Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба өзүнүн кандай Кудай экенин ачып берген

Жахаба өзүнүн кандай Кудай экенин ачып берген

Кудайга жакында

Жахаба өзүнүн кандай Кудай экенин ачып берген

Чыгуу 34:6, 7

КУДАЙДЫ сен кандай элестетесиң? Кудайдан өзү жөнүндө айтып беришин суранганыңда, анын сага айтып берип жатканын элестетсең. Ыйык Китепте так ушундай окуя болгону баяндалат. Андан Кудайдын Муса пайгамбарга өзү жөнүндө айтып бергенин окуй алабыз.

Муса пайгамбар Синай тоосунда Жахаба Кудайдан: «Мага Өз даңкыңды көрсөтчү»,— деп суранган (Чыгуу 33:18). Ошол күндүн эртеси ал Кудайдын даңкын көргөн *. Муса ошондо эмнелерди көргөнүн ийне-жибине чейин жазган эмес. Бирок ал эң маанилүү нерсени — Кудайдын айткан сөздөрүн — жазып калтырган. Келгиле эмесе, Чыгуу 34:6, 7-аяттардагы Жахабанын сөздөрүн талдап көрөлү.

Жахаба Муса пайгамбарга биринчи эле өзү жөнүндө «пендесин сүйгөн, ырайымдуу» Кудай экенин айткан (6-аят). Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуунун айтымында, «пендесин сүйгөн» деген эврей сөз айкашы «атасы баласына кандай боорукердик менен мамиле кылса, Кудай да адамдарга ошондой мамиле кыларын» билдирет. Ал эми «ырайымдуу» деген сөз «колунда бар кишинин муктаж болгон кишиге чын жүрөктөн жардам бергенин» билдирет. Жахаба Кудай, ата-эне балдарына кам көргөн сыяктуу, өз кызматчыларына сүйүү менен кам көрөрүн билишибизди каалайт (Забур 102:8, 13).

Жахаба андан кийин өзүнүн «чыдамдуу» экенин айткан (6-аят). Кудай жердеги кызматчыларына ачууланганга шашпайт. Тескерисинче, ал аларга жаман иштерин таштап, оң жолго түшүүгө мүмкүнчүлүк берип, кемчиликтерине көпкө чейин чыдайт (2 Петир 3:9).

Кудай андан ары өзүнүн «абдан боорукер, адилеттүү» экенин айткан (6-аят). «Боорукердик» — Кудайдын асыл сапаты. Ал абдан боорукер болгондуктан өз элин эч качан таштабайт (Мыйзам 7:9). Ошондой эле Кудай адилеттүү. Ал эч качан алдабайт жана алданбайт. Ал «чындыктын Кудайы» болгондуктан, анын ар бир айткан сөзүнө жана келечекте аткара турган убадаларына толук ишенсек болот (Забур 30:6).

Жахаба Кудай, мындан тышкары, адамдардын «кылмышын жана күнөөсүн кечире турган» Кудай экенин билишибизди каалайт (7-аят). Ал «көп жолу ырайым кылат» (Забур 85:5). Бирок ошол эле учурда жамандыкка көз жумбайт. Ал — «жазасыз калтырбай турган» Кудай (7-аят). Ыйык жана адилеттүү Кудай билип туруп күнөө кылган адамдарды жазасыз калтырбайт. Эртеби, кечпи, алар жаман иштеринин кесепетин тартышат.

Ооба, Жахаба Кудай биздин ал жөнүндө билишибизди каалайт. Анын эң сонун сапаттары жөнүндө дагы көбүрөөк билгиң келген жокпу?

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Муса Жахаба Кудайды түзмө түз көргөн эмес, анткени Кудайды көргөн киши тирүү калбайт (Чыгуу 33:20). Жахаба, сыягы, өзүнүн даңкын Муса пайгамбарга периште аркылуу көрсөтсө керек.