Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Кошмо Штаттар

Мурун АКШнын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөндөрдүн ичинен күн сайын 20дан ашык киши өз жанын кыят. АКШнын ардагерлердин иштери боюнча министрлигинен жардам алып жаткандардын ичинен өзүн өзү өлтүргөнгө аракет кылгандардын саны бир айда болжол менен 950гө жетет.

Кытай

«Жумуш табыш үчүн жер которгон 30 жашка чейинки кыз-келиндердин дээрлик жарымынын турмушка чыга электе эле боюна бүтүп калат. Учурда балдарын атасыз чоңойтуп жаткан аялдардын саны мурунку муунга салыштырмалуу кескин түрдө өстү»,— деп билдирет «Чайна дейли» гезити. Ал гезитте Кытайда «никеге турбай чогуу жашагандардын саны барган сайын өсүп жатканы» да айтылат.

Греция

Грецияда безгек оорусу кайрадан жайылууда. Ал 1974-жылы дээрлик түрдө жок кылынган болчу. Анын жанданышына экономикалык каатчылык жана саламаттык сактоо иштерине көңүл бурулбагандык себеп болгонун айтышууда.

Индия

Сурамжылоого катышкандардын 74 пайызы, батыштын таасири күчтүү болуп жатканына карабай, үй-бүлөнүн «сүйүүнүн негизинде курулушун» каалаарын билдиришкен. Ал эми 89 пайызы жубайы, балдары менен эле эмес, ата-энеси, тууган-туушкандары менен чогуу жашагысы келерин айтышкан.

Италия

Католик чиркөөсүнүн кардиналы Карло Мария Мартини «Коррьере делла сера» гезитине өлөр алдында берген дил маегинде мындай деген: «Гүлдөп турган Европадагы, Америкадагы [католик] чиркөөлөрү аябай чарчады. Маданиятыбыз эскирди, заңгыраган чиркөөлөр, кечилдер жашаган жайлар аңгырап бош, чиркөөнүн башкаруу системасы мурункудай ийгиликке жетпей калды, диний каадаларыбыз татаал, кийимдерибиз ыгы жок кооздолгон... Чиркөө мезгилден 200 жыл артта калды».