Уйку канчалык маанилүү?
Уйку канчалык маанилүү?
● Акыркы изилдөөлөрдөн билингендей, учурда Түндүк Америкада жашагандар түнкүсүн 7 же 7,5 саат эле укташат *. Уйку канчалык маанилүү? Адам уктап жатканда түнү бою ар бир 60—90 мүнөт сайын уйкунун «бат уйку» деп аталган фазасы ишке кирип турат. Ушул цикл жүрүп жаткан маалда адамдын мээси активдүү иштейт жана изилдөөчүлөр мээде кандайдыр бир калыбына келүү процесстери жүрөт деп ишенишет. Айрым адистердин айтымында, ушул циклдын үзүлүшү жана уйкунун качышы бүтүндөй организмге таасирин тийгизет. Алсак, мээнин иштөө функциясы жабыркап, натыйжада адамдын өндүрүмдүүлүгү төмөндөйт жана ден соолугуна байланыштуу көптөгөн көйгөйлөр пайда болот.
Кофеин сыяктуу заттар адамдын уйкусу келгенин билдирген мээдеги заттын иштелип чыгышына кыска убакыттын ичинде эле бөгөт коё алат. Бирок уйку жетишсиз болгон учурларда мээде адамдын уйкусун келтире турган процесс жүрүп турат. Ал «микроуйку» деп аталат. «Стар» гезитинде айтылгандай, «адам кандай иш менен алек болбосун, уйкусу канбаган адамдын мээсинде мезгил-мезгили менен 10 секунда же 1 мүнөттөн ашуун убакыт уйкунун алгачкы фазасы ишке кирип турат». Машинаны саатына 48 километр ылдамдыкта айдап баратып, мээңдин 10 секундага «микроуйкуга» кирип кеткенин элестетсең. Ушул убакыттын ичинде футбол талаасынын узундугунан да көбүрөөк аралыкты басып өтүшүң мүмкүн. Уйкунун жетишсиздиги иммун системасын да алсыратат, анткени ар кандай ооруларды чакыра турган микроорганизмдер менен күрөшүүчү Т клеткалар адам уктап жатканда иштелип чыгат. Мындан тышкары, табитти жөнгө сала турган лептин гормону да бөлүнүп чыгып турат. Ооба, организмге дене тарбия көнүгүүлөрү менен тамак-аш кандай зарыл болсо, жетиштүү уктоо да ошончолук зарыл.
Жумуштун көптүгү уйкуга кетчү убактыңды уурдап жаткан жокпу? Ал эми жашоодогу жана келечекке байланыштуу тынчсыздануулар жөнүндө эмне дешке болот? Акылман Сулайман пайгамбар: «Көп жейби, аз жейби, эмгекчинин уйкусу таттуу. Ал эми байдын ашыра тоюп алганы өзүнө уйку бербейт»,— деп айткан (Насаатчы 5:12).
[Шилтеме]
^ 2-абз. «Ойгонгула!» журналынын 2004-жылдын апрель—июнундагы санына чыккан «Уйкунун жетишсиздиги олуттуу көйгөйбү?» деген макаланы карагыла.