Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Бакыттын сыры эмнеде?

Бакыттын сыры эмнеде?

«Үй-бүлө куруп, балалуу болсом эле, бактылуу болмокмун».

«Өз үйүм болсо эле, бактылуу болмокмун».

«Ошол жумушка орношсом эле, бактылуу болмокмун».

«... болсо эле, бактылуу болмокмун».

СИЛЕР да ушундай деп ойлойсуңарбы? Максатыңарга же көксөгөн нерсеңерге жеткенден кийин өзүңөрдү көпкө чейин бактылуу сезип жүрдүңөр беле же андай сезим бат эле өтүп кетти беле? Мүдөө-максатыбыз ишке ашканда же эңсегенибизге ээ болгондо абдан кубанарыбыз шексиз, бирок ал көпкө созулбайт. Адам ийгиликке жеткенде же самаганын алганда эле бактылуу болуп калбайт. Анткени, ден-соолуктун чың болушу көп нерсеге байланыштуу болгондой эле, адамдын таалайлуу болушу да көп нерсеге байланыштуу болот.

Бардык эле адамдар бирдей эмес, андыктан бирөөнү бактылуу кылган нерсе экинчисин бактылуу кыла албайт. Анын үстүнө, убакыт өткөн сайын, кишинин ою өзгөрөт. Бирок адамдын өзүн бактылуу сезишине айрым нерселер көбүрөөк таасир этет. Аларга каниет кылуу, ичи тардыктан алыс болуу, башкаларды жакшы көрүү жана кайраттуу болуу кирет. Келгиле анда, ушул нерселерге токтололу.

 1. КАНИЕТ КЫЛУУ

Адамдын табиятын жакшы түшүнгөн байыркы ысрайыл элинин падышасы Сулайман акчанын пайдасы бар экенин айткан. Бирок ошол эле учурда: «Күмүштү сүйгөн күмүшкө тойбойт, байлыкты сүйгөн кирешеге тойбойт. Бул да убаракерчилик»,— деген (Насаатчы 5:10; 7:12). Бул сөздөрдүн мааниси кандай? Жан багыш үчүн акча табышыбыз керектиги чын, бирок ач көздүктөн алыс болуу кажет. Сулайман байлык кишини чындап бактылуу кылар-кылбасын текшерип көргөн. Ал: «Мен көзүм каалаган нерселердин биринен да баш тарткан жокмун. Жүрөгүмдү көңүл ачуунун эч бир түрүнөн өксүткөн жокмун»,— деп жазган (Насаатчы 1:13; 2:10).

Байлыгы ашып-ташып турган Сулайман заңгыраган үйлөрдү салдырып, бакчаларды өстүрткөн, көлмөлөрдү жасаткан жана көптөгөн кулдарга ээлик кылган. Ал каалаганынын баарын кылып, баарын татып көргөн. Ал кандай жыйынтыкка келген? Алар аны кандайдыр бир деңгээлде кубанычка бөлөгөн, бирок кубанычы көпкө созулган эмес. Ал: «Бардыгынын убаракерчилик... экенин түшүндүм. Алардан күн астында эч пайда жок экен»,— деген (Насаатчы 2:11, 17, 18). Ооба, Сулайман падыша, эгер адам кумарын кандырууга гана умтулса, акыры жан дүйнөсүн боштук ээлеп, жашоосунун кунары кетерин түшүнгөн *.

Сулаймандын сөзүн бүгүнкү күндөгү изилдөөлөр да тастыктайт. Бакыт туурасындагы бир журналда «негизги муктаждыктар канааттандырылгандан кийинки кошумча киреше адамды көп деле кубантпай» турганы жазылган («Journal of Happiness Studies»). Ооба, изилдөөлөр көрсөткөндөй, адам, өзгөчө, моралдык нормаларды жана Кудайдын мыйзамдарын бузуп байлыкка жетүүгө умтулса, бактысыз болот.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Колуңарда болгонуна ыраазы болуп, акчаны сүйүүдөн алыс болгула» (Еврейлер 13:5).

2. ИЧИ ТАРДЫК КЫЛБОО

Ичи тардык деген сөзгө «башкалардын ийгиликке жеткенин көрө албай, алар ээ болгон нерсени көксөп туталануу» деген аныктама берилет. Ичи тардык, тамырлап кеткен залалдуу шишик сымал, адамдын жашоосун ууландырып, аны эң бактысыз адамга айлантат. Ичи тардык кандайча тамырлап кетиши мүмкүн? Ичи тардыкты кантип аныктаса болот? Андан кантип арылса болот?

Психология боюнча бир энциклопедияда адам өзү тектүүлөргө, алсак, курагы, билими, тажрыйбасы, коомдо ээлеген абалы өзүнүкүндөй адамдарга көрө албастык кылары айтылган. Мисалы, соодагер атактуу кино жылдызына көз артпайт, бирок ити чөп жеп жаткан башка соодагерге ичи күйүшү ыктымал («Encyclopedia of Social Psychology»).

Буга байланыштуу бир окуяны мисал келтирсек, байыркы Персиядагы ак сарай кызматкерлери падышага эмес, ак сарайда кызмат кылган кадырлуу Даниел пайгамбарга көз артышкан. Ниети бузук ал кишилердин көрө албастыгы жанын жай алдырбай койгондуктан, алар Даниел пайгамбардын көзүн тазаламакчы болушкан. Бирок алардын арам ою ишке ашпай калган (Даниел 6:1—24). Жогорудагы энциклопедияда «ичи  тардык кишини касташууга түртөрүн түшүнүү зарыл» экени айтылган. Анда: «Бул эмне үчүн тарыхта көптөрдүн зордук-зомбулукка барганын түшүнүүгө жардам берет»,— деп да жазылган *.

Ичи тар киши жашоодон рахат ала албайт

Ичи тардыкты кантип аныктаса болот? Ан үчүн: «Теңтуштарым ийгиликке жеткенде, кубанамбы же капа боломбу? Бир тууганымдын, классташымдын же кесиптешимдин иши оңунан чыкпай калганда, кейийминби же сүйүнөмбү?» — деп ойлонуп көргүлө. Эгер биринчи суроого «капа болом» деп, ал эми экинчисине «сүйүнөм» деп жооп берсеңер, жүрөгүңөрдө ичи тардык тамырлап баратышы мүмкүн (Башталыш 26:12—14). Психология боюнча энциклопедияда: «Көрө албастык жашоодон рахат алууга тоскоол кылат жана ыраазы болуу сезимин басып салат... Бул адамды бактылуу кылбай турганы анык»,— делет.

Ичи тардыктан арылыш үчүн башкалардын жөндөмдүүлүктөрүн, жакшы сапаттарын баалаганга түрткү берген момундук, жөнөкөйлүк деген сапаттарды өрчүтүшүбүз керек. Ыйык Китепте: «Эч нерсени тажаалдык же көйрөңдүк менен кылбагыла, тескерисинче, момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору көргүлө»,— деп айтылат (Филипиликтер 2:3).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Менменсинбейли, бири-бирибизге атаандашпайлы, ичи тарлык кылбайлы» (Галатиялыктар 5:26).

3. БАШКАЛАРДЫ ЖАКШЫ КӨРҮҮ

Жогорку энциклопедияда: «Адамдын жашоодон канааттануу алышына жумушуна, тапкан акчасына, жалпы коомчулукка, атүгүл ден соолугуна караганда, жакын адамдары менен болгон мамилеси күчтүүрөөк таасир этет»,— делет. Кыскасы, бактылуу болуш үчүн адам башкаларды да жакшы көрүшү, башкалар да аны жакшы көрүшү керек. Бир пайгамбар: «Менде сүйүү болбосо, анда мен эч ким эмесмин»,— деген (1 Корунттуктар 13:2).

Сүйүү өрчүтүүгө эч качан кеч болбойт. Мисалга Ванессаны алсак, анын атасы аракеч, зөөкүр киши болгон. Ванесса 14 жашында үйүнөн кетип, башкалардыкында, кийинчерээк болсо үйү жоктор баш калкалаган жайда жашаган. Ошондо кыйналганынан жардам сурап Кудайга жалынган. Анын үнү Кудайга жетип, кийинчерээк аны Ыйык Китептеги «сүйүү чыдамкай, боорукер» деген принцип боюнча жашаган үй-бүлө асырап алган (1 Корунттуктар 13:4). Ал үй-бүлөнүн мамилеси жана өзүнүн Ыйык Китептен окуп-билгендери Ванессанын эмоциялык жактан сакайышына, акыл жөндөмүнүн өрчүшүнө шарт түзгөн. Ал: «Мектепте мурда жаман окучумун, бирок ал үй-бүлөгө келгенден кийин жакшы окуп, жакшы бааларды ала баштадым»,— деген.

Жүрөгүндө кетпес так калса да, Ванесса азыр эки кызы жана жары менен бактылуу жашап жатат.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Сүйүүнү кийгиле, анткени ал — биримдиктин жеткилең түйүнү» (Колосалыктар 3:14).

 4. КАЙРАТТУУ БОЛУУ

Кыйынчылыктан эч бир жан качып кутула албайт. Ыйык Китепте айтылгандай, кайгылуу күндөрүбүздү «ыйлай турган» жана «боздой турган убак» десек болот (Насаатчы 3:4). Башыбызга мүшкүл түшкөндө, кайраттуулук кайгыга жеңдирбей, көтөрүп кеткенге күч берет. Келгиле, Керл менен Милдреддин мисалына токтололу.

Керл омуртка оорусунан, кант диабетинен жана апноэден жапа чегип келет, андан тышкары, көз оорусунан улам сол көзү көрбөй калган. Ошентсе да ал: «Мен санаага батпаганга аракет кылам. Албетте, кээде өзүмдү аяп кейиген учурларым болот. Бирок андайда терс ойлорго алдырбай, айрым нерселерди кыла алганым үчүн, айрыкча, башкаларга жардам бере алганым үчүн Кудайга ыраазычылык билдирем»,— дейт.

Милдреддин да ден соолугу аябай начар, ал артриттен, эмчек рагынан жана кант диабетинен кыйналып келет. Бирок ал да, Керлдей болуп, ооруганына эле көңүл топтой бербейт. «Мен башкаларды жакшы көрүп, жакшы мамиле жасаганды жана оорудан кыйналгандарды жубатканды үйрөндүм. Бул мага кадыресе күч берет. Башкаларды жубатканда чын эле өзүмдү көп ойлобой калам»,— дейт ал.

Керл менен Милдред башкаларды жубатканда кайраттанып калышат

Экөө тең дарыланууга олуттуу карашса да, оң маанай сактоого көбүрөөк көңүл топтоп, убактысын туура колдонууга аракет кылышат. Ошонун аркасында алар эч ким тартып ала алгыс жан дүйнө бейкуттугуна ээ. Мындан сырткары, аларды аябай жакшы көргөндөр жана кайраттуулугуна суктанып, алардан үлгү алгандар көп.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Сыноону туруктуулук менен көтөргөн адам бактылуу, анткени ал... өмүр таажысын алат» (Жакып 1:12).

Ыйык Китептеги акыл-насааттарга ылайык жашагандар тууралуу: «Акылмандыкка ээ болгондор үчүн ал — өмүр дарагы. Ага бекем кармангандарды бактылуу дешет»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 3:13—18). Бул сөздөрдүн калетсиздигине ынаныш үчүн Ыйык Китептеги насаат сөздөрдү окуп, аларды иш жүзүндө аткарып көргүлө. Ыйык Китептин автору тууралуу «бактылуу Кудай» деп айтылат. Ал силердин да бактылуу болушуңарды каалайт (1 Тиметей 1:11).

^ абз. 11 Сулайман жашоосунда эмнелерди татып көргөнүн Ыйык Китептеги Насаатчы 2:1—11-аяттардан окусаңар болот.

^ абз. 17 Андай кастыктан жапа чеккендердин бири Иса Машаяк болгон. Ыйык Китепте жогорку дин кызматчылардын аны көрө албастыктан улам өлтүрткөнү айтылат (Марк 15:10).