Кудайды таанып-билүү мүмкүнбү?
«Кудай акыл жеткис» (Филон Александрийский, философ, 1-к.).
«[Кудай] ар бирибизге жакын» (Тарстык Шабылдын Афиндеги философторго жолдогон сөзү, 1-к.).
УШУЛ эки кишинин кайсынысына кошулат элеңер? Көптөр элчи Пабыл деп да белгилүү болгон тарстык Шабылдын жүрөк жылыткан сөзүнө кошулат (Элчилер 17:26, 27). Ыйык Китептин дагы бир аятынан ушу сыяктуу жубатарлык сөздөрдү табууга болот. Маселен, Иса Машаяктын Кудайдан тиленип жатып анын жолдоочулары Кудайды таанып-билип, анын батасына ээ боло аларын айтканы жазылган (Жакан 17:3).
Бирок Филон сыяктуу философтор такыр башка көз карашта болушкан. Алар Кудайды таптакыр акыл жеткис деп эсептешкендиктен аны таанып-билүү мүмкүн эмес деп ойлошот. Чын эле ошондойбу?
Ыйык Китепте Кудайга байланыштуу айрым нерселерди түшүнүү мүмкүн эмес экендиги ачык эле айтылат. Мисалы, Жараткан Кудайдын түбөлүктүүлүгүн түшүнүү жана акылмандыгынын тереңдигин өлчөө мүмкүн эмес. Ооба, бул нерселер акылыбызга сыйбайт. Бирок бул Кудайды таанып-билүүгө тоскоолдук кылбайт. Чын-чынына келгенде, так ошондой нерселер жөнүндө ой жүгүртүү бизди «Кудайга жакындатат» (Жакып 4:8). Келгиле, адегенде алгач акылыбыз жетпеген айрым нерселерди карап чыгалы. Андан кийин акылыбыз жеткен нерселерге токтолобуз.
Акылыбыз жетпеген нерселер
КУДАЙДЫН ТҮБӨЛҮКТҮҮЛҮГҮ. Ыйык Китепте Кудайдын «түбөлүктөн түбөлүккө» бар экени жазылат (Забур 90:2). Башкача айтканда, Кудай дайыма бар болуп келген жана боло берет. Адамдар үчүн Кудайдын «жылдарынын саны эсепсиз» (Аюп 36:26).
Муну билүүнүн пайдасы. Кудай аны таанып-билгендер түбөлүк өмүргө ээ болот деп убада берген (Жакан 17:3). Эгер Кудай өзү түбөлүктүү болбосо, ушундай убаданы аткара алмак беле? Албетте, жок. Мындай убаданы «Түбөлүктүктүн Падышасы» гана аткара алат (1 Тиметей 1:17).
КУДАЙДЫН АКЫЛМАНДЫГЫ. Ыйык Китепте Кудайдын ойлору биздикинен алда канча өйдө болгондуктан «акылмандыгы изилденгис» экени айтылат (Ышая 40:28; 55:9). Ошондуктан Ыйык Китепте: «Жахабаны үйрөткүдөй, анын акылын ким таанып-билген?» — деген суроо берилет (1 Корунттуктар 2:16).
Муну билүүнүн пайдасы. Кудай бир эле учурда миллиондогон адамдардын ага кайрылып, тиленгенин уга алат (Забур 65:2). Ал атүгүл таранчынын да жерге кулап түшкөнүн байкабай калбайт. Акылындагы маалыматтын көптүгүнөн биз анын көз жаздымында калышыбыз же ал биздин тиленгенибизди укпай калышы мүмкүнбү? Жок, анткени анын аң-сезими, акылы чексиз. Андан да маанилүүсү, ал үчүн биз «топ таранчыдан да баалуубуз» (Матай 10:29, 31).
КУДАЙДЫН ЖОЛДОРУ. Ыйык Китепте адамдар Кудайдын «жасап жаткан иштерин башынан аягына чейин эч качан аңдай алышпай» турганы жазылган (Насаатчы 3:11). Ошондуктан Кудай жөнүндө бардыгын эч качан биле албайбыз. Анын жолдору изилденгис (Римдиктер 11:33). Бирок Кудай өзүнүн жолдорун ага жаккыдай иш кылууну каалагандарга ачып берүүгө даяр (Амос 3:7).
Жараткан Кудайдын түбөлүктүүлүгүн түшүнүү, акылмандыгынын тереңдигин өлчөө мүмкүн эмес
Муну билүүнүн пайдасы. Ыйык Китепти окуп-изилдесеңер, Кудай жөнүндө, анын жолдору жөнүндө улам жаңы нерселерди биле бересиңер. Бул Жараткан Кудайыбызга түбөлүк жакындай бере аларыбызды билдирет.
Акылыбыз жеткен нерселер
Кудайга байланыштуу айрым нерселерди толук түшүнө албаганыбыз аны таанып-билүү такыр мүмкүн эмес дегенди билдирбейт. Ыйык Китепте Кудайды жакшыраак таанып-билүүгө жардам бере турган маалымат көп. Келгиле, алардын айрымдарына токтололу.
КУДАЙДЫН ЫСЫМЫ. Ыйык Китепте Кудайдын аты бар экени айтылат. Анда Кудайдын: «Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым»,— деп айтканы жазылган. Ыйык Китепте Кудайдын ысымы, андагы башка ысымдардын баарынан эң көп, 7 000дей жолу, кездешет (Ышая 42:8).
Муну билүүнүн пайдасы. Иса пайгамбар үлгү иретинде айткан тиленүүсүндө: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын»,— деп айткан (Матай 6:9). Силер да Кудайга атынан айтып кайрылсаңар болот. Ыйык Китепте Жахабанын анын ысмына тийиштүү урмат көрсөткөндөрдү куткарары жазылган (Римдиктер 10:13).
ЖАШАГАН ЖАЙЫ. Ыйык Китептен эки «дүйнө» — рухий денеге ээ рухтар жашаган дүйнө жана аалам менен жерди камтыган кадимки физикалык дүйнө — бар экенин билүүгө болот (Жакан 8:23; 1 Корунттуктар 15:44). Ыйык Китептеги «асман» деген сөз көбүнчө рухий дүйнөнү билдирет. Жаратканыбыздын «жашаган жайы» так ошондой маанидеги «асманда» (1 Падышалар 8:43).
Муну билүүнүн пайдасы. Бул маалымат Кудайдын табиятын айкыныраак түшүнүүгө жардам берет. Жаратканыбыз бардык жерде жана бардык нерсенин ичинде жүргөн кандайдыр бир Еврейлер 4:13).
белгисиз күч эмес. Кудай белгилүү бир жерде жашайт. Анткен менен «жаратылгандардын бири да Кудайдан жашына албайт» (КУДАЙДЫН КАСИЕТ-САПАТТАРЫ. Ыйык Китепте Жахаба башкаларды өзүнө тартып турган сапаттарга ээ экени жазылган. Маселен, «Кудай — сүйүү» делет (1 Жакан 4:8). Ал эч качан жалган сүйлөбөйт (Тит 1:2). Баарына калыс, кайрымдуу, боорукер жана ачууланганга шашпайт (Чыгуу 34:6; Элчилер 10:34). Ошондой эле, көптөргө таң калыштуу сезилсе да, Жаратканыбыз атүгүл аны урматтагандар менен «ынак мамиледе» болууну каалайт (Забур 25:14).
Муну билүүнүн пайдасы. Ушуну билгендин аркасында Жахаба менен достук мамиле өрчүтө аласыңар (Жакып 2:23). Ал эми аны таанып-билген сайын, Ыйык Китепте жазылгандарды жакшыраак түшүнө баштайсыңар.
«АНЫ ИЗДЕГИЛЕ»
Ыйык Китептен Жахаба Кудай жөнүндө так-даана билүүгө болот. Ал таанып-билгис болгусу келбейт. Ал адамдардын аны жакыныраак билишин каалайт. Ыйык Китепте: «Эгерде аны издесең, ал өзүн тапканга жол берет»,— деген убада жазылган (1 Жылнаама 28:9, шилтеме). Андыктан Ыйык Китепти окуп, билгендериңер жөнүндө ой жүгүртсөңөр, ал тууралуу көбүрөөк билесиңер. Ошондо ал «силерге жакындайт» (Жакып 4:8).
Балким: «Кудай жөнүндө бүт баарын биле албасам, аны менен кантип дос боло алмак элем?» — дейттирсиңер. Бирок, ойлоп көрсөңөр, хирургдун жакын досу болуш үчүн сөзсүз аныкындай деңгээлдеги медициналык билимге ээ болуш керекпи? Албетте, жок. Анын досу такыр башка кесиптин ээси болушу мүмкүн. Ошентсе да экөө абдан ынак боло алат. Эң негизгиси — досунун анын сапаттарын, ага эмне жагар-жакпасын билгени. Ошо сыңары, силер да Ыйык Китептен Жахабанын сапаттарын биле аласыңар. Аны менен достук мамилени өрчүтүш үчүн так ошол нерсе керек.
Ыйык Китепте Жаратканыбызды таанып-билүүгө жардам берген так маалымат бар. Силер Жахаба Кудай жөнүндө билгиңер келеби? Жахабанын Күбөлөрү силерге Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдөөгө жардам бере алышат. Ан үчүн алар менен байланышсаңар же www.mt1130.com/ky сайтына кирсеңер болот.