Эскерүү кечесин эмне үчүн белгилейбиз?
«Муну мени эскериш үчүн кылгыла» (1 КОР. 11:24).
1, 2. Б.з. 33-жылы 14-нисанда кечинде Иса Машаяк эмне кылган? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)
ТҮН. Б.з. 33-жылынын 14-нисаны. Иерусалим шаары. Көктө каалгып бараткан толгон айдын шооласы теребелге жарык чачып турат. Иса Машаяк менен элчилери ысрайыл элинин 15 кылым мурун Мисир кулчулугунан куткарылганын эске салган Пасах майрамын белгилеп бүтүштү. Ошол күнү Исанын өмүрү кыйылмак. Ал 11 ишенимдүү элчиси менен чогуу отуруп, жаңы аземди — өзүнүн өлгөн күнүн эске салып тура турган маанилүү аземди — негиздеп жатат * (Мт. 26:1, 2).
2 Иса тиленгенден кийин ачыткы кошулбаган нанды элчилерине узатып: «Алгыла, жегиле»,— дейт. Анан шарап куюлган чөйчөктү алып, дагы бир жолу тиленген соң: «Мындан баарыңар ичкиле»,— деп айтат (Мт. 26:26, 27). Ал элчилерине башка тамак-ашты антип узаткан эмес. Ошол маанилүү кечте Иса аларга көп нерсени айтып берген.
3. Бул макалада кайсы суроолор талкууланат?
1 Кор. 11:20). Буга байланыштуу айрымдарда: «Исанын өлгөн күнүн эмне үчүн эскерип турушубуз керек? Нан менен шарап эмнени билдирет? Эскерүү кечесине кантип даярдансак болот? Нан менен шараптан кимдер ооз тиет? Кудай берген үмүтүбүзгө кандай карашыбыз керек?» — деген суроолор туулушу мүмкүн.
3 Иса Машаяк өзүнүн өлгөн күнүн эске салып туруш үчүн негиздеген ал азем «Мырзабыздын кечки тамагы» деп да аталат (ИСА МАШАЯКТЫН ӨЛГӨН КҮНҮН ЭМНЕ ҮЧҮН ЭСКЕРЕБИЗ?
4. Машаяктын өлүмүнүн аркасында эмнеге жол ачылган?
4 Адам атанын урпактары болгондуктан, бизге күнөө менен өлүм тукум кууп өткөн (Рим. 5:12). Жеткилең эмес адамдардын бири да өзүнүн же башка бирөөнүн өмүрү үчүн Кудайга кун төлөй албайт (Заб. 49:6—9). Бирок Иса Машаяк өзүнүн жеткилең өмүрүн биз үчүн берип, ылайыктуу кун төлөгөн. Өзүнүн куткаруу курмандыгынын баасын Кудайга тартуу кылуу менен ал күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошонушубузга жана түбөлүк өмүр сүрүшүбүзгө жол ачкан (Рим. 6:23; 1 Кор. 15:21, 22).
5. а) Кудай менен Машаяктын адамзатты сүйөрүн кайдан билебиз? б) Машаяктын өлгөн күнүн эскерүүгө эмне үчүн катышышыбыз керек?
5 Жахаба Кудай кундун төлөнүшүнө кам көрүү менен адамзатты сүйөрүн көрсөткөн (Жкн. 3:16). Өмүрүн кун катары берүү менен Иса да адамдарды сүйөрүн далилдеген. Асманда Кудайдын «чебер устасы» катары эмгектенип жүргөндө анын кубанычы «адам баласына байланыштуу болгон» (Накыл 8:30, 31). Кудайга жана анын Уулуна болгон ыраазычылыгыбыз: «Муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деген буйрукка баш ийип, Эскерүү кечесине катышууга түрткү берет (1 Кор. 11:23—25).
НАН МЕНЕН ШАРАП ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?
6. Эскерүү кечесинде колдонулган нан менен шарапка байланыштуу эмнени эске алышыбыз керек?
6 Эскерүү кечесин негиздеп жатканда Иса нан менен шарапты кереметтүү түрдө өзүнүн денесине жана канына айландырган эмес. Ал нанды узатканда: «Бул менин денемди билдирет»,— деген. Ошондой эле шарапты узатып жатканда: «Бул көптөр үчүн төгүлө турган канымды, „келишимдин канын“, билдирет»,— деп айткан (Мр. 14:22—24). Ооба, нан менен шарап символ катары гана колдонулган.
7. Эскерүү кечесинде колдонулган нан эмнени билдирет?
7 Ошол маанилүү кечте Иса Машаяк Пасах майрамынан калган каламаны, башкача айтканда, ачыткы кошулбаган нанды колдонгон (Чыг. 12:8). Ыйык Жазмада ачыткы кээде күнөөнү же бузулгандыкты билдирет (Мт. 16:6, 11, 12; Лк. 12:1). Андыктан Исанын ачыткы кошулбаган нанды колдонгону абдан ылайыктуу болгон. Себеби ал нан анын күнөөсүз денесин билдирген (Евр. 7:26). Ошондуктан Эскерүү кечесинде ачыткы кошулбаган нан колдонулат.
8. Эскерүү кечесинде колдонулган шарап эмнени билдирет?
8 Иса элчилерине узаткан шарап, бүгүнкү күндө Эскерүү кечесинде колдонулган шараптай эле, анын канын билдирген. Ал Иерусалимдин сыртында жайгашкан Голгота деген жерде өлтүрүлгөн. Ошентип, адамдардын «күнөөлөрү кечирилиши үчүн», анын каны төгүлгөн (Мт. 26:28; 27:33). Эскерүү кечесинде колдонулган нан менен шарап Машаяктын адил адамдар үчүн курмандыкка чалынган баа жеткис өмүрүн билдиргендиктен, анын курмандыгын абдан баалашыбыз жана жыл сайын өткөрүлчү ал кечеге тийиштүү түрдө даярданышыбыз керек.
ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИНЕ КАНТИП ДАЯРДАНСАК БОЛОТ?
9. а) Ыйык Китептен Эскерүү кечесине байланыштуу берилген аяттарды окуганыбыз эмне үчүн маанилүү? б) Кун жөнүндө ой жүгүрткөндө кандай сезимде болосуң?
9 Эскерүү кечесинин алдында «Ыйык Жазманы күндө изилдөө» китепчесиндеги график боюнча Ыйык Китептен Иса Машаяктын өмүрүнүн акыркы күндөрүндө кылган иштери жөнүндө окуп, ой жүгүрткөнүбүз маанилүү. Бул Эскерүү кечесине жүрөгүбүздү даярдоого жардам берет *. Бир ишенимдешибиз мындай деп жазган: «Биз Эскерүү кечесин чыдамсыздык менен күтөбүз. Жыл өткөн сайын, аны абдан баалап баратабыз... Атам каза болуп, анын сөөгүн узатып жатканыбызда аны карап туруп кун үчүн өзгөчө ыраазы болгонум эсимде... Ага чейин кунга байланыштуу аяттардын баарын билчүмүн жана аларды жакшы түшүндүрүп бере алчумун. Бирок өлүм өз башыбызга түшкөндө гана баа жеткис кундун аркасында эмнелер ишке ашарын ойлоп, жүрөгүм кубанычка толгон». Биз да Эскерүү кечесине даярданып жатканда Машаяктын курмандыгынын аркасында кандайча күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошонорубуз жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз зарыл.
10. Эскерүү кечесине даярданганыбыз кызматыбызга кандай таасир этет?
10 Эскерүү кечеси өткөрүлө турган айларда көмөкчү пионер болуп же дагы башка жолдор менен көбүрөөк кызмат кылуу менен да ага жакшы даярданган болобуз. Ыйык Китепти изилдеп жаткандарды жана башкаларды ал аземге чакырганда аларга Жахаба Кудай менен анын Уулу жөнүндө, ошондой эле Жахабага жаккан иштерди кылып, аны даңктагандар келечекте ала турган баталар тууралуу айтып берүүдөн зор кубаныч аларыбыз шексиз (Заб. 148:12, 13).
11. Корунттуктардын айрымдары кандайча символдордон татыксыз түрдө ооз тийишкен?
11 Эскерүү кечесине даярданып жатканда элчи Пабылдын Корунт шаарындагы жыйналышка жазган катындагы сөздөрү тууралуу да ой жүгүртүп көр. (Оку: 1 Корунттуктар 11:27—34.) Пабыл ал катында татыксыз түрдө нандан жеп, шараптан ичкендер «Мырзабыздын денеси менен канына каршы күнөө кыларын» баса белгилеген. Андыктан майланган бир тууган «өзүн текшерип, татыктуу экенине ынангандан» кийин гана символдордон — нан менен шараптан — ооз тийиши керек. Эгер татыксыз түрдө «ичип-жесе, өзүн өзү айыптуу кылат». 1-кылымда Корунттагы жыйналышта туура эмес жүрүм-турумунун айынан «[рухий жактан] өлүм уйкусунда жаткандар», алсыздар, оорулуулар көп болгон. Сыягы, айрымдары Эскерүү кечеси өткөрүлүп жатканда же анын алдында өтө көп ичип-жеп алып, тунук ой жүгүртө албай калышкан жана жолугушууда айтылгандарга маани беришкен эмес. Алар ушундайча символдордон татыксыз түрдө ооз тийишкендиктен Кудайга жаккан эмес.
12. а) Пабыл Эскерүү кечесин эмнеге салыштырган жана нан менен шараптан ооз тие тургандарга эмнени эскерткен? б) Символдордон ооз тийген бир тууган олуттуу күнөө кетирип алса, эмне кылышы керек?
12 Пабыл Эскерүү кечесин башкалар менен чогуу тамактанууга салыштырып, нан менен шараптан ооз тие тургандарга: «Силер бир эле учурда Жахабанын да, жиндердин да чөйчөгүнөн иче албайсыңар; бир эле учурда „Жахабанын дасторконунан“ да, жиндердин дасторконунан да тамактана албайсыңар»,— деп эскерткен (1 Кор. 10:16—21). Символдордон ооз тийген бир тууган олуттуу күнөө кетирип алса, аксакалдардан жардам сурашы керек. (Оку: Жакып 5:14—16.) Эгер ал өкүнгөнүн «иш жүзүндө көрсөтсө», анын символдордон ооз тийгени Исанын курмандыгын баалабай турганын билдирбейт (Лк. 3:8).
13. Кудай берген үмүтүбүз жөнүндө тиленгенибиз эмне үчүн маанилүү?
13 Ар бирибиз Эскерүү кечесине даярданып жатканда Кудай берген үмүтүбүз жөнүндө тиленип, терең ой жүгүрткөнүбүз маанилүү. Жахабанын ишенимдүү кызматчылары катары биз майланган экенибизге толук ынанбай туруп нан менен шараптан ооз тийбейбиз. Себеби бул Машаяктын курмандыгын барктабагандыкка жатат. Кудайдын кызматчысы өзүнүн майланган экенин кантип аныктай алат?
НАН МЕНЕН ШАРАПТАН КИМДЕР ООЗ ТИЕТ?
14. Жаңы келишим менен Эскерүү кечесинде символдордон ооз тийүүнүн ортосунда кандай байланыш бар?
14 Кудай жаңы келишим түзөрүн жана анын ысрайылдыктар менен түзүлгөн Мыйзам келишиминен айырмаланарын Жеремия пайгамбар аркылуу алдын ала айткан. (Оку: Жеремия 31:31—34.) Кудай ал жаңы келишимди рухий Ысрайыл менен түзгөн (Гал. 6:15, 16). Нан менен шараптан татыктуу түрдө ооз тийип жүргөндөр өздөрүнүн ошол элдин мүчөсү экенине эч шектенишпейт. Иса шарапка байланыштуу: «Бул чөйчөк менин канымдын негизинде түзүлүүчү жаңы келишимди билдирет»,— деген (1 Кор. 11:25). Ал келишим Машаяктын төгүлгөн канынын негизинде күчүнө кирген (Лк. 22:20). Жаңы келишимдин арачысы — Иса Машаяк. Анын берилгендигин сактаган майланган жолдоочулары, келишимге ылайык, асмандагы мурасына ээ болушат (Евр. 8:6; 9:15).
15. Падышалык келишими кимдер менен түзүлгөн жана алар ишенимдүү бойдон калышса, кандай сыйлык алышат?
15 Майлангандар өздөрү менен Падышалык келишими да түзүлгөнүн жакшы билишет. (Оку: Лука 12:32.) Ал келишим Иса менен «анын азаптарына ортоктош болгон» ишенимдүү майлангандардын ортосунда түзүлгөн (Флп. 3:10). Бүгүнкү күндөгү майлангандар да Падышалык келишиминде турушат. Алар Машаяк менен бирге асманда түбөлүккө падышалык кылышат (Аян 22:5). Ошондуктан алар символдордон ооз тийүүгө толук укуктуу.
16. Римдиктер 8:15—17-аяттарда жазылгандарды кыскача түшүндүрүп бер.
16 Майлангандар өздөрүнүн Кудайдын балдары экенине ыйык рух аркылуу ынангандыктан да нан менен шараптан ооз тийишет. (Оку: Римдиктер 8:15—17.) Элчи Пабылдын «ата» дегенди билдирген «абба» деген арамей сөзүн колдонгону көңүлгө аларлык. Балдар ал сөздү колдонуу менен атасына абдан жакын экенин, ошол эле учурда аны терең урматтаарын көрсөтүшчү. Кудай «уулдары катары асырап алыш үчүн берген рухту» алгандар анын ыйык рухтан төрөлгөн балдары болуп эсептелет. Ыйык рух алардын руху менен бирге күбөлөндүрүп, аларды Жахабанын майланган уулдары экенине ынандырат. Бул алардын жөн эле жерде жашагысы келбей калганын билдирбейт. Алар өмүрүнүн аягына чейин ишенимдүү бойдон калышса, асманда Машаяк менен бирге падышалык кылышарына бекем ишенишет. Бүгүнкү күндө жерде Исанын «Ыйык Кудай тарабынан майланган» 144 000 жолдоочусунун азы гана калды (1 Жкн. 2:20; Аян 14:1). Алар Жахаба Кудай менен ушунчалык ынак мамиледе болушкандыктан аны: «Абба, Ата!» — деп чакырышат.
ҮМҮТҮҢДҮ ЖОГОРУ БААЛА
17. Майлангандар кандай үмүткө ээ жана алар өздөрүнүн майланган экенин кантип билишет?
17 Эгер сен майланган болсоң, тиленгенде асманда жашоого болгон үмүтүң жөнүндө дайыма айтасың. Ыйык Китептен Иса Машаяк менен анын колуктусунун «баш кошору» жөнүндө окуганда аны сага карата айтылгандай кабыл аласың жана ал убакты чыдамсыздык менен күтөсүң (2 Кор. 11:2; Жкн. 3:27—29; Аян 21:2, 9—14). Ошондой эле Кудайдын ыйык рух менен майланган уулдарына болгон сүйүүсү жөнүндө жазылган аяттардын өзүңө карата айтылганын айкын түшүнөсүң. Андан сырткары, Ыйык Китептен майлангандарга берилген көрсөтмөлөрдү окуганда, ыйык рух сага алардын өзүңө тиешелүү экенин түшүнүп, баш ийүүгө түрткү берет. Ушундайча Кудайдын руху сенин рухуң менен бирге күбөлөндүрүп, сени асманда жашоого болгон үмүткө ээ экениңе ынандырат.
18. «Башка койлор» кандай үмүткө ээ жана сен ал үмүт жөнүндө ойлонгондо кандай сезимде болосуң?
18 Эгер сен «башка койлорго» кирген «эбегейсиз көп адамдардын» катарында болсоң, Кудайдын убадасына ылайык, жер бетинде түбөлүк өмүр сүрөсүң (Аян 7:9; Жкн. 10:16). Бейиште түбөлүк жашагың келет жана Ыйык Китептен ал жөнүндө окуп, ой жүгүрткөндөн чоң кубаныч аласың. Үй-бүлөң жана башка адил адамдар менен бирге бейкут заманда жашай турган убакты көрүүнү эңсейсиң. Адамзат тамак-аштын жетишсиздигинен, жакырчылыктан, азап-кайгыдан, оорудан, өлүмдөн запкы тартпай турган учурду чыдамсыздык менен күтөсүң (Заб. 37:10, 11, 29; 67:6; 72:7, 16; Ыш. 33:24). Ошондой эле тирилгендерди тосуп алууну абдан каалайсың (Жкн. 5:28, 29). Ушундай үмүт бергени үчүн Жахабага чексиз ыраазы экениң шексиз. Иса Машаяктын куткаруу курмандыгын баалагандыктан, символдордон ооз тийбесең да, Эскерүү кечесине катышасың.
ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИНЕ КЕЛЕСИҢБИ?
19, 20. а) Канткенде үмүтүң ишке ашат? б) Эскерүү кечесине эмне үчүн катышасың?
19 Асманда жашоого үмүттөнөсүңбү же жердеби, Жахаба Кудайга, Иса Машаякка жана кунга ишенгениңде гана үмүтүң ишке ашат. Эскерүү кечесине катышканда үмүтүң жөнүндө жана Исанын өлүмүнүн канчалык зор мааниге ээ экени тууралуу ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүгүң болот. Андыктан быйыл 3-апрелде, жума күнү, Эскерүү кечесине сөзсүз катышууну максат кылып кой. Дүйнө жүзү боюнча Падышалык залдарында жана башка жерлерде күн баткандан кийин өткөрүлө турган ал кечеге миллиондогон адамдар келери шексиз.
20 Эскерүү кечесине катышуунун аркасында Исанын куткаруу курмандыгына болгон ыраазычылыгың артат. Ал жакта айтыла турган баяндаманы кунт коюп уксаң, башкаларга Жахабанын сүйүүсү жана адамзатка байланышкан кереметтүү ой-ниети жөнүндө айтып берүүгө түрткү аласың (Мт. 22:34—40). Ошондуктан, эч нерсеге карабай, Эскерүү кечесине катышканга чечкиндүү бол.