Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ТААЛИМ-ТАРБИЯГА ЭМНЕ БОЛГОН?

Туура тарбия

Туура тарбия

БАЛА ТАРБИЯЛОО кыйын экенин эч ким талашпас. Бирок ата-энелер ал милдетине салкын мамиле кылышса, андан да кыйын болот. Биринчиден, балдар ээнбаш өсүп, ата-энесинин айласын алты кетирет. Экинчиден, ата-эне тараптан белгилүү бир талаптар коюлбагандыктан, балдар туураны туура эместен ажырата албай калышат.

Ал эми ата-энелер балага жылуу-жумшак мамиле кылып, бирок ошол эле учурда тең салмактуу болуп, аларды оңдоп-түзөп турса, баланын ой жүгүртүүсү өрчүп, адамдык касиет-сапаттары калыптанат. Ошондой эле андай бала чоңойгондо өзүн ишенимдүү сезет. Анда тарбияга байланыштуу жакшы кеңештерди кайдан тапса болот?

Ыйык Китептеги кеңештердин баалуулугу

Бул журналды басып чыгарган Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептин, анын өзүндө айтылгандай, «окутуу үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн,.. тарбиялоо үчүн пайдалуу» экенине бекем ишенишет (2 Тиметей 3:16). Ыйык Китепте жалаң гана бала тарбиялоого байланышкан көрсөтмөлөр жазылбайт, ал китепте бүт үй-бүлө үчүн пайдалуу кеңештер бар. Эмесе, алардын айрымдарына токтололу.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ: «Баланын жүрөгүнөн акылсыздык орун алган» (Накыл сөздөр 22:15).

Балдар зирек жана боорукер болгону менен, акылсыз иш кылууга жакын келет. Ошондуктан алар тарбияга муктаж (Накыл сөздөр 13:24). Ушуну түшүнгөнүңөр ата-энелик милдетиңерди тийиштүү түрдө аткарууга жардам берет.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ: «Баланы жазасыз калтырба» (Накыл сөздөр 23:13).

Баланы оңдоп-түзөгөндө зыян келтирип алам же көңүлүнө тийип калат деп коркпогула. Балдарыңарды чеги менен жазалап турсаңар, алар оңдоп-түзөөнү туура кабыл алганды үйрөнөт, мунун аларга чоңойгондо да кереги тиет (Еврейлер 12:11).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ: «Адам эмнени сепсе, ошону орот» (Галатиялыктар 6:7).

Ата-энелер дайыма балдарын коргоп турушат жана ошенткени туура. Анткен менен мында да кайра эле тең салмактуулук талап кылынат. Балаңарды кылган ишинин кесепетинен далдалай берсеңер же мугалими болобу, башка чоңдор болобу, анын туура эмес ишин айтканда, чаң жугузбай коргой берсеңер, ага жакшылык кылган болбойсуңар. Андай кишилерди жаман көрбөй, кайра жардамчыңар катары көргүлө. Ошентсеңер, балдарыңарды бийлиги барларды, анын ичинде өзүңөрдү да урматтаганды үйрөтөсүңөр (Колосалыктар 3:20).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ: «Өз эркине коюлган бала энесин уятка калтырат» (Накыл сөздөр 29:15).

Сүйүү, туруктуулук жана тең салмактуулук

Ата-эне өтө катаал да, өтө жумшак да болбошу керек. Бала тарбиялоо боюнча бир китепте: «Ата-энеси өтө жумшак кармаган балдар үй-бүлөдө чоңдор башчылык кыларын анча түшүнө бербейт»,— делет («The Price of Privilege»). Эгер балаңар силердин башчы экениңерди түшүнбөсө, ал өзүн башчы сезип алышы мүмкүн. Ошонун айынан кийин өзү да азап тартат, силерди да азапка салат (Накыл сөздөр 17:25; 29:21).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ: «Эркек... аялы менен биригет да, экөө бир дене болот» (Матай 19:5).

Ыйык Китепке ылайык, нике түйүнү бала жарала электе эле түзүлөт жана балдар чоңоюп, уядан учкандан кийин да кала берет (Матай 19:5, 6). Демек, силер биринчиден, жубайларсыңар, анан барып ата-энесиңер. Эгер силердин үй-бүлөңөрдө баары тескерисинче болсо, балаңар өзү жөнүндө «тийиштүүдөн артык ойлой» башташы мүмкүн (Римдиктер 12:3). Андан сырткары, баланын көзүн карай берүү жубайлардын ортосундагы мамилени солгундатат.

Ата-энелерге жардам

Ата-энелик милдетти мыкты аткарууга жардам берген принциптер.

Сүйүү. «Балдарыңардын көңүлү чөкпөшү үчүн, аларды кыжырдантпагыла» (Колосалыктар 3:21).

Туруктуулук. «„Ооба“ деген сөзүңөр „ообаны“, „жок“ деген сөзүңөр „жокту“ билдирсин» (Матай 5:37).

Тең салмактуулук. «Мен сени чени менен оңдоп-түзөйм» (Жеремия 30:11) *.

^ абз. 21 Көбүрөөк маалымат алыш үчүн jw.org/ky сайтындагы ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > ЖУБАЙЛАР ЖАНА АТА-ЭНЕЛЕР деген бөлүккө киргиле. Ал жактан «Балдарды тарбиялоо», «Балаңар чыр салчу болгондо...», «Адеп-ахлак нормаларын балдарыңардын жүрөгүнө сиңиргиле», «Өспүрүм баланы кантип тарбияласа болот?» деген сыяктуу макалаларды таба аласыңар.