Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Керемет болушу мүмкүнбү? Кеңири таралган үч көз караш

Керемет болушу мүмкүнбү? Кеңири таралган үч көз караш

Керемет болушу мүмкүнбү? Кеңири таралган үч көз караш

1-КӨЗ КАРАШ: керемет болушу мүмкүн эмес, анткени ал жаратылыш мыйзамдарына каршы келет. Биздин жаратылыш мыйзамдары жөнүндөгү түшүнүгүбүз окумуштуулардын жаратылыш кубулуштарына байкоо салуунун аркасында чыгарган жыйынтыгына негизделет. Ал мыйзамдар тилдин грамматикалык эрежелерине окшош. Тилде эрежелерге баш ийбеген нерселер болуп калат. Жаратылыш мыйзамдары жөнүндө да ушуну айтууга болот. Ал мыйзамдар жөнүндөгү түшүнүгүбүз аябай эле чектелүү болушу мүмкүн (Аюп 38:4). Жаратылыштын кайсы бир мыйзамын изилдеш үчүн окумуштуу ага бүт өмүрүн арнашы ыктымал. Бирок анын ошол мыйзам жөнүндөгү түшүнүгүн ага мурун белгисиз болгон кайсы бир маалымат толугу менен өзгөртүшү мүмкүн. Бир макалда айтылгандай, «ак куулардын баары ак деген ырастоону бир эле кара ак куу төгүнгө чыгарып салат».

Кайсы бир нерсени толук билбей туруп эле жыйынтык чыгарып коюшубуз мүмкүн экенин төмөнкү аңгеме көрсөтүп турат. Жон Локк (1632—1704-ж.) деген бир киши Нидерландиянын элчиси менен Сиам падышасынын сүйлөшкөнү жөнүндө аңгеме жазган. Элчи Сиам падышасына өзүнүн өлкөсү жөнүндө айтып берет. Ошондой эле ал жакта пилдин суунун үстүнөн баса аларын айтат. Падыша элчини калп айтып жатат деп ойлоп, айткандарына ишенбей коёт. Чынында, Нидерландиянын элчиси падыша өз көзү менен көрбөгөн нерсени эле айтып жаткан. Падыша суу тоңуп, муз болуп калганда, пилдин суунун үстүнөн баса аларын билген эмес. Бул падышага мүмкүн эместей сезилген, анткени ал билбеген нерселер болгон.

Ондогон жылдар мурун эле мүмкүн эместей сезилген нерселердин учурда ишке ашып жатканын карап көрөлү.

● Учак 800дөн ашуун кишини эч токтобой, саатына 900 километр учуп, Нью-Йорктон Сингапурга жеткире алат.

● Видео байланыш аркылуу ар кайсы континенттеги адамдар бири-бири менен бетме-бет сүйлөшкөндөй эле сүйлөшө алышат.

● Миңдеген ырлар ширеңкенин кутусунан да кичинекей нерсеге батып кетет.

● Хирургдар жүрөктү жана башка органдарды көчүрө алышат.

Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Эгер адамдар бир нече жыл мурун эле мүмкүн эместей сезилген нерселерди жүзөгө ашырып жатышса, кең ааламды жана андагы бардык нерселерди жараткан Кудайдын биз толук түшүнө албаган же азырынча көчүрмөсүн жасай албаган нерселерди жасаганга кантип кудурети жетпесин? * (Башталыш 18:14; Матай 19:26).

2-КӨЗ КАРАШ: Ыйык Китептеги кереметтер адамдарды бир нерсеге ишендириш үчүн эле жазылган. Ыйык Китепте бардык эле кереметтерге ишене бербешибиз керектиги айтылган. Тескерисинче, керемет-жышаандарга жана ажайып иштерге ишенүүдөн сак болушубуз керектиги жазылган. Анда «мыйзамсыз кишинин бар болушу Шайтандын иш-аракети астында ар кандай ажайып иштер, жалган керемет-жышаандар менен, ыймансыздык жана ар кандай калп менен коштолору» айтылган (2 Тесалоникалыктар 2:9, 10).

Иса пайгамбар анын жолдоочусумун деп ырастаган, бирок чынында анын жолун жолдобогон адамдардын чыгарын айткан. Атүгүл айрымдар ага: «Мырзам, Мырзам, биз сенин ысмың менен пайгамбарлык кылбадык беле? Сенин ысмың менен жиндерди кууп чыгарбадык беле? Сенин ысмың менен көптөгөн кереметтерди жасабадык беле?» — деп айтышмак (Матай 7:22). Бирок Иса пайгамбар аларды өзүнүн жолдоочулары катары кабыл албай турганын айткан (Матай 7:23). Мындан көрүнүп тургандай, Иса пайгамбар бардык кереметтер Кудайдан болот деп айткан эмес.

Кудай ага табынгандардын керемет көргөнү үчүн эле ага ишенип калышын каалабайт. Алардын ишеними далилдерге негизделиши керек (Еврейлер 11:1).

Келгиле, Ыйык Китептеги көптөргө белгилүү болгон бир кереметти, Иса пайгамбардын тирилгенин, карап көрөлү. Ал тирилгенден бир канча жылдар өткөндөн кийин, анын Корунт шаарында жашаган айрым жолдоочулары анын тирилгенинен шек санай башташкан. Элчи Пабыл аларга ишенимин бекемдегенге кантип жардам берген? Ал жөн эле: «Бекем ишенгиле»,— деп айтып койду беле? Жок. Элчи Пабыл төмөнкү нерселерди алардын эсине салган. Ал мындай деген: «[Иса пайгамбар] көргө коюлган жана Ыйык Жазмага ылайык, үчүнчү күнү тирилген, анан Кейфага, кийин он эки элчиге көрүнгөн. Андан соң бир эле учурда 500дөн ашык бир тууганыбызга көрүнгөн. Алардын көбү азыр деле арабызда жүрөт» (1 Корунттуктар 15:4—8).

Иса пайгамбардын ал жолдоочуларынын ошол кереметке ишениши маанилүү болгонбу? Элчи Пабыл андан ары: «Машаяк тирилбеген болсо, анда, албетте, кабар айтканыбыздын да, ишенгенибиздин да пайдасы жок»,— деп сөзүн улаган (1 Корунттуктар 15:14). Ооба, элчи Пабыл мунун маанилүү экенин жакшы түшүнгөн. Ага Иса пайгамбардын тирилген-тирилбегени баары бир болгон эмес! Ал Иса пайгамбардын чын эле тирилгенин билген, себеби Иса пайгамбардын тирилгенине күбө болгондордун көбү ошол учурда тирүү болчу. Алар көргөн нерсесинен тангандан көрө, өлүмгө баш байлоого даяр болушкан (1 Корунттуктар 15:17—19).

3-КӨЗ КАРАШ: кереметтер — табияттагы кадимки эле кубулуштар. Аларды билимсиз адамдар туура эмес түшүнүп алышат. Айрым окумуштуулар Ыйык Китепте жазылган кереметтерди Кудайдын кийлигишүүсүз эле болгон табият кубулуштары деп ырасташат. Алар эгер ошондой дей турган болсок, Ыйык Китепте жазылгандарга ишенүү оңой болот деп ойлошот. Ал кереметтердин айрымдарын жер титирөө, жер көчкү, жугуштуу оорунун жайылышы сыяктуу боло жүргөн нерсе катары көргөндөр бир нерсени эске албай жатышат. Тагыраак айтканда, алар Ыйык Китепте жазылган кереметтердин качан болгонун эске алышпайт.

Алсак, айрымдар Мисирдеги Нил дарыясынын канга айланганынан шек санашат. Алардын ою боюнча, сууга чопо аралашып кеткендиктен жана дарыядагы шапалактуулар классына кирген кызыл түстөгү жандыктардан улам Нилдин суусу кандай болуп кызарып калган. Бирок Ыйык Китепте Нил дарыясынын чынында эле канга айланганы айтылат. Ал окуялар баяндалган Чыгуу китебинин 7-бөлүмүнүн 14—21-аяттарын жакшылап окуп көрсөк, Муса пайгамбардын буйругу менен Арун пайгамбар дарыяны таягы менен чапканда, суунун ошол замат канга айланганын биле алабыз. Дарыянын канга айланышы табият кубулушунун аркасында болгон күндө да, Арун пайгамбар сууну чабар замат, канга айланганы керемет болгон!

Кереметтердин качан болгонуна байланыштуу дагы бир мисалга — ысрайыл эли Кудай убада кылган жерге кирээр алдында эмне болгонуна — токтолуп көрөлү. Алар ташкындап турган Иордан дарыясынын жээгине келип, аркы өйүзүнө өтө албай токтоп калышат. Андан ары эмне болгондугу жөнүндө Ыйык Китепте мындай делет: «Келишим сандыгын көтөргөн дин кызматчылардын буту Иордандын суусуна тиери менен, агып келаткан суу токтоп, тээ Саретандын жанындагы Адам деген шаарга чейин тосмодой болуп туруп калды» (Жашыя 3:15, 16). Бул жер титирөөдөн же жер көчкүдөн улам болду беле? Ыйык Китепте ал тууралуу айтылбайт. Бирок ошол окуянын болгон убактысы анын чынында эле керемет болгонун көрсөтүп турат. Ал керемет Жахаба кайсы убакытта болорун айтса, так ошол убакытта болгон (Жашыя 3:7, 8, 13).

Эми кандай деп ойлойсуңар, керемет чынында эле болушу мүмкүн бекен? Ыйык Китепте алардын чынында эле боло тургандыгы айтылат. Анда айтылгандарга ылайык, алар тек гана табият кубулуштары эмес. Кереметтер күн сайын болбогондугу үчүн эле аларды четке кагуу туурабы?

[Шилтеме]

^ 9-абз. Эгер силер Кудайдын бар экенине шектенсеңер, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Кудай бизге кам көрөбү?», «Тиричилик өзүнөн өзү пайда болгонбу?» деген китепчелерди карагыла же бул журналды берген адамга кайрылгыла.

[5-беттеги сүрөт]

Ондогон жылдар мурун көптөр саатына жүздөгөн километр учкан учактын болушун мүмкүн эмес деп ойлошкон