Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ОКУРМАНДАРДЫН СУРООЛОРУ

Рождествонун каадалары кайдан келип чыккан?

Рождествонун каадалары кайдан келип чыккан?

Рождество христиандардын Исанын туулган күнү катары белгиленген майрамы болуп саналат. Бирок: «Ал майрамдагы каада-салттар Исанын төрөлүшү менен кандайча байланышып калган?» — деген суроо туулушу мүмкүн.

Мисалга Санта Клаус жөнүндөгү уламышты алалы. Рождество учурунда жарнамаларда ийгиликтүү колдонулуп келаткан шайыр-шатман, ак сакал, кызыл жүздүү, кочкул кызыл кийим кийген Санта Клаустун азыркы образы Түндүк Америкадагы суусундук чыгарган бир компания тарабынан 1931-жылы ойлоп табылган. 1950-жылдары айрым бразилиялыктар Санта Клаусту жергиликтүү жомоктогу каарманга алмаштырууга аракет кылышкан, бирок алардын мүдөөсү ишке ашкан эмес. Профессор Карлос Фантинатинин айтымында, Санта Клаус атүгүл «наристе Исанын ордун ээлеп, 25-декабрда белгиленчү майрамдын башкы каарманы болуп алган». Рождество менен жалгыз гана Санта Клаус жөнүндөгү уламыштар чиеленишип калганбы? Бул тууралуу көбүрөөк билиш үчүн Иса Машаяктын алгачкы жолдоочулары жашаган учурга кайрылып көрөлү.

«Британика энциклопедиясына» ылайык, «Исанын алгачкы жолдоочулары жашаган биринчи эки кылым аралыгында азапкечтердин туулган күнүн, анын ичинде Исаныкын да белгилөөгө чечкиндүү түрдө каршылык көрсөтүлгөн». Анткени Исанын жолдоочулары туулган күндү белгилөөнү жалган кудайларга сыйынгандардын салты деп эсептеп, аны толугу менен четке кагышчу. Чынында, Ыйык Китептин эч жеринде Исанын туулган күнү жазылган эмес.

Ал эми б.з. 4-кылымында, Исанын алгачкы жолдоочуларынын туулган күндү белгилөөгө каршы болгонуна карабай, католик чиркөөсү Рождество майрамын негиздеген. Католик чиркөөсү ага жолтоо кылган негизги нерсени — бутпарас римдиктердин динин жана алардын күндүн токтолушуна байланыштуу кышкы майрамдарын — жокко чыгарып, өз бийлигин бекемдөөнү көздөгөн. Пене Рестад деген жазуучунун бир китебинде көптөгөн римдиктердин жыл сайын 17-декабрдан 1-январга чейин «кудайларынын урматына сайрандап, майрамдамдаганы, оюн-зоокторду курганы, майрамдык жүрүштөрдү жана башка салтанаттарды уюштурганы» жазылган («Christmas in America»). Ал эми 25-декабрда алар Жеңилгис Күндүн туулган күнүн белгилешчү. Католик чиркөөсү так ошол күндү Рождество майрамы деп белгилөө менен римдиктерди алдап, алар Күндүн туулган күнүн белгилебей эле, Исанын туулган күнүн белгилей тургандай кылып коюшкан. Буга байланыштуу Жери Болердин бир китебинде римдиктердин «жалпысынан мурунку эле кыш ортосундагы майрамдарын майрамдай беришкени» жазылган. Чынында, алардын майрамы жаңы болгону менен, каадалары баягы эле каадалар болчу («Santa Claus»).

Рождествонун каадалары мына ушундайча келип чыккан. Стивен Ниссенбаум «Рождество үчүн салгылаш» деген китебинде Рождествонун «христиандардын майрамындай көрүнгөн, бирок, чынында, бутпарастардын майрамы» экенин жазган. Андыктан Рождествону белгилөө Кудайды да, Иса Машаякты да урматтабагандыкка жатат десек болот. Бул канчалык олуттуу? Ыйык Китепте: «Адилдик менен мыйзамсыздыктын ортосунда кандай жалпылык бар? Же жарык менен караңгылыктын ортосунда кандай жалпылык бар?» — делет (2 Корунттуктар 6:14). Рождествону такыр «түздөлбөй» турган башынан кыйшык өскөн бакка салыштырса болот (Насаатчы 1:15).