп бербей койбойт (Лука 11:13).

«Жумшак тил сөөктү сындырат» (Накыл сөздөр 25:15). Жумшактык, көптөр ойлогондой, алсыздыктын белгиси эмес, ал — күчтүү адамдарга мүнөздүү сапат. Жумшактык менен жооп берүү сөөккө окшош катуу, ийилгис каршылыктарды жеңүүгө, башкача айтканда, ачууланып турган же бейкалыс пикирде болгон адамдарды жумшартууга жардам берет. Албетте, жумшактык менен мамиле кылуу, айрыкча, жагдай чыңалып турганда оор болушу мүмкүн. Андай учурларда Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуу кандай пайдаларды алып келери жана аларды колдонбой коюунун кесепети кандай болору жөнүндө ойлонуп көр.

Ырас, Ыйык Китептеги кеңештерди, чынында эле, «жогорудан келген акылмандык» дешке болот (Жакып 3:17). Андай кеңештерди колдонсок, сөздөрүбүз, «жаркыраган күмүш идиштеги алтын алма» сыяктуу, өз учурунда айтылган, сый-урмат менен коштолгон, жагымдуу, бекемдээрлик болот (Накыл сөздөр 25:11).