Балдар Кудай жөнүндө билиши керекпи?
Балдар Кудай жөнүндө билиши керекпи?
«Биз кимдир бирөөнү жек көргөнгө келгенде, динге бек карманабыз, бирок бири-бирибизди сүйүш үчүн динге бек карманбайбыз» (ЖОНАТАН СВИФТ, АНГЛИС ЖАЗУУЧУСУ).
АНГЛИС жазуучусу бул ойду 18-кылымда айткан. Бүгүнкү күндө анын оюна көптөр кошулушат. Кээ бирөөлөр ата-энелер балдарына Кудай жөнүндө билим бербеши керек деп эсептешет. Алар динге бек карманган үй-бүлөдө чоңойгон балдарга дин кандайдыр бир деңгээлде терс таасир этет деген ойдо.
Буга карата силердин оюңар кандай? Төмөндө айтылгандардын кайсынысы туура деп ойлойсуңар?
● Ата-энелер балдарын Кудай жөнүндө окутуп-үйрөтпөшү керек.
● Ата-энелер балдарына алар чоңоюп калганда гана Кудай же дин жөнүндө айта баштаса болот.
● Ата-энелер балдарына, алар кичинекей кезинде эле, өзүнүн дини жана өзү ишенген Кудай жөнүндө айтышы керек. Бирок балдар чоңойгондо, аларга эмне үчүн тигиге же буга ишениши керектиги тууралуу ой жүгүрткөнгө түрткү бериши керек.
● Балдар ата-энеси ишенген Кудайга ишениши керек.
Дин балдарга кандай таасир этет?
Бир да ата-эне балдарына жамандык каалабайт. Бирок Кудай жөнүндөгү билим балдарга терс таасир этет деп ырастагандардыкы туурабы? Ондогон жылдардан бери изилдөөчүлөр Кудай жөнүндөгү билим балдарга кандай таасир этерин изилдеп келишкен. Анын жыйынтыгы кандай болгон?
Изилдөөчүлөр диндин балдарга зыян алып келбей турганын, тескерисинче, алардын өсүп-жетилишине жакшы таасир этерин аныкташкан. 2008-жылы чыккан бир журналдагы отчётто: «Дин ата-эне менен баланын ортосундагы мамилени чыңдайт»,— делген. Ошондой эле анда: «Балдарды Кудайдын осуяттары боюнча тарбиялап, аларга Кудай менен ынак мамиледе болууга жардам берүү көптөгөн балдардын жакшы чоңоюшуна, үйүндөгүлөрү менен болгон мамилесинин бекем болушуна жакшы шарт түзгөнү байкалды»,— деп айтылган («Social Science Research») *. Бул Иса пайгамбардын айткан сөздөрүнө дал келет. Ал: «Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» — деген (Лука 11:28).
Ал эми балдар Кудай жөнүндө, дин жөнүндө билгенге чоңойгондо деле жетишет деген ырастоо тууралуу эмне айтууга болот? Антип ырастагандардын ою туура эмес экенин бул нерсе көрсөтүп турат: балдардын акылы кичинекей кезинде таза, тунук болот. Аны бош идишке салыштырууга болот. Ошондуктан ата-энелер мындай деп ойлонуп көрсө болот: «Балдарыма үйдөн жакшы тарбия берип, алардын акылын Кудай жөнүндөгү билимге толтурамбы же балдарымдын акылы менен жүрөгүн дүйнөдөгү ар кандай ой-толгоолорго толтурушуна жол беремби?»
Ата-энелер эмне кылышы керек?
Дин фанатизмге, жек көрүүчүлүккө себеп болуп келгенин тарых тастыктап турат. Анда балдары жогоруда англис жазуучусу айткан адамдардай болуп калбашы үчүн, ата-энелер эмне кыла алышат? Алар канткенде балдарына башкаларды сүйүүгө үйрөткөн билим бере алышат?
Муну билиш үчүн төмөнкү үч суроого жооп алганыбыз маанилүү: 1) Балдар Кудай жөнүндө эмнени билиши керек? 2) Аларды ким окутуп-үйрөтүшү кажет? 3) Балдарды үйрөтүүдө кайсы ыкмалар эң жакшы болуп эсептелет?
[Шилтеме]
^ 11-абз. Бул сурамжылоого Кошмо Штаттарда жашаган 21 000ден ашуун бала, ошондой эле алардын ата-энелери жана мугалимдери катышкан.