Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БИЗДИН АРХИВДЕН

«Жахаба силерди Францияга чындыкты билсин деп алып келди»

«Жахаба силерди Францияга чындыкты билсин деп алып келди»

АНТУАН СКАЛЕКИ бала кезинде понисин (бою жапыз жылкылардын бир түрү) жанынан чыгарчу эмес. Анысы менен атүгүл 500 метр тереңдиктеги шахтадан көмүр ташычу. Антуандын атасы шахта көчүп кеткенде, урандынын астында калып майып болуп калган. Ошол себептен Антуанга үй-бүлөсүн багыш үчүн шахтада күнүнө 9 сааттан жан үрөп иштөөгө туура келген. Ал өзү да бир жолу урандынын астында калып, аз жерден өмүрүнөн айрылып кала жаздаган.

Шахтада иштеген поляктардын шаймандары жана Син-Ле-Ноблга жакын жайгашкан Деши деген жердеги Антуан Скалеки иштеген шахта

Антуан 1920—1930-жылдары Францияда поляк үй-бүлөсүндө төрөлгөн балдардын бири болгон. Поляктар Францияга эмне үчүн көчүп барышкан? Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Польша эгемендүүлүккө кайрадан ээ болгондон тартып, өлкөдө калктын саны өтө көбөйүп кеткен. Ал эми Францияда согуштан миллиондон ашуун эркек киши каза тапкандыктан, шахтада иштегенге адамдар жетишсиз болгон. Ошондуктан 1919-жылы сентябрда Франция менен Польша өкмөтү иммиграция боюнча келишим кабыл алган. Ошентип, 1931-жылы Францияга көчүп барган поляктардын саны 50 7800гө жеткен. Алардын көбү Франциянын түндүгүндөгү көмүр чыккан аймактарга отурукташышкан.

Күжүрмөн эмгектенген поляк иммигранттары Францияга өздөрүнүн маданиятын, каада-салтын, динин ала барышкан. Азыр 90го чыгып калган Антуан: «Таятам Жозеф Ыйык Жазма жөнүндө аябай кастарлоо менен айтып берер эле. Анын атасы да Ыйык Жазманы жогору баалачу экен»,— дейт. Шахтада иштеген поляк үй-бүлөлөр, динге анча ишенбеген жергиликтүү тургундардын көп жактыра бербегенине карабай, жекшемби күндөрү жасанып-түзөнүп алып, чиркөөгө барып турушчу.

Поляк иммигранттары Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр менен биринчи жолу Нор-Па-де-Кале деген аймактан таанышышкан. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Нор-Па-де-Каледе 1904-жылдан бери ынтызарлык менен кабар айтып келатышкан. «Күзөт мунарасы» журналы поляк тилинде ай сайын 1915-жылдан, ал эми «Алтын кылым» (азыр «Ойгонгула!») журналы 1925-жылдан тартып басып чыгарыла баштаган. Көптөгөн үй-бүлөлөр Ыйык Жазмага негизделген ал адабияттарды, анын ичинде поляк тилиндеги «Кудайдын арфасы» деген китепти жакшы көрүп окушчу.

Антуандын таякеси жыйналышка биринчи жолу 1924-жылы барган. Антуандын үй-бүлөсү Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр менен ал аркылуу таанышып калган. Ошол жылы Брюэ-ан-Артуа деген жерде поляк тилинде Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн биринчи жыйыны болуп өткөн. Андан бир ай өтүп-өтпөй ал шаарга башкы башкармалыктын өкүлү Жозеф Ф. Рутерфорд барып, жалпыга арналган жолугушуу өткөргөн. Ага 2000 киши чогулган. Рутерфорд бир тууган ошончо көп эл келгенине сүйүнүп, мындай деген: «Жахаба силерди Францияга чындыкты билсин деп алып келди. Эми силер жана силердин балдарыңар француздарга жардам беришиңер керек. Кабар айтуу ишинде али көп жумуш жасалышы зарыл. Жахаба бул иш аткарылышы үчүн жарчылардын көбөйүшүнө кам көрөт».

Жахаба так ошондой кылган! Поляк бир туугандар, шахтада жан үрөп эмгектенгендей эле, кабар айтуу ишине да бүт ынтасы менен катышышкан. Айрымдары өздөрү билген чындыкты мекендештерине айтыш үчүн Польшага кайтып барышкан. Польшанын чоң-чоң аймактарына жакшы кабарды жарыялоо үчүн Франциядан көчүп кеткендердин арасында Теофил Пиаскофски, Штефан Косиак жана Ян Забуда деген бир туугандар болгон.

Бирок поляк тилинде сүйлөгөн жарчылардын көбү Францияда калып, француз бир туугандар менен бирге кабар айтуу ишине ынталуу катыша беришкен. 1926-жылы Син-Ле-Нобль деген жерде жыйын өткөрүлүп, 1000 киши программаны поляк тилинде, 300ү француз тилинде угушкан. 1929-жылдын «Жылдык китебинде»: «Бир жылдын ичинде 332 поляк ага-ини өздөрүн Кудайга арнап, чөмүлдү»,— деп жазылган. Экинчи дүйнөлүк согуш тутанганга чейин Франциядагы 84 жыйналыштын 32си поляк тилинде болчу.

Жыйынга бараткан Франциядагы поляк бир туугандар. Жазуу «Жахабанын Күбөлөрү» деп окулат

1947-жылы Польша өкмөтү поляктарды өз өлкөсүнө кайтып келүүгө чакырганда, көптөгөн поляк улутундагы Жахабанын Күбөлөрү мекенине көчүп барышкан. Бирок ал бир туугандар кеткенден кийин деле алардын да, француз бир туугандардын да эмгегинин үзүрү боло берген: ошол жылы Падышалыктын жарчыларынын саны 10 пайызга өскөн. Андан кийин 1948—1950-жылдары 20, 23, атүгүл 40 пайыз өсүш болгон. Жаңы жарчыларга жардам бериш үчүн Франциядагы филиал 1948-жылы алгачкы беш райондук көзөмөлчүнү дайындаган. Алардын төртөө поляк эле. Антуан Скалеки да алардын арасында болгон.

Франциядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн көбү шахтада да, кабар айтуу кызматында да күжүрмөн эмгектенген поляк ата-бабаларынын фамилиясын азыркы күнгө чейин алып жүрүшөт. Ошондой эле көптөгөн иммигранттар азыр деле чындыкты Франциядан таанып-билүүдө. Чет өлкөдөн болгон жарчылар мекенине кайтып барышабы же жаңы жерге отурукташышабы, мурунку поляк ишенимдештеринен үлгү алып, Падышалык жөнүндөгү кабарды ынтызарлык менен жарыялашат (Франциядагы архивибизден).