«Бүгүн кечинде эле окуй баштайм»
Австралиядан келген кат
«Бүгүн кечинде эле окуй баштайм»
АВСТРАЛИЯНЫН алыскы аймагы тууралуу сөз болгондо дароо эле ачуу тийген күндү, ээн талаа, эрме чөлдү элестетесиң. Бирок ал жерде Австралиянын калкынын дээрлик 1 пайызы, 180 000дей киши, жашайт.
Мени кичинекей кезимде ата-энем, алар да Жахабанын Күбөсү, алыскы аймактарга кабар айтуу үчүн алып барышар эле. Ал жерлердин учу-кыйры жок талаалары, өзгөчө бир кооздугу али күнгө чейин эсимде. Ошондой эле чыдамкай келген, ачык-айрым, жайдары эли да абдан жакчу. Азыр болсо үйбүлөлүүмүн, 10, 12 жашта эки балам бар. Мен алардын да алыскы аймакта кабар айтуунун «даамын татып» көрүшүн кааладым.
Даярдык көрүү
Алгач үйбүлөбүз менен канчалык алыс жерге, канча убакытка бара аларыбызды жана ага канча чыгым кетерин эсептеп чыктык. Биз менен кошо жыйналышыбыздагы бир үйбүлө жана толук убакыттуу кызмат кылган эки эже-карындаш да бармай болду. Жолго балдардын каникулу башталганда чыгууну сүйлөшүп алдык. Анан Жахабанын Күбөлөрүнүн Австралиянын Сидней шаарында жайгашкан филиалына каякка барсак болорун сурап, кат жаздык. Ошентип, өзүбүз жашаган Брисбен шаарынан батыш тарапта 400 километрдей алыс жайгашкан Гундиундинин жанындагы чакан шаарчага барсак болорун билдик.
Гундиундиде Жахабанын Күбөлөрүнүн чакан жыйналышы бар экенин угуп, аябай сүйүндүк. Ал жердеги биртуугандар менен жолугушуу кандай сонун болот. Алар менен байланышып, барарыбызды билдиргенде, биртуугандар чыдамсыздык менен күтөрүн айтышты.
Жолго чыгардан мурун жергиликтүү калкка, аборигендерге, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды кантип айтсак болорун сүйлөшүп алдык. Өзгөчө алардын салты менен маданиятын эске алалы дедик. Маселен, айрым уруулар өздөрү жашаган жерди менчиги катары көргөндүктөн, ал жерге уруксатсыз баруу маданиятсыздык болуп калмак.
Жолго чыгуу
Ошентип, көптөн күткөн күнүбүз да келди. Керектүү нерселерибизди алып, эки машине менен жолго чыктык. Жол жүргөн сайын айдалган талаалар көк шиберлүү түздүктөр менен алмашылып жатты. Анда-санда эвкалипт бадалдарын да көрүп жаттык. Кыштын жылуу айы болгондуктан, көк асмандан күн жаркырап тийип турду. Бир нече сааттан кийин Гундиундиге жетип, авточиркемелерибизди токтоткон жайга түнөдүк.
* деген китепти бергенибизге абдан кубанды. Андан соң өзүнүн уруусундагы кишилерге кабар айтышыбызга уруксат берди.
Эртеси, жекшемби күнү, күн чайыттай ачык, аба таптаза болуп турду. Кабар айтуу үчүн кандай сонун күн! Адатта, жай айларында бул жерде 40 градуска чейин ысык болот. Токтогон жерибизден 30 километрдей жүргөндөн кийин аборигендер отурукташкан жерге келдик. Алар бизди улгайган, чачын бубак баскан Женни аттуу аялга, уруу башчысына, жиберишти. Ал Ыйык Китеп тууралуу айткандарыбызды кунт коюп угуп, «Улуу Окутуучудан үйрөн»Биздин алдыбызда кичинекей балдар чуркап, келгенибизди билдирип жүрүштү. Ар бир үйдүн ээси айткан кабарыбызды кызыгуу менен угуп, Ыйык Китепке негизделген адабияттарды алып жатты. Ала келген адабияттарыбыздын баарын тараттык. Ошол күнү жыйналышка барыш керек болгондуктан, кайра шаарга жөнөдүк. Бирок жолукпай калгандарга кайра келерибизди айттык.
Кечинде Падышалык залында биртуугандар кызуу пикирлешип жатышты. Биз болсо жаңы эле таанышкандар менен тез эле жуурулушуп кеттик. Жергиликтүү жыйналыштагы 25 Күбө 30 000 квадрат километрди ээлеген чоң аймакты кыдырып, калкынын саны болжол менен 11 000ге жеткен элге ынталуулук менен кабар айтышат экен. Ишенимдештерибиздин бири: «Бизге жардам берели деп, ушунча жол жүрүп келгениңер үчүн чоң ырахмат»,— деп абдан ыраазы болду. Жыйналыштан кийин тамактанып алып, авточиркемебизди токтоткон жерге келдик. Жатар алдында ошол тегеректе жүргөн баштыкчан келестерге (чычкандын бир түрү) тамак бердик.
«Бүгүн кечинде эле окуй баштайм»
Кийинки эки күндү Квинсленд жана Жаңы Түштүк Уэльстин чет-жакаларындагы бири-биринен алыс жайгашкан үйлөрдү кыдырып кабар айтып өткөрдүк. Ал жердин көпчүлүк бөлүгүндө эвкалипт бадалы өсөт экен. Көк шиберде болсо койлор менен бодо мал жайбаракат жайылып жүрөт. Жолдо баратканда кулактарын тикчийтип алып, бизди карап турган бир нече бөрсөнү (кенгуруну) жана коруктун ичинде ээн-эркин басып жүргөн чоң эмуларды көрдүк.
Шейшемби күнү түштөн кийин жолдон мал айдап бараткан уйчуларга жолуктук. Алар, өзгөчө, кургакчылык маалында жайыт издеп, жер которуп турушат. Көп өтпөй жолдун аркы өйүзүндө бараткан атчан уйчунун жанына жете бардык. Машинени жолдун боюна токтотуп, машинеден түшүп аны менен учурашсам, алик алып: «Кандай, жигит?» — деди. Ал кары киши биз менен сүйлөшүш үчүн токтоп калды. Жанында ээрчиткен ити бар экен.
Кургакчылык тууралуу бир аз сүйлөшүп, ага Ыйык Китепте жазылган жакшы кабарды айтсам: «Ыйык Китепти бала кезимен бери окуп келатсам да, эмне үчүн бул жөнүндө билген эмесмин?» — деп таң калды. Анан дүйнөдөгү адеп-ахлактыктын төмөндөшүнө диний жетекчилер себепкер экенин айтты. Анткен менен Ыйык Китепти абдан баалаарын билдирди. Экөөбүз жакшы маектешип, ага «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» * китебин сунуштадым. Китепти көйнөгүнүн чөнтөгүнө салып жатып: «Бул китепте чын эле Ыйык Китеп эмнеге окутары айтылса, муну бүгүн кечинде эле окуй баштайм»,— деди.
Үйдү көздөй
Ошол кечте Падышалык залынан ишенимдештерибизге кызматта болгон окуяларды айтып бердик. Алар кызыгып калгандарга сөзсүз кайра барарын айтышты. Жыйналыш бүткөндөн кийин биртуугандар менен коштошуу кыйын болду. Анткени билинбей эле бири-бирибизге көнө түшүптүрбүз. Кыска убакыт эле кызматташсак да, баарыбыз тең рухий жактан бекемделдик (Римдиктерге 1:12).
Эртеси күнү үйдү көздөй аттандык. Саякатыбыз жөнүндө ой жүгүртүп, Жахабанын кылган аракетибизге мол батасын бергенин көрдүк. Аны менен болгон мамилебиз да бекемирээк боло түштү. Үйгө келгенден кийин балдарыман: «Эмки каникулда каякка баралы? Тоогобу?» — деп сурадым. Алар: «Жок, ата. Эмкиде да алыс жерлерге кабар айтканы баралычы»,— дешти. Жубайым да: «Келгиле, ошентебиз. Бул жолу аябай сонун эс алдык!» — деп балдарды коштоп кетти.
[Шилтемелер]
^ 11-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.
^ 17-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.