Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | БАШКА ТҮШКӨН КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ КАНТИП КӨТӨРҮП КЕТЕ АЛАБЫЗ?

Жакыныңардан айрылганда...

Жакыныңардан айрылганда...

Жол кырсыгынын айынан Бразилияда жашаган Роналду жакын туугандарынан, анын ичинде ата-энесинен да айрылган. Ал мындай дейт: «Бул тууралуу мага ооруканада жатканыма эки ай болгондо угузушту.

Башында: „Кантип эле? Баарыбы?“ — деп ишенген жокмун. Анан чын эле ошондой болгонун түшүнгөндө нес болуп калдым. Эч качан ошондогудай жаман болгон эмесмин. Аларсыз жашай албайм деп ойлогом. Бир нече ай бою көзүмдүн жашы тыйылган жок. Машинени бирөөгө айдатпай, өзүм айдасам мындай болбойт беле деп өзүмдү күнөөлөп жүрдүм.

Андан бери он алты жыл өтүп, жашоом акырындап өз нугуна түштү. Бирок ошол каргашалуу окуядан кийин жан-дүйнөм каңгырап, жүрөгүмдүн бөксөсү дагы деле толбой келет».

ЭМНЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ?

Күйүтүңөрдү баспагыла. Ыйык Китепте «ыйлай турган» да убак бар экени айтылган (Насаатчы 3:1, 4). Роналду: «Мен ыйлагым келгенде ыйлачумун, анткени баары бир өзүмдү кармай алчу эмесмин. Ыйлап алгандан кийин кадимкидей жеңилдеп калчумун»,— дейт. Албетте, баары эле анте албайт. Бирок кайгыңарды сыртка чыгарбасаңар эле, бул силердин сезимдериңерди басып жатканыңарды же өзүңөрдү кыйнап ыйлашыңар керектигин билдирбейт.

Элден обочолонбогула (Накыл сөздөр 18:1). Роналду мындай дейт: «Эл менен аралашкым келбесе да, обочолонбогонго аракет кылчумун. Үйгө келгендер менен сүйлөшчүмүн, ошондой эле жубайыма, жакын досторума ички сезимдеримди айтып бөлүшчүмүн».

Жүрөктү жаралаган сөздөрдү көңүлүңөргө албагыла. Мисалы, айрымдар: «Балким, ошондой болгону жакшы болгондур»,— деши мүмкүн. Буга байланыштуу Роналду мындай дейт: «Кээ бирөөлөрдүн мени жубатыш үчүн айткан сөздөрү, кайра, тескери таасир этчү». Андайда ошондой сөздөрдү жүрөккө жакын алгандан көрө, Ыйык Китептеги: «Айтылган ар бир сөзгө маани бере бербе»,— деген кеңешке кулак какканыңар жакшы (Насаатчы 7:21).

Ыйык Китепте өлгөндөрдүн кандай абалда экени жөнүндө эмне деп айтылганын окуп көргүлө. Роналду мындай дейт: «Насаатчы 9:5те өлгөндөр эч нерсе сезбей турганы, кыйналбай турганы айтылган. Бул мени абдан жубатат. Ошондой эле Ыйык Китепте өлгөн адамдар тирилип, кайрадан жашай турганы жазылган. Ошондуктан кайтыш болгон туугандарымды убактылуу алыс жакка кетип калгандай элестетем» (Элчилер 24:15).

Билесиңерби? Ыйык Китепте Кудай «өлүмдү түбөлүккө жок кыла» турган убак келери айтылган (Ышая 25:8) *.

^ абз. 11 Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 7-бөлүмүн карагыла.