Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ТИЛЕНҮҮНҮН ПАЙДАСЫ БАРБЫ?

Эмне үчүн Кудай бизди тиленүүгө үндөйт?

Эмне үчүн Кудай бизди тиленүүгө үндөйт?

Кудай бизге жакын болууну каалайт.

Достор бири-бири менен көп сүйлөшкөндүктөн ынак болушат. Ошол өңдүү эле, Кудай да аны менен жакын мамиледе болушубуз үчүн жүрөгүбүздөгүнү ага айтып турушубузду каалайт. Ал: «Силер мени чакырып, мага келесиңер, менден тиленесиңер, ошондо мен силерди угам»,— деген (Жеремия 29:12). Аны менен сүйлөшкөн сайын, ага жакындайбыз, ал да бизге жакындайт (Жакып 4:8). Ыйык Китепте: «Жахаба Өзүн чакыргандардын... баарына жакын»,— деп айтылган (Забур 145:18). Ошондуктан ага канчалык көп кайрылсак, мамилебиз ошончолук ынак болот.

«Жахаба Өзүн чакыргандардын баарына... жакын» (Забур 145:18).

Кудай бизге жардам берүүнү каалайт.

Иса пайгамбар: «Араңардан ким, уулу нан сураса, таш берет? Же балык сураса, жылан берет? Эгер силер... балдарыңарга жакшы белектерди бергенди билсеңер, анда асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга жакшы нерселерди кантип бербей койсун?!» — деген (Матай 7:9—11). Ооба, Кудай бизге жардам бергиси келгендиктен ага кайрылып турууга үндөйт (1 Петир 5:7). Ал кыйынчылыктар болгондо да ага кайрылышыбызды каалайт. Ыйык Китепте: «Эч нерсени ойлоп тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле»,— делген (Филипиликтер 4:6).

Адамдар Кудайга муктаж.

Адам табиятын изилдеген адистердин айтымында, миллиондогондор адамдан жогору турган бирөөнүн жардамына муктаж экенин сезишет. Алардын арасында ал тургай атеисттер менен агностиктер да бар *. Бул адам баласынын рухий муктаждык менен жаратылганын тастыктайт. Иса пайгамбар: «Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу»,— деп айткан (Матай 5:3). Андай муктаждыкты канааттандыруунун бир жолу — дайыма Кудайга кайрылып туруу.

Эгер ошентсек, кандай жардам күтсөк болот?

^ 8-абз. 2012-жылкы бир сурамжылоодон АКШдагы атеист/агностиктердин 11 пайызы кеминде айына бир жолу тиленери аныкталган («Pew Research Center»).