Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өспүрүмдөр менен пикир алмашуу

Өспүрүмдөр менен пикир алмашуу

Үйбүлөлүк бакыттын сыры

Өспүрүмдөр менен пикир алмашуу

«Мурун уулум менен пикирлешүүдө эч кандай деле кыйынчылык жок болчу. Азыр ал он алтыда. Эми жолдошум экөөбүзгө анын оюн билүү кыйын болуп калды. Ал өзүнүн бөлмөсүнөн чыкпайт, биз менен эптеп эле сүйлөшөт» (МИРИАМ, МЕКСИКА).

«Бир убактарда балдарым айткандарымды кунт коюп угушчу. Бир да сөзүмдү кулагынын сыртынан кетиришчү эмес! Бой тартып калгандан бери алар мени түшүнбөйт деп ойлошот» (СКОТТ, АВСТРАЛИЯ).

ЭГЕР балаңар өспүрүм болсо, балким, силер да ушул ата-энелердикиндей жагдайга туш болуп жаткандырсыңар. Мурун балаңар менен пикир алмашуу эки тараптуу жолго окшош болсо, эми ал жол жабылып калгандай сезилиши мүмкүн. «Кичинекей кезинде уулум суроолорду жаадырчу,— дейт Италиядагы Анжела аттуу бир эне.— Азыр болсо өзүм сөз баштабасам, бир нече күн бою жакшылап деле сүйлөшпөй жүрө беребиз».

Анжелага окшоп, силер да бир кездерде ачык-айрым балаңардын чоңойгон сайын түнт болуп баратканын байкагандырсыңар. Сөзгө тартууга канча аракет кылсаңар да, кыска эле жооп угасыңар. Уулуңардан: «Бүгүнкү күн кандай өттү?» — деп сурасаңар, ал: «Жакшы эле»,— деп коёт. Кызыңардан: «Мектепте бүгүн эмне болду?» — деп сурасаңар, ийинин куушура: «Эчтеке»,— деп коёт. «Эмнеге сүйлөбөйсүң?» — десеңер, унчукпай тим болушат.

Албетте, өспүрүмдөрдүн баары эле түнт эмес. Бирок алардын айткандары ата-энелерине дайыма эле жага бербеши мүмкүн. «Кызымдан бир нерсе кылышын өтүнсөм, адатта: „Жайыма койчу“,— деген жооп угам»,— дейт Нигерияда жашаган Эдна аттуу бир эне. Ал эми Мексикада жашаган Рамон 16 жаштагы баласы жөнүндө: «Биз дээрлик күн сайын урушабыз. Бир ишти жасап коюшун сурансам, ар кайсы шылтоолорду айтып кирет»,— дейт.

Ушундай өспүрүмдөрдү сөзгө тартуу үчүн ата-энелерден чыдамкайлык талап кылынат. Ыйык Китепте: «Кеңешпей кылган иштер бузулат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 15:22). «Уулумдун эмнени ойлоп жатканын билбегенде ушунчалык кыжырданып, кыйкырып-кыйкырып алгым келет»,— дейт Орусияда жашаган Анна аттуу жалгыз бой эне. Пикир алышуу абдан маанилүү болуп турган ушундай кезде эмне үчүн балдар да, ата-энелер да тил табыша албай калгандай сезилет?

Эмне тоскоол болушу мүмкүн?

Пикир алышуу жөн гана сүйлөшүү эмес. Иса: «Адамдын жүрөгү эмнеге толсо, оозу ошону сүйлөйт»,— деп айткан (Лука 6:45). Жакшы пикирлешүүнүн аркасында биз башкалардан көп нерсеге үйрөнөбүз, аларга өзүбүз жөнүндө айтып беребиз. Бирок оюндагысын башкалар менен бөлүшүү өспүрүмдөр үчүн кыйынга турушу ыктымал. Жетилип келаткан маалда аябай ачык-айрым бала да бат эле тартынчаак болуп калышы мүмкүн. Адистердин айтымында, өспүрүмдөр, адатта, өздөрүн жарык сахнада тургандай жана көрүүчүлөр аларды көзүн албай карап тургандай сезишет. Андыктан уялчаак өспүрүмдөр, мындайча айтканда, жарыктан качып, көшөгөнү жаап, ата-энелери менен пикирлешпей, обочолоно башташат.

Пикир алмашууга өспүрүмдөрдүн көзкарандысыз болууга умтулганы да тоскоол болушу мүмкүн. Бирок бул табигый эле нерсе, анткени балаңар чоңоюп, акыры өз алдынча болушу керек. Албетте, бул анын азыр эле өзүнчө жашап кетүүгө даяр экенин билдирбейт. Тескерисинче, так ушул куракта өспүрүмдөр ата-энелеринин жардамына аябагандай муктаж. Бирок өз алдынча болуу каалоосу бойго жеткенге чейин эле пайда боло баштайт. Жетилип келаткан маалда көп өспүрүмдөр өздөрүнүн оюн башкаларга айтардан мурун өз алдынча ойлонууну каалашат.

Анткен менен, Мексикада жашаган Жесика аттуу бир эне байкагандай, өспүрүмдөр бири-бири менен жакшы эле сүйлөшүшөт. «Кичинекей кезинде кызым, бир нерсе болсо эле, мага келчү. Эми болсо досторуна барат»,— дейт Жесика. Эгер силердин да балаңар ушинтсе, бул анын силерди урматтабай калганын билдирбейт. Сурамжылоолорго ылайык, өспүрүмдөр өздөрү эмне деп айтышпасын, баары бир деле ата-энелеринин кеңештерин досторунукуна караганда көбүрөөк баалашат. Анда балаңар менен жакшы пикирлешүүгө кантип өбөлгө түзө аласыңар?

Тоскоолдуктарды жоюу ийгиликке жеткирет

Узун, түз жолдо машине айдап баратканыңарды элестетсеңер. Бир топ жол жүрсөңөр да, рулду көп деле бурбайсыңар. Анан капысынан чукул бурулушка жетесиңер. Жолдон чыгып кетпеш үчүн ал жерден бурулушуңар керек. Муну балаңардын өспүрүм куракка жеткенине салыштырууга болот. Бир нече жыл бою бала тарбиялоодо, балким, эч кандай деле кыйынчылык болгон эместир. Эми болсо анын жашоосунда чукул бурулуш болгондуктан, муну эске алып, жагдайга ылайыкташышыңар керек. Өзүңөргө төмөнкү суроолорду берип көргүлө.

«Уулум же кызым сүйлөшкүсү келип жатканда, аны менен сүйлөшүүгө даярмынбы?» Ыйык Китепте: «Орундуу сөз жаркыраган күмүш идиштеги алтын алма»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 25:11). Бул аяттан көрүнүп тургандай, пикир алышуу үчүн убакытты туура тандоо маанилүү. Мисалы, дыйкан түшүмдүн эртерээк же кечирээк бышышына таасир эте албайт. Ал, болгону, түшүм жыйноо маалы келгенде, убакытты өткөрүп жибербей, колунан келген аракетин кылат. Кээде балаңардын силер менен сүйлөшүүнү каалаган учуру болушу мүмкүн. Ошол мүмкүнчүлүктөн пайдалангыла. Австралиядагы Фрэнсис аттуу жалгыз бой эне мындай дейт: «Кызым көп жолу, бир топ кеч болуп калганда, уктаган бөлмөмө келип, кээде бир саатка чейин сүйлөшчүбүз. Бул мага оңойго турчу эмес, анткени мен кеч жатканды жаман көрөм. Бирок ошондой учурларда экөөбүз көп нерселер тууралуу сүйлөшчүбүз».

КЕҢЕШ: Эгер балаңар сүйлөшкүсү келбей жатса, чогуу бир нерсе кылсаңар, мисалы, сейилдеп келсеңер, машине менен бир жакка барсаңар, чогуу ойносоңор же үйдөгү жумуштарды бирге жасасаңар болот. Көп учурда ушу сыяктуу жагдайларда өспүрүмдөр сөзгө оңой тартылат.

«Баламдын чынында эмне айткысы келип жатканын түшүнөмбү?» Аюб 12:11де: «Сөздү айырмалаган кулак эмеспи? Тамактын даамын билген тил эмеспи?» — делет. Өспүрүм курагында кызыңардын же уулуңардын сөздөрүн айырмалай билгениңер маанилүү. Өспүрүмдөр көп учурда бир нерсени күчөтүп айтканга жакын келишет. Мисалы, уулуңар же кызыңар: «Силер мага дайыма кичинекей балага мамиле кылгандай мамиле кыласыңар!» же «Силер мени эч качан укпайсыңар!» — деши мүмкүн. Анын «дайыма», «эч качан» деген сөздөрүнүн чын-төгүнүн териштирип киргендин ордуна, балаңардын ал сөздөрдү, сыягы, түз мааниде айтпаганын баамдай билгиле. Маселен, анын «силер мага дайыма кичинекей балага мамиле кылгандай мамиле кыласыңар» деп айтканы «силер мага ишенбей жатканыңардай сезилет» дегенди, ал эми «силер мени эч качан укпайсыңар» деп айтканы «чынында эмне сезип жатканымды айткым келет» дегенди билдириши ыктымал. Ошондуктан балаңардын чынында эмне айткысы келип жатканын түшүнүүгө аракет кылгыла.

КЕҢЕШ: Өспүрүм балаңар нааразычылыгын билдиргенде, ага: «Капаланып жатат окшойсуң. Айтчы, эмне болду? Эмне үчүн сага кичинекей балага мамиле кылып жатканыбыздай сезилет?» — деген сыяктуу сөздөрдү айтсаңар болот. Андан кийин сөзүн бөлбөй, кунт коюп уккула.

«Баламды сүйлөшүүгө мажбурлоо менен пикирлешүүбүздү ого бетер кыйындатып жаткан жокмунбу?»

Ыйык Китепте: «Адилдиктин жемишин бере турган үрөн тынчтыкка умтулгандардын пайдасы үчүн тынчтык бар жерде себилет»,— деп айтылат (Жакып 3:18). Балаңарды сөзгө тартуу үчүн сөзүңөр менен да, ишиңер менен да тынчтык өкүм сүргүдөй шарттарды түзгүлө. Силер, мындайча айтканда, балаңардын адвокатысыңар. Андыктан аны менен сүйлөшкөнүңөрдө сотто күбөнүн айткандарын жокко чыгарган прокурордой болбоого аракет кылгыла. Кореядагы бир ата мындай дейт: «Акылдуу ата-эне „Деги качан чоңоёсуң?“ же „Мен сага канча жолу айтам“ деген сыяктуу сөздөрдү айтпайт. Андай сөздөрдү бир нече жолу айтып, ката кетиргенимден кийин балдарымдын менин кантип айтканыма эле эмес, эмне деп айтканыма да кыжырданарын байкадым».

КЕҢЕШ: Эгер балаңар берген суроолоруңарга жооп бербесе, башка ыкмаларды колдонуп көргүлө. Мисалы, кызыңардан күндү кандай өткөргөнүн сурагандан көрө, өзүңөрдүн кандай өткөргөнүңөрдү айтып, анын эмне дээрин байкагыла. Же кайсы бир нерсе тууралуу көзкарашын билүү үчүн көңүлдү башка бирөөгө бура турган суроолорду бергиле. Курбу досунун ал нерсеге кандай карай турганын сурагыла. Анан ага кандай кеңеш бермектигин сурап көргүлө.

Өспүрүмдөр менен пикирлешүүнүн жолун тапса болот. Пикирлешүү үчүн колдонгон ыкмаларыңарды муктаждыкка жараша өзгөртүп тургула. Бул жагынан ийгиликке жеткен ата-энелер менен сүйлөшүп көргүлө (Накыл сөздөр 11:14). Уулуңар же кызыңар менен пикир алышканда «укканга даяр болгула, сүйлөгөнгө, ачууланганга шашпагыла» (Жакып 1:19). Баарынан мурда, балдарыңарга «Жахабанын ой жүгүртүүсүн өздөштүрүүгө жардам берип, анын акыл-насааты менен тарбиялоодо» жумшаган күч-аракетиңерден эч качан жазбагыла (Эфестиктер 6:4).

ОЙЛОНУП КӨРГҮЛӨ:

▪ Балам өспүрүм куракка жеткенден бери, андан кандай өзгөрүүлөрдү байкадым?

▪ Канткенде аны менен жакшыраак пикирлеше алам?

[20-беттеги кутуча]

Ата-энелердин байкагандарынан

«Башкалардын арасында балам ээн-эркин сүйлөшөт. Ошондуктан, экөөбүз жалгыз калганда, буга чейин башкалар менен сүйлөшкөн сөзүбүздү улайм» (АНЖЕЛА, ИТАЛИЯ).

«Башында балдарыбызды мактап, аларды канчалык жакшы көрөрүбүздү айтканда, алардын биз менен ачыгыраак сүйлөшөрүн байкадык» (ДОНИЗЕТИ, БРАЗИЛИЯ).

«Мен ыйык китептик нормалар боюнча чоңойгондор менен сүйлөшүп, өспүрүм курагында башынан эмнелерди өткөргөнүн жана ата-энелеринин аларга кантип жардам бергенин сурачумун. Алардан мен көп нерселерди биле алдым» (ДОН, БРИТАНИЯ).