Кудай адамдарды тозокто кыйнайбы?
ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ адамдар менен ар кандай темада сүйлөшкөндү жакшы көрүшөт. Балким, кайсы бир суроонун жообун билгиңер келип жүргөндүр. Же Жахабанын Күбөлөрүнүн эмнелерге ишенери жөнүндө билгиңер келеттир. Эгер ошондой болсо, Жахабанын Күбөлөрүн жолуктурганыңарда аларга кайрылсаңар болот. Алар суроолоруңарга жооп берүүгө даяр.
Төмөндө Жахабанын Күбөсүнүн үй ээси менен курган маеги жазылган. Келгиле, алардын маегине көңүл буралы.
Кудай ыймансыз адамдарды жазалайбы?
Жахабанын Күбөсү: Кандайсыз, бүгүн үйдө турбайсызбы.
Үй ээси: Аа, кел.
Жахабанын Күбөсү: Өткөндө сиз берген суроо жөнүндө сүйлөшөйүн деп келгем.
Үй ээси: Кандай суроо бердим эле?
Жахабанын Күбөсү: Сиз: «Силер эмне үчүн тозок жок деп ойлойсуңар?» — деп сурабадыңыз беле.
Үй ээси: Аа, ооба. Чынын айтсам, тозок жок дегениңерге такыр кошула албайм.
Жахабанын Күбөсү: Негизи, тозок жөнүндө ар ким ар кандай ойдо. Сиздин оюңуз кандай?
Үй ээси: Тозок бар деп ойлойм. Жаман адамдарды Кудай тозокко түшүрөт да.
Жахабанын Күбөсү: Ооба, көптөр ушундай ойдо. Сизге бир суроо берсем болобу?
Үй ээси: Мейли.
Жахабанын Күбөсү: Сиздин жашооңузда каргашалуу окуя болду беле?
Үй ээси: Ооба, болгон. Мындан беш жыл мурун улуу балам киши колдуу болуп өлгөн.
Жахабанын Күбөсү: Абдан жаман болгон турбайбы. Азыркыга чейин кайгырып, жүрөгүңүз ооруйт болуш керек.
Үй ээси: Ооба, баламды ойлобогон күнүм болбойт.
Жахабанын Күбөсү: Азыр кара ниет адамдар көбөйүп кетпедиби. Көптөр кара мүртөз адамдардын айынан азап чеккендиктен да Кудай аларды тозокто кыйнаса экен дешет.
Үй ээси: Ооба. Мен деле баламды өлтүргөндөрдү Кудай жазаласа экен деп жатам.
Жахабанын Күбөсү: Ооба, сизди түшүнсө болот. Сиздин ордуңузда башка бирөө болсо, ал деле ушинтмек болуш керек. Ыйык Китепте Кудай да ыймансыз адамдардын башкаларга жамандык кылганын көргөндө каарданары, ошондой адамдарды жакында жок кылары айтылат. Ушул тууралуу Ышая китебинин 3-бөлүмүнүн 11-аятында эмне делгенине көңүл бурсаңыз: «Ыймансыздын башына каран түн, алаамат түшөт! Анткени ал кылган иштери үчүн тиешесин алат». Байкасаңыз, бул жерде айтылгандай, Кудай ыймансыз адамдарды сөзсүз жазалайт.
Үй ээси: Бирок сен тозок жок деп жатпайсыңбы. Тозок жок болсо, Кудай кантип жазаламак эле?
Жахабанын Күбөсү: Жакшы суроо экен. Кудай ыймансыз адамдарды түбөлүккө жок кылат. Ыйык Китепте эмне делерин чогуу карап көрбөйлүбү? 2 Тесалоникалыктар китебинин 1-бөлүмүнүн 9-аятында жазылгандарды окуп көрсөңүз.
Үй ээси: «Алар түбөлүккө кыйратылуу жазасына тартылып, Теңирдин көз алдынан жок болушат».
Жахабанын Күбөсү: Бул аятта айтылгандай, Кудай аларды түбөлүккө жок кылат.
Үй ээси: Бул адилеттикке жатпай калат да. Адамдардын баары эле өлөт. Ошондой жаман ишке баргандар андан да катуу жазаланышы керек да.
Адилеттик эмнени талап кылат?
Жахабанын Күбөсү: Сиз адилеттикти эңсеген киши турбайсызбы.
Үй ээси: Адилеттикти ким эле эңсебесин.
Жахабанын Күбөсү: Ооба. Анткени Кудай бизди адилеттик сапаты менен жараткан. Ошон үчүн дайыма адилеттикти эңсеп келебиз. Жахаба — адилеттүү Кудай. Бирок диний жетекчилер Кудай адамдарды тозокто кыйнайт деп айтып, Кудайды адилетсиз кылып көрсөтүп жатышат.
Үй ээси: Кандайча?
Жахабанын Күбөсү: Сиз Адам ата менен Обо эне жөнүндө уккан болушуңуз керек, ээ?
Үй ээси: Ооба. Кудай аларга бир жемишти жебе десе, алар баш ийбей, жеп алышкан деп айтышат го.
Жахабанын Күбөсү: Туура айтасыз. Келиңиз, ошо жөнүндө Ыйык Китептен окуп көрөлү. Башталыш китебинин 2-бөлүмүнүн 16, 17-аяттарында мындай деп жазылган: «Жахаба Кудай адамга мындай деп буйрук берди: „Бактагы бардык дарактын жемишинен каалашыңча жесең болот. Бирок жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, болбосо аны жеген күнү өлөсүң“». Бул жерден көрүнүп тургандай, Адам ата Кудай жебе деп тыюу салган жемиштен жесе, эмне болмок экен?
Үй ээси: Кудай өлөсүң деген турбайбы.
Жахабанын Күбөсү: Ооба. Адам атанын кылган күнөөсүнүн айынан адамдардын баары төрөлгөнүнөн тартып эле күнөөлүү болуп калган *. Бирок көңүл бурсаңыз, Кудай ошондо аларга кылган күнөөсү үчүн тозокко түшөрүн айтыптырбы?
Үй ээси: Жок.
Жахабанын Күбөсү: Эгер Адам ата менен Обо эне кылганы үчүн тозокко түшө турган болсо, Кудай аларга муну сөзсүз айтмак да. Айтпай койсо, Кудай адилетсиз, таш боор болуп калмак, туурабы?
Үй ээси: Туура.
Жахабанын Күбөсү: Адам ата менен Обо эне күнөө кетиргенден кийин, Кудай эмне дегенин карап көрбөйлүбү? Башталыш 3:19ду өзүңүз окуп көрсөңүз.
Үй ээси: «Өзүң алынган топуракка кайтмайынча маңдай териңди агызып нан таап жейсиң. Анткени сен топураксың, кайра топуракка кайтасың».
Жахабанын Күбөсү: Бул аятка ылайык, Адам ата өлгөндөн кийин каякка бармак экен?
Үй ээси: «Кайра топуракка кайтасың»,— дейби?
Жахабанын Күбөсү: Ооба. Бир мисал келтирейин, адам бир жакка кайтып барды десе, ал мурун ошо жакта болгонун билебиз да, чынбы?
Үй ээси: Ооба.
Жахабанын Күбөсү: Анда Кудай Адам атаны жарата электе Адам ата каякта болгон деп ойлойсуз?
Үй ээси: Эч жакта болгон эмес, ал жарала элек болчу да.
Жахабанын Күбөсү: Туура айтасыз. Кудай тозок жөнүндө эч нерсе айткан эмес. Эгер Кудай Адам атаны тозокко түшүрө турган болсо: «Сен топураксың, кайра топуракка кайтасың»,— деп айтат беле?
Үй ээси: Жок, антип айтмак эмес болуш керек. Бирок адамдар тозоктон коркпосо, жамандык кылгандар көбөйүп кетпейби?
Боорукер, мээримдүү Кудай адамдарды тозокто кыйнайт беле?
Жахабанын Күбөсү: Бирок Кудай тозокто кыйнайт дегенге ишенген элдердин арасында кылмыштуулук аз деп айта албайбыз да. Тескерисинче, ошондой өлкөлөрдө кылмыш көп болуп жатпайбы. Кандай деп ойлойсуз, Кудай адамдарды ырайымсыздык менен тозокто кыйнайт дегенге ишенгендер мыкаачылыкты жек көрөбү?
Үй ээси: Жок, жек көрбөйт го.
Жахабанын Күбөсү: Келиңиз, Ыйык Китептен Кудайдын мыкаачылыкка карата кандай көз карашта экенин карап көрөлү. Жеремия китебинин 7-бөлүмүнүн 31-аятын окуп көрсөңүз.
Үй ээси: «Уул-кыздарын отко өрттөш үчүн алар Ином уулунун өрөөнүндөгү Топетте сыйынууга арналган бийик жерлерди жасашты. Бирок мен аларга андай буйрук берген эмесмин, ал менин оюма да келген эмес».
Жахабанын Күбөсү: Эгер адамдарды кыйноо Кудайдын оюна да келбесе, ал адамды тозокко түшүрүп, ырайымсыздык менен кыйнамак эмес да.
Үй ээси: Ооба, аның туура.
Жахабанын Күбөсү: Бир мисал келтирейин, сиздин балдарыңыз бар да, ээ?
Үй ээси: Ооба, бир уулум бар. 15ке чыгып калды.
Жахабанын Күбөсү: Балаңыз сизди такыр укпай, ээнбаш чыкты деп коёлу. Ал көп туура эмес иш кылып, сизди капалантса, эмне кылат элеңиз?
Үй ээси: Аны тарбиялаганга аракет кылмакмын.
Жахабанын Күбөсү: Аны оң жолго салыш үчүн бүт күчүңүздү жумшамак болушуңуз керек, ээ?
Үй ээси: Ооба.
Жахабанын Күбөсү: Бирок канча аракет кылсаңыз деле, балаңыз сизди укпай койду дейли. Сизге аны катуу жазалагандан башка арга жоктой сезилсе, аны жазалайт белеңиз?
Үй ээси: Ооба, такыр укпаса, жазаламакмын да.
Жахабанын Күбөсү: Балаңыздын колун отко күйгүзүп жазалайт белеңиз?
Үй ээси: Жок, кантип ошентмек элем.
Жахабанын Күбөсү: Эгер балаңызды ушинтип жазалаганга колуңуз барбаса, ырайымдуу, боорукер Кудай кантип адамдарды кыйнап жазаласын?
Үй ээси: Мм... Чын эле. Бул жөнүндө ойлонбоптурмун.
Жахаба Кудай ыймансыз адамдардын баарын жок кылат
Жахабанын Күбөсү: Кудай жакында жамандык кылганын токтотпогон ыймансыздардын баарын жок кылат. Ушул тууралуу Ыйык Китептен дагы бир аят окуп көрбөйлүбү? Забур китебинин 37-бөлүмүнүн 9-аятын окуп көрөсүзбү?
Үй ээси: Болуптур. «Жамандык кылгандар кырылат, ал эми Жахабага үмүт арткандар жерди мураска алат».
Жахабанын Күбөсү: Бул аятка ылайык, Кудай ыймансыз адамдарды эмне кылат экен?
Үй ээси: «Жамандык кылгандар кырылат»,— дейт го.
Жахабанын Күбөсү: Ооба, Кудай ыймансыз адамдарды жок кылат. Ал эми ага «үмүт арткандар» жерде түбөлүк жашашат. Балким, сизде: «Жамандык кылгандарды Кудай эмне үчүн дароо эле токтотуп койбойт? Эгер Кудай ыймансыздарды жазалай турган болсо, анда эмне үчүн азыркыга чейин жазалабай келет?» — деген суроолор туулушу мүмкүн.
Үй ээси: Чын эле, эмне үчүн Кудай ушундай кылбайт?
Жахабанын Күбөсү: Анда эмки келгенде Ыйык Китепте ушулар тууралуу эмне делери жөнүндө сүйлөшпөйлүбү? *
Үй ээси: Макул.
^ 36-абз. Карагыла: Римдиктер 5:12.
^ 76-абз. Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 11-бөлүмүн карагыла.