Азап-кайгыдан арылабызбы?
Сиз кандай деп ойлойсуз?
Ооба.
Жок.
Балким.
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?
«Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт» (Аян 21:3, 4, «Жаңы дүйнө котормосу»).
МУНУ БИЛҮҮНҮН СИЗГЕ КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?
Кыйынчылыктардын болуп жатканына Кудай күнөөлүү эмес экенине ынанасыз (Жакып 1:13).
Кыйналганыбызда Кудай бизге боору ооруй турганын билип, соороносуз (Закарыя 2:8).
Азап-кайгынын баарынан арыларыңызга үмүт пайда болот (Забур 37:9—11).
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЖАЗЫЛГАНДАРГА ИШЕНСЕ БОЛОБУ?
Ооба. Буга, бери дегенде, эки себеп бар:
Кудай азап-кайгынын, адилетсиздиктин болушун каалабайт. Байыркы убакта душмандар Жахаба Кудайдын кызматчыларына жаман мамиле кылышканда, ал кандай сезимде болгон? Ыйык Китепте айтылгандай, ал аларга «туш тараптан кысым көрсөтүлгөнүн» көрүп, аябай кайгырган (Бийлер 2:18).
Кудай башкаларга зыян келтиргендерге көз жумуп койбойт. Мисалы, Ыйык Китепте «жазыксыз кишинин канын төккөн кол» анын көз алдында жийиркеничтүү экени айтылат (Накыл сөздөр 6:16, 17).
Кудай ар бирибизге кам көрөт. Адамдын «башына түшкөн кырсыкты, кайгыны» анын өзү эле эмес, Жахаба да жакшы билет (2 Жылнаама 6:29, 30).
Жахаба жакында өзүнүн Падышалыгы аркылуу ар бир адамды азап-кайгыдан арылтат (Матай 6:9, 10). Бүгүнкү күндө болсо ал аны чын ниеттен издегендерди боорукердик менен сооротууда (Элчилер 17:27; 2 Корунттуктар 1:3, 4).
КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУЗ?
Кудай эмне үчүн азап-кайгынын болушуна жол берүүдө?
Бул суроонун жообу төмөнкү аяттарда жазылган: РИМДИКТЕР 5:12; 2 ПЕТИР 3:9.