26-БӨЛҮМ
Падышалык залын күтө билүүгө кандай салым кошо алабыз?
Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залдары Жахаба Кудайдын ысмы менен аталат. Андыктан жыйналыш өткөрүлгөн залдарыбызды тазалоону, жакшы абалда күтө билүүнү Кудайга кылган ыйык кызматыбыздын бир бөлүгү катары эсептейбиз. Мындай иш-чараларга жыйналышка келгендердин баары катыша алышат.
Жыйналыштан кийин залды тазалап-жыйнайбыз. Жахабанын Күбөлөрү ар бир жыйналыш өткөн сайын залды тазалап турушат. Ал эми бир айда бир жолу кылдат тазалап чыгышат. Ага залды шыпыруу, жууп-тазалоо, чаңын сордуруу, отургучтарды оңдоп-түзөө, залдын чаңын сүртүп чыгуу кирет. Ошондой эле дааратканаларды жууп, дезинфекциялашат, терезе, күзгүлөрдү жууп-тазалашат, таштандыларды чыгарып, короону шыпырышат. Аксакал же кызмат жардамчысы тазалоо ишин жетектеп, берилген көрсөтмөгө ылайык тазаланышына көз салат. Мындан сырткары, жылына бир жолу залдын ичи-сыртын кылдат тазалап, жыйнашат. Тазалоо ишине балдарыбызды да катыштырып, аларды жыйналыш өткөрүлгөн залды баалаганга үйрөтөбүз (Насаатчы 5:1).
Бузулган жерлерин оңдоп турабыз. Жыл сайын залдын ичинде же сыртында оңдой турган жерлер барбы, жокпу, текшерип, оңдоп турабыз. Мунун аркасында ашыкча чыгым болбойбуз (2 Жылнаама 24:13; 34:10). Ооба, Жахаба Кудай жөнүндө билим алып, ага сыйынган жерибиздин таза болгону абдан маанилүү. Залды тазалоо ишине катышуу менен Жахаба Кудайды сүйөрүбүздү жана жыйналыш өткөрүлгөн жайларды жогору баалаарыбызды далилдейбиз (Забур 122:1). Бул болсо тегерек-четтегилерге да жакшы таасир берет (2 Корунттуктар 6:3).
-
Жыйналыш өткөрүлгөн залдарыбызды тазалоого эмне үчүн олуттуу карашыбыз керек?
-
Падышалык залдарын таза кармаш үчүн кандай иш-чаралар көрүлөт?