Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Титаник Тарыхта калган кеме

Титаник Тарыхта калган кеме

Титаник Тарыхта калган кеме

1912-жыл, 10-апрель. «Титаник» Англиянын Саутхемптон шаарынан чыгып, Нью-Йоркту көздөй бет алат.

11-апрель. Франциянын Шербур шаарынан, андан кийин Ирландиянын Квинстаун (азыр Ков деп аталат) шаарынан жүргүнчүлөрдү салып, Атлантика океанына чыгат.

14-апрель. саат 23:40тарда айсберг менен кагылышат.

15-апрель. Түнкү саат 2:20да чөгүп кетет. Натыйжада 1500дөй киши өмүрүнөн айрылат.

АЛ КАНДАЙ кеме эле? Анын кыйрашына эмне себеп болгон? Бул суроолорго жооп алууга Ирландиянын түндүгүндөгү Белфаст шаарынан алыс эмес жерде жайгашкан «Ольстер элдик жана транспорт музейи» көмөк кылды.

Өзгөчөлүгү

Мурун «Элдик жана транспорт музейинин» сактоочусу болуп иштеген Майкл Маккондун айтымында «Титаник» «тарыхтагы эң белгилүү кеме» болгон. Бирок ага окшогон бир да кеме болгон эмес деп айтууга болбойт. Ал Белфасттагы «Харленд энд Вулф» кеме куруучу жайында курулган үч чоң кеменин экинчиси болчу *. Узундугу 269 метр, туурасы 28 метр болгон «Титаник» ошол учурдагы эң чоң кемелердин бири эле.

Ал кемелердин ээси «Уайт Стар Лайн» компаниясы көп киреше алып келген Түндүк Атлантика маршрутунда алдыңкылардан болууну көздөгөн. Бирок кемелеринин ылдамдыгы боюнча ал компания өзүнүн атаандашы «Кунард Лайн» компаниясына жетчү эмес. Ошондуктан атактуу жана бай кишилерди өздөрүнө тартыш үчүн ал компания кемелердин көлөмүнүн чоңдугуна, ичинин кооздугуна басым жасап, болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылган.

«Титаник» дагы бир максатты ишке ашырышы керек эле. «1900—1914-жылдар аралыгында Америка Кошмо Штаттарына башка өлкөлөрдөн жыл сайын 900 000дей киши көчүп барчу»,— дейт Түндүк Ирландия элдик музейинин башчысы Уильям Блэр. Атлантика океаны менен жүргөн кемелерди иштеткен компаниялар Европадан Америка Кошмо Штаттарына көчүп бараткан жүргүнчүлөрдү ташып, абдан көп киреше алчу. «Титаниктен» да көп киреше түшөт деп күтүшкөн.

Кыйрашы

«Титаниктин» капитаны Э.Ж. Смит Түндүк Атлантикада айсбергдер (океанда калкып жүрүүчү муз тоолор) кемелерге чоң коркунуч туудурарын билчү. Анткени ал «Олимпик» кемеси менен Америкага далай жолу каттаган. Бирок «Титаник» менен баратканда жолдо айсбергдердин бар экени жөнүндө башка кемелерден келген эскертүүлөргө же көп маани бербей койгон, же кыязы, ошондой эскертүүлөрдүн берилгенин ага кабарлабай коюшкан.

Алдыны карап турууга дайындалгандар айсбергди көрүшкөндө өтө эле кеч болуп калган. Айсбергге тумшугу менен барып урунбашы үчүн, кемени башкаргандар кеменин багытын өзгөртүүгө жетишсе да, айсберг кеменин каптал жагын тилип кеткен. Кеме тешилип калгандыктан, алдыңкы жагындагы бөлүктөргө тез эле суу толо баштаган. Кеменин кыйраарын түшүнгөндө Капитан Смит дароо жардам сурап радио аркылуу кырсык сигналдарын жөнөткөн да, куткаруучу кайыктарды сууга түшүрүүнү буйрук кылган.

Кемеде 16 куткаруучу кайык, 4 бүктөлмө кайык бар болчу. Аларга 1170дей киши батмак. Кемеде болсо кеменин экипажын кошкондо 2200дөй киши бар болчу. Бирок тилекке каршы, көп кайыктарды болушунча толтурушкан эмес. Андан сырткары, кайыктагылардын көбү сууга секиргендерди куткарганга аракет кылышкан эмес. Ошол себептүү ал кырсыктан 705 киши гана аман калган.

Сабак алышканбы?

«Титаник» кыйрагандан кийин, бийликтегилер деңиздеги коопсуздукту толук камсыз кылышы үчүн жаңы көрсөтмөлөрдү беришкен. Мисалы, ошондон кийин кемедеги куткаруучу кайыктардын саны жүргүнчүлөрдүн баарына жеткидей болушу талап кылынып калган.

Көптөр жылдар бою «Титаник» кемеси капталы чоң болуп тешилип калгандыктан тез эле чөгүп кеткен деп ойлоп келишкен. Бирок 1985-жылы океандын түбүндө жаткан ал кемени изилдеп чыккандар башка жыйынтыкка келишкен. Алардын ою боюнча, кеменин болоттон жасалган бөлүктөрү суунун муздактыгынан улам сынып кеткен. Үч саатка жетпеген убакыттан кийин эле «Титаник» экиге бөлүнүп, чөгүп кеткен. Ошентип, анын кыйрашы деңиз тарыхындагы эң чоң каргашалуу окуялардын бири болуп калган *.

[Шилтемелер]

^ 8-абз. «Титаникке» чейинкиси «Олимпик», «Титаниктен» кийинкиси «Британник» кемеси болгон.

^ 17-абз. «Ойгонгула!» (англ.) журналынын 1981-жылдын 22-октябрындагы санынын 3—8-беттеринен «Титаник» кыйраганда аман калгандар жөнүндө окусаңар болот.

[20-беттеги карта]

Саутхемптон

Шербур

Квинстаун (Ков)

«Титаниктин» кыйраган жери

Нью-Йорк

АТЛАНТИКА ОКЕАНЫ

[18, 19-беттердеги сүрөт]

«Титаниктин» курулушу

[19-беттеги сүрөт]

«Титаниктин» айлангыч тетиктери

[19-беттеги сүрөт]

Белфасттагы «Харленд энд Вулф» кеме куруучу жайында кеме куруп бүткөндөр

[20-беттеги сүрөт]

«Титаниктин» капитаны Э.Ж. Смит (оңдо) башкы казыначы Герберт Макэлрой менен

[Булак жөнүндө маалымат]

© Courtesy CSU Archive/age fotostock

[18, 19-беттердеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Pages 18 and 19: Leaving Southampton, under construction, and shipyard: © National Museums Northern Ireland; propellers: © The Bridgeman Art Library

[21-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

© SZ Photo/Knorr & Hirth/Bridgeman Art Library