Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Жашоосунда мотоцикл айдоо, баңги зат колдонуу жана спорт менен машыгуу негизги орунду ээлеген киши эмнеден улам Кудайга толук убакытта кызмат кылууну чечкен? Кумар оюндарына берилип кеткен кишиге жаман адатын таштоого жана үй-бүлөсүн багуу үчүн жумушун алмаштырууга эмне түрткү берген? Жахабанын Күбөсүнүн үй-бүлөсүндө чоңоюп, бирок Ыйык Китептеги принциптерге ылайык жашабай калган кызга кайра чындык жолуна түшүүгө эмне жардам берген? Келгиле, алардын айткандарына көңүл буралы.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

АТЫ-ЖӨНҮ: ТЕРРЕНС ОБРАЙЕН

ЖАШЫ: 57

ӨЛКӨСҮ: АВСТРАЛИЯ

УРУН: БАҢГИ ЗАТ КОЛДОНЧУ ЖАНА МОТОЦИКЛГЕ АЯБАЙ КЫЗЫКЧУ

МУРУНКУ ЖАШООМ. Менин бала чагым Квинсленд штатынын борбору Брисбен шаарында өткөн. Ата-энем католик болчу, бирок мен сегиз жашка чыкканда чиркөөгө барбай калдык. Ошондон тартып дин жөнүндө такыр сүйлөшпөй калганбыз. Он жашымда биз Австралиянын Алтын Жээк деген жерине көчүп бардык. Биз деңизге жакын жашачубуз, ошондуктан өспүрүм кезимде сууда эле жүрчүмүн жана сёрфинг менен машыкчумун.

Анткен менен бала чагым бактылуу өттү деп айта албайм. Сегиз жашымда атам бизди таштап кетти. Апам болсо башка кишиге турмушка чыкты. Алар ичкендиктен үйдөн уруш-жаңжал кетчү эмес. Бир жолу кечинде үйдө катуу уруш болду. Ошондо мен кийин үйлөнө турган болсом, аялым менен эч качан урушпайм деп өзүмө сөз бергеним эсимде. Бирок ошол көйгөйлөргө карабай, баарыбыз: алты бала, апам жана өгөй атам бири-бирибизге ынак болчубуз.

Чоңойгон сайын досторум тамеки, марихуана чегип, баңги заттын дагы башка түрлөрүн колдонуп, ичкиликке бериле башташты. Мен да аларга кошулуп, ошондой жашоо өткөрө баштадым. Ошондой эле мотоцикл айдоого аябай кызыкчумун. Эки жолу жол кырсыгына учурасам да, мотоцикл айдаганымды токтоткон жокмун. Атүгүл аны менен бүт Австралияны кыдырып чыгууну чечтим.

Каалаганымды кылып, каалаган жагыма бассам да, дүйнөдөгү абалдын начарлашы, көптөрдү адамзаттын көйгөйлөрү тынчсыздандырбаганы тууралуу көп ойлончумун. Мен Кудай жөнүндөгү, дин жөнүндөгү чындыкты жана дүйнөдө болуп жаткан окуялардын маанисин билгим келчү. Булар тууралуу католик чиркөөсүнүн эки дин кызматчысынан сурагам. Бирок алардын жоопторуна ыраазы болгон жокмун. Ал суроолорума протестант чиркөөлөрүнүн кызматчылары да канааттандырарлык жооп беришкен жок. Ошол учурда бир досум Эдди деген Жахабанын Күбөсү менен тааныштырып калды. Экөөбүз Кудай жөнүндө төрт жолу сүйлөштүк. Ал суроолорумдун баарына Ыйык Китепти колдонуп жооп берди. Эдди менен биринчи жолу сүйлөшкөндө эле өзгөчө бир нерсе тапканымды түшүнгөм. Бирок ал кезде жашоомду өзгөртүшүм керек деп ойлочу эмесмин.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Австралияны кыдырып жүргөндө дагы бир Күбөгө жолугуп, аны менен да Кудай жөнүндө сүйлөшүп жүрдүм. Бирок Квинслендге кайтып келгенде Жахабанын Күбөлөрү менен алты ай байланышкан жокмун.

Бир жолу жумуштан келатып, көчөдө жакшы кийинген, сумка көтөргөн эки киши кетип баратканын көрүп калдым. Аларды дароо эле Жахабанын Күбөлөрү болуш керек деп болжодум. Алардын Жахабанын Күбөлөрү экенин билгенден кийин мени менен Ыйык Китепти изилдешин сурандым. Көп өтпөй Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарына бара баштадым, 1973-жылы Сиднейде өткөн чоң жыйынга да катыштым. Бирок Ыйык Китепти изилдей баштаганым үйүмдөгүлөргө, өзгөчө, апама жаккан жок. Ошол жана башка себептерден улам Күбөлөр менен мамилемди үздүм. Ошондон кийин крикет деген спорт оюнуна баш отум менен кирип кетип, кантип бир жыл өтүп кеткенин байкабай калыптырмын.

Кийинчерээк Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жүргөн кезде гана чындап бактылуу болгонумду түшүндүм. Андыктан кайрадан алар менен байланышып, жыйналыштарга бара баштадым. Ошондой эле баңги зат колдонуп жүргөн досторум менен мамилемди үздүм.

Мага жашоомду өзгөртүүгө Ыйык Китепте жазылган Аюб пайгамбар жөнүндөгү билдирүү түрткү берди. Мен Ыйык Китепти жашы өр тартып калган, мүнөзү жумшак, ошол эле учурда бекем Бил деген бир тууган менен изилдечүмүн. Аюб жөнүндө окуп бүткөндөн кийин Бил менден: «Шайтан дагы кимдердин Кудайга чын ниеттен кызмат кыларына шек туудурган?» — деп сурады (Аюб 2:3—5). Мен Ыйык Китептен билген каармандардын баарын санап кирдим. Бил болсо чыдамкайлык менен: «Ооба, ага да шек туудурган»,— деп кошулуп жатты. Анан ал мага тике карап: «Шайтан сенин да ниеттериңе шек туудурат!» — деди. Анын ошол сөздөрү мага аябай таасир этти. Мен Ыйык Китептен билгендеримдин баары чындык экенин билчүмүн. Бирок ошондо гана билгендеримди иш жүзүндө колдонушум керектигин түшүндүм. Ошондон төрт ай өткөндөн кийин чөмүлтүлүп, Жахабанын Күбөсү болдум.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Эгер Ыйык Китептеги нормаларга ылайык жашаганга үйрөнбөсөм, жашоом азыр кандай болмоктугун ойлогондо коркуп кетем. Азыр тирүү жүрөт белем, ким билет?.. Мурунку досторумдун көбү баңги заттын, ичкиликтин айынан каза болушту. Айрымдары никеде бактысыз. Кудайдын жолуна түшпөсөм, менин да жашоом ошондой болмок.

Учурда жубайым Маргарет экөөбүз Жахабанын Күбөлөрүнүн Австралиядагы филиалында кызмат кылабыз. Өкүнүчтүүсү, үйүмдөгүлөрдөн эч ким Ыйык Китепти изилдеген жок. Бирок Маргарет экөөбүз башкаларга, анын ичинде көптөгөн жубайларга Ыйык Китепти изилдөө менен жашоолорун өзгөртүүгө жардам бердик. Мунун аркасында сонун досторду таптык. Жахабанын Күбөлөрүнүн үй-бүлөсүндө чоңойгон жубайым Маргарет 40 жылдай мурун «аялым менен эч качан урушпайм» деген өзүмө берген убадамды аткарууга жардам берип келет. 25 жылдан ашуун убакыт бою биз бактылуу жашап келатабыз. Биздин ойлорубуз дайыма эле төп келише бербейт, ошентсе да көйгөйлөрдү талашып-тартышпай чечкенге аракет кылабыз. Албетте, бул жагынан бизге Ыйык Китептеги кеңештер жардам берет.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

АТЫ-ЖӨНҮ: МАСАХИРО ОКАБАЯШИ

ЖАШЫ: 39

ӨЛКӨСҮ: ЖАПОНИЯ

МУРУН: КУМАР ОЮНДАРЫНА БЕРИЛИП КЕТКЕН

МУРУНКУ ЖАШООМ. Мен Нагоя шаарынан жарым сааттык алыстыкта жайгашкан Ивакура шаарчасында чоңойгом. Ата-энем экөө тең жакшы кишилер болчу. Бирок кийинчерээк атамдын якудза — кылмыштуу уюмдун мүчөсү — болгонун жана бизди багыш үчүн арам жол менен акча таап жүргөнүн билдим. Ал аябай иччү. Акыры, боордун циррозунан каза болду. Мен анда 20да болчумун.

Атам корей улутунан болгондуктан, эл бизди жаман көрчү. Ушундан улам жана дагы башка көйгөйлөрдүн айынан өспүрүм курагым бактысыз өттү. Жогорку класста окуп жүргөнүмдө сабакты көп калтыра баштадым. Ошентип жүрүп, бир жылдан кийин мектепти таштадым. Полицияда учётто тургандыктан жана атам корей болгондуктан, мага жумуш табуу кыйынга турду. Кийин бир жумушка орноштум, бирок бутумду кокустатып алып, кара жумушка жарабай калдым.

Анан пачинко (Жапониядагы кумар оюнунун бир түрү) ойноп жан бага баштадым. Ошол учурда бир кыз менен жашап жүрчүмүн. Ал мыйзамдуу түрдө никеге турушубузду жана ак эмгек менен акча табышымды каалачу. Бирок кумар оюндарынан акчаны көп тапкандыктан жашоомду өзгөрткүм келчү эмес.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Бир жолу үйүмө Жахабанын Күбөсү келип, «Жашоо кантип пайда болгон? Эволюция жолу мененби же жаратуу жолу мененби?» деген китепти таштап кетти. Ага чейин ошол суроо тууралуу такыр ойлонгон эмесмин. Ал китепти окуп чыккандан кийин Ыйык Китепти изилдөөгө макул болдум. Мен адам өлгөндөн кийин эмне болорун билгим келчү. Ушул жана башка суроолорго Ыйык Китептен айкын жооп алгандан кийин көзүм ачыла түшкөндөй болду.

Мен Ыйык Китептен окуп-билгендеримди жашоомдо колдонушум керектигин түшүндүм. Ошондуктан мыйзамдуу түрдө никеге туруп, акка боёлгон узун чачымды кырктырып, сырткы көрүнүшүмдү оңдодум. Ошондой эле кумар оюндарын таштадым.

Мындай өзгөрүүлөрдү жасоо оңой болгон жок. Мисалы, тамекини таштай албай көп кыйналдым. Бирок жалындуу тиленүүнүн жана Жахабага таянуунун аркасында акыры аны таштадым. Кумар оюндарын таштап, башка жумушка орношкондон кийин да бир топ кыйналып жүрдүм. Себеби жаңы жумушумдан кумар оюндарынан тапкан акчанын жарымын эле тапчумун, анын үстүнө, ал жумушум оор болчу. Ошол учурларда мага Ыйык Китептеги Филипиликтер 4:6, 7де жазылган сөздөр жардам берди. Ал жерде: «Эч нерсеге тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү жана жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле. Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды Машаяк Иса аркылуу сактайт»,— делет. Бул сөздөрдүн калетсиз экенине көп жолу ынандым.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаганымды жубайым башында жактырбай жүрдү. Бирок жүрүм-турумумдун аябай өзгөргөнүн көрүп, ал да Ыйык Китепти изилдеп, мени менен Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарына бара баштады. Азыр экөөбүз тең Жахабанын Күбөсүбүз. Кудайга чогуу кызмат кылуу биз үчүн чоң бата!

Ыйык Китепти изилдегенге чейин өзүмдү бактылуумун деп эсептечүмүн. Бирок чыныгы бакытты мен азыр сезип жатам. Ыйык китептик нормаларга ылайык жашоо оңой эмес, ошентсе да бул — жашоонун эң мыкты жолу!

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

АТЫ-ЖӨНҮ: ЭЛИЗАБЕТ ЖЕЙН СКОУФИЛД

ЖАШЫ: 35

ӨЛКӨСҮ: УЛУУ БРИТАНИЯ

МУРУН: КӨҢҮЛ АЧУУЛАР ЖАШООСУНДА БИРИНЧИ ОРУНДА ТУРЧУ

МУРУНКУ ЖАШООМ. Мен Глазгодон (Шотландия) алыс эмес жайгашкан Хардгэйт деген чакан шаарда өскөм. Апам Жахабанын Күбөсү болгондон кийин мени Ыйык Китептеги чындыктарга окута баштады. Мен анда жети жашта болчумун. Бирок 17ге чыкканда мектептеги досторум менен көп убакыт өткөрө баштадым. Биз түнкү клубдарга барчубуз, хэви-металл стилиндеги музыка укчубуз, ичкилик иччүбүз. Оюмдун баары эле көңүл ачуу болуп, Кудайды да унутуп калгам. Бирок 21ге чыкканда жашоомдо чоң өзгөрүү болду.

Бир жолу Түндүк Ирландияга туугандарымдыкына барып калдым. Ал жерден протестанттардын диний парадына күбө болдум. Протестанттар менен католиктердин ортосундагы жек көрүүчүлүктү, фанатизмди көрүп аябай таң калдым. Ошол окуядан кийин эсиме келе түштүм. Апам үйрөткөн Ыйык Китептеги билимдерди унута элек болчумун, Кудай өзүнүн нормаларын баркка албагандарды жактырбай турганын да билчүмүн. Дал ошондо өзүмдүн гана кызыкчылыгымды көздөп, Кудайга жакпаган жашоо өткөрүп жүргөнүмдү түшүндүм. Ошентип, Шотландияга барарым менен Ыйык Китепти кайра изилдей баштоону чечтим.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарына кайрадан бара баштаганда өзүмдү ыңгайсыз сезип жүрдүм. Бирок жыйналыштагылардын баары мага жылуу мамиле кылышты. Мен Ыйык Китептен билгендеримди жашоомдо колдоно баштадым. Жыйналыштагы бир эже мага өзгөчө көңүл буруп, өзүмдү жыйналыштын мүчөсү экенимди сезүүгө жардам берди. Мурунку досторум мени түнкү клубдарга кийин деле чакырып жүрүштү, бирок аларга ыйык китептик нормаларга ылайык жашоону биротоло чечкенимди айттым. Акыры, алар мени менен байланышпай калышты.

Мурун Ыйык Китепке анча олуттуу карачу эмесмин. Азыр ага карата көз карашым такыр башка. Ыйык Китептеги каармандардын мага окшогон эле сезимдери, алсыздыктары болгонун, алардын чынында эле жашаган кишилер экенин түшүндүм. Алар деле ката кетиришкен, бирок чын жүрөктөн өкүнгөндүктөн, Жахаба аларды кечирген. Бул мени, эгер Кудайга жагууга колумдан келишинче аракет кылсам, жаш кезде кылган каталарымды кечирип, унутарына ынандырды.

Мага апамдын үлгүсү да күчтүү таасир этти. Мен Кудайдын жолунан четтеп кетсем да, апам Кудайга берилгендик менен кызмат кыла берди. Анын берилгендиги мага Жахабага кызмат кылуу арзырлык иш экенин түшүнүүгө жардам берди. Кичинекей кезимде апам менен үйдөн үйгө кабар айтчубуз. Бирок бир нече саат бою кабар айтуудан кантип кубаныч алса болорун түшүнчү эмесмин. Азыр болсо Исанын Матай 6:31—33-аяттардагы сөздөрүнө ылайык иш кылууга аракет кылам. Ал жерде мындай деп жазылган: «„Эмне жейбиз?“, „Эмне ичебиз?“ же „Эмне киебиз?“ деп эч качан тынчсызданбагыла... Силердин мунун бардыгына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет. Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын падышалыгын жана адилдигин издегиле, ошондо силерге мунун баары берилет». Көп өтпөй чөмүлтүлүп, Жахабанын Күбөсү болдум жана мурунку жумушумду жарым күндүк жумушка алмаштырып, Кудайга толук убакытта кызмат кыла баштадым.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Оюмдун баары эле көңүл ачуу болуп жүргөн кезде жашоодон канааттануу алчу эмесмин. Жашоом маңызсыз болчу. Азыр болсо өзүмдү толугу менен Жахаба Кудайга кызмат кылууга арнагандыктан, чындап канааттануу алып жатам. Жашоом маңызга толду. Учурда жолдошум экөөбүз Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарын жума сайын кыдырып, аларды рухий жаткан бекемдеп турабыз. Бул кызматты сыймыктуу иш деп эсептейм. Мага дагы бир жолу мүмкүнчүлүк бергени үчүн Жахабага абдан ыраазымын!

[19-беттеги сүрөт]

«Эдди менен биринчи жолу сүйлөшкөндө эле өзгөчө бир нерсе тапканымды түшүнгөм. Бирок ал кезде жашоомду өзгөртүшүм керек деп ойлочу эмесмин»

[21-беттеги сүрөт]

«Тамекини таштай албай көп кыйналдым. Бирок жалындуу тиленүүнүн жана Жахабага таянуунун аркасында акыры аны таштадым»

[22-беттеги сүрөт]

«Мурун Ыйык Китепке анча олуттуу карачу эмесмин. Азыр ага карата көз карашым такыр башка. Ыйык Китептеги каармандардын мага окшогон эле сезимдери, алсыздыктары болгонун, алардын чынында эле жашаган кишилер экенин түшүндүм»