Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай бүгүнкү күндө согуштарды колдойбу?

Кудай бүгүнкү күндө согуштарды колдойбу?

Ыйык Китепте эмне делет?

Кудай бүгүнкү күндө согуштарды колдойбу?

БАЙЫРКЫ ысрайыл элинин падышасы Дөөтү: «[Кудай] колумду салгылашууга машыктырат, колум жез жааны иет»,— деп айткан (Забур 18:34).

Ал эми элчи Пабыл Иса пайгамбардын 1-кылымда жашаган жолдоочуларына: «Биз башка адамдардай жашасак да, адамдар колдонгон ыкмалар менен согушпайбыз. Биздин согуш куралдарыбыз адамдардыкындай эмес»,— деген (2 Корунттуктар 10:3, 4).

Дөөтү падыша менен элчи Пабылдын айткандары бири-бирине карама-каршы эмеспи? Кудай эмне үчүн байыркы ысрайыл элине башка элдер менен согушууга жол берген, ал эми Иса пайгамбардын жолдоочуларына согушка катышканга тыюу салган? Кудайдын согушка карата көз карашы өзгөрдү деп айтууга болобу? Бул суроолорго жооп алуу үчүн, келгиле, байыркы ысрайыл эли менен Исанын чыныгы жолдоочуларынын ортосундагы негизги үч айырмачылыкты карап көрөлү.

Негизги үч айырмачылык

1. Ысрайыл эли Кудай мураска берген жерде жашаган. Ал жердин белгилүү бир чек арасы болгон. Коңшу элдер ысрайыл элине кас болуп, алар согушуп турушкан. Мына ушул себептен Кудай ысрайылдыктарга жерин коргоону буйруп, атүгүл душмандарын алардын колуна салып берип турган (Бийлер 11:32, 33). Ысрайылдыктардан айырмаланып, Исанын жолдоочулары чек арасы бар белгилүү бир аймакта эмес, ар кайсы өлкөдө жашашат. Андыктан Исанын кайсы бир өлкөдө жашаган жолдоочусу башка өлкөгө каршы жүргүзүлгөн согушка катыша турган болсо, ошол өлкөдө жашаган ишенимдешине каршы согушуп калмак. Мындай кылуу менен ал жакындарын сүйүүгө, атүгүл алар үчүн өмүрүн берүүгө байланыштуу Ыйык Китептеги мыйзамды бузмак (Матай 5:44; Жакан 15:12, 13).

2. Байыркы ысрайыл элинин падышасы биздей эле адам болгон. Ал элди Иерусалим шаарынан башкарып турган. Ал эми Исанын чыныгы жолдоочуларын адам эмес, күчтүү рухий жаратуу Иса Машаяк башкарып турат. Ал азыр асмандан бийлик жүргүзүп жатат (Даниел 7:13, 14). Иса Машаяк өзүнүн бийлиги жөнүндө: «Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес. Эгер бул дүйнөгө таандык болсо, жолдоочуларым жүйүттөрдүн колуна өткөрүлүп берилбешим үчүн күрөшүшмөк. Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес»,— деп айткан (Жакан 18:36). Ошондуктан жердеги бир да өкмөт, бир да мамлекет Машаяктын Падышалыгына таандыкпыз деп ырастай албайт. Ал эми Иса Машаяктын жолдоочулары жөнүндө эмне айтууга болот? Бул суроого үчүнчү айырмачылыкты карап чыккандан кийин жооп алабыз.

3. Байыркы ысрайыл эли, коңшу элдердей эле, башкаларга кабарчыларын, биздин тил менен айтканда, элчилерин жиберип турган (2 Падышалар 18:13—15; Лука 19:12—14). Машаяк да ошондой кылууда, бирок анын элчилери байыркы убактагы элчилерден эки нерсеси менен айырмаланып турат. Биринчиден, анын жолдоочуларынын баары элчи катары кызмат кылышат. Ошондуктан элчи Пабыл Иса Машаяктын бардык жолдоочуларынын атынан: «Биз Машаяктын атынан жиберилген Падышалыктын элчилерибиз»,— деп айта алган (2 Корунттуктар 5:20). Алар тынчтыкты жарыялаган элчилер катары колуна курал алышпайт. Экинчиден, Исанын жолдоочулары кулак каккандардын баарына кабар айтышат. Анткени Иса пайгамбар: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат»,— деген (Матай 24:14). Ошондой эле: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла... аларга силерге буйруганымдын баарын аткарууну үйрөткүлө»,— деп буйруган (Матай 28:19, 20).

Тилекке каршы, Машаяктын жолдоочуларын баары эле жактыра бербейт. Элчи Пабыл мына ушул себептен Кудайдын Тиметей деген кызматчысына: «Башыңа түшкөн кыйынчылыктарды Машаяк Исанын мыкты жоокери катары көтөр»,— деп жазган (2 Тиметей 2:3). Тиметейдин жоокер катары колдонгон куралы, албетте, кадимки курал болгон эмес. Ал «рухтун кылычын», башкача айтканда, Кудайдын Сөзүн колдонгон (Эфестиктер 6:11—17).

Кудай ысрайыл элинин ордуна эмне үчүн башка элди тандаган?

Кудай ысрайыл эли менен келишим түзүп, ошол келишимдин негизинде 1500 жылдай убакыт бою аларга ырайым кылып, батасын берип келген (Чыгуу 19:5). Муса пайгамбар аркылуу түзүлгөн ал келишим өз ичине ысрайыл элине Кудайга туура сыйынууга, өздөрүн адеп-ахлактык жактан таза сактоого жардам берген он осуятты жана башка көптөгөн мыйзамдарды камтыган (Чыгуу 19:3, 7, 9; 20:1—17). Бирок убакыттын өтүшү менен ысрайыл эли Кудайдын мыйзамдарын аткарбай калган, атүгүл Кудайдын пайгамбарларын өлтүргөн (2 Жылнаама 36:15, 16; Лука 11:47, 48).

Акырында Жахаба Кудай Иса Машаякты жерге жиберген. Иса жүйүт үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жүйүт эли Машаякты кабыл алгандын ордуна, андан баш тарткан. Натыйжада Кудайдын ысрайыл эли менен түзгөн келишими жокко чыгарылып, жүйүт элин башка элдерден бөлүп турган каймана маанидеги дубал ураган * (Эфестиктер 2:13—18; Колосалыктар 2:14). Ошондон кийин Кудай Иса Машаяктын жолдоочуларынан турган жыйналышты негиздеп, ага Машаякты Башчы кылып дайындаган. Белгилей кетчү нерсе, ал жыйналышка 1-кылымдын аягына чейин ар кайсы улуттан болгон адамдар кошулган. Жүйүт элинен болгон элчи Петир: «[Кудайдан] корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагат»,— деп айткан (Элчилер 10:35).

Жахабанын Күбөлөрү Иса Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочуларындай иш кылууга умтулушат. Ошондуктан алар Кудай жөнүндө кабар таратышат, саясатка кийлигишпейт жана согушка катышпайт (Матай 26:52; Элчилер 5:42). Алар Кудайдын өкмөтү гана жер бетиндеги жамандыкты түп-орду менен жок кылып, түбөлүккө созула турган тынчтыкты орнотору жөнүндөгү жакшы кабарды эч кандай тоскоолдуктарга карабай таратууга чечкиндүү. Ушундай сонун келечекке үмүттөнгөндүктөн элчи Пабыл:«Машаяктын атынан жиберилгендер катары: „Кудай менен элдешкиле“,— деп суранабыз»,— деп жазган (2 Корунттуктар 5:20). Бул дүйнөнүн «акыркы күндөрүндө» жашап жаткандардын ушул сөздөргө ылайык иш кылганы азыр болуп көрбөгөндөй маанилүү (2 Тиметей 3:1—5).

[Шилтеме]

^ 13-абз. «Жүйүт» деген сөз башында Ысрайылдын Жүйүт уруусунан болгондорго карата гана айтылчу. Бирок кийинчерээк еврейлердин баарына карата айтылып калган (Эзра 4:12).

ОЙЛОНУП КӨРДҮҢӨР БЕЛЕ?

● Исанын жолдоочулары бири-бирине кандай мамиле кылышат? (Жакан 13:34, 35).

● Исанын чыныгы жолдоочуларынын негизги «куралы» эмне? (Эфестиктер 6:17).

● Машаяктын «элчилери» кайсы маанилүү кабарды жарыялап жатышат? (Матай 24:14; 2 Корунттуктар 5:20).

[29-беттеги сүрөт]

Жахабанын Күбөлөрү ар кайсы улуттагы адамдардан турат жана согушка катышпайт