Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЖЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДЕР

Гондураска саякат

Гондураска саякат

«ГОНДУРАС» деген испан сөзү «тереңдик» дегенди билдирет. Айрымдардын айтымында, Христофор Колумб Атлантика океанынын ушул аймактагы жээгин дал ушинтип сүрөттөгөн, сыягы, өлкөнүн аталышы да ошондон калган.

Гондураста үй-бүлөдөгү бири-бирине берилгендик жана кеңешип иш кылуу жогору бааланат. Мисалы, акча-тыйынга же балдардын окуусуна байланыштуу маселелерди, адатта, күйөөсү менен аялы биргелешип чечишет.

Гондурастыктардын көбүн европалыктар менен жергиликтүү уруулардын ортосунан келип чыккан метистер түзөт. Гондураста азыркыга чейин жашап жаткан айрым урууларга чорти уруусу кирет. Ошондой эле ал жакта башка жактан келген уруулар, алсак, гарифуна уруусундагылар да жашайт.

Добулбас уруп жаткан гарифуна уруусундагы киши

Алар Сент-Винсент аралында жашаган африкалыктар менен Кариб индейлеринен тараган жана Гондураска таандык болгон Ислас-де-ла-Баия аралдарына 1797-жылдары келишкен. Кийинчерээк болсо Борбордук Америкага, Кариб деңизинин жээктерине отурукташышкан. Анан ошол жактан Борбордук жана Түндүк Американын башка жерлерине тарап кетишкен.

Катуу жыгачтан жасалган добулбастын үнүнүн коштоосунда аткарылган шаңдуу бий, ачык түстөгү улуттук кийим-кечелер, окуя айтуу өнөрү жана ереба (калама) гарифуна уруусундагылардын маданиятынын бир бөлүгү болуп саналат.

Гондураста Жахабанын Күбөлөрүнүн 400дөй жыйналышы бар. Андай жыйналыштар испан, ошондой эле англис, гарифуна, кытай (мандарин), мискито тилинде жана гондурас жаңдоо тилинде өткөрүлөт.

Ереба — маниока өсүмдүгүнүн тамырынан жасалган чоң жука калама