Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

12-БӨЛҮМ

Кудай менен канткенде ынак мамиледе боло аласыңар?

Кудай менен канткенде ынак мамиледе боло аласыңар?

1. Кудай тиленген адамдардын баарын угабы?

Кудай бардык улуттагы адамдардын тиленип, аны менен ынак мамиледе болушун каалайт (Забур 65:2). Бирок ал бардык эле адамдардын тилегин кабыл кылбайт. Мисалы, аялына катаал мамиле кылган киши тиленгенде, Кудай аны укпайт (1 Петир 3:7). Кудайдын байыркы убакта жашаган эли жаман иштерди кыла бергенде, Кудай алардын үнүн уккан эмес. Бирок күнөөгө баткан киши чын жүрөктөн өкүнсө, Кудай анын жалыныч-өтүнүчүн угат. Ооба, тиленгенибизди укканы үчүн Кудайга абдан ыраазы болушубуз керек! (Ышая 1:15; 55:7-аяттарды окугула.)

«Кудай тиленген адамдардын баарын угабы?» деген видеону көрүңүз

2. Кантип тиленишибиз керек?

Бизди Жахаба Кудай жараткандыктан, ага гана тиленишибиз керек (Матай 4:10; 6:9). Ошондой эле баарыбыз күнөөлүү пенде болгондуктан биз үчүн өмүрүн берген Иса Машаяктын атынан тиленишибиз зарыл (Жакан 14:6). Кудай биздин жаттап алган же жазып алган сөздөрдү айтып тиленишибизди каалабайт. Ага ичибиздегини төгүп, чын жүрөктөн тиленгенибиз жагат. (Матай 6:7; Филипиликтер 4:6, 7-аяттарды окугула.)

Жараткан Кудай ичибизден тиленгенибизде да угат (1 Шемуел 1:12, 13). Ал биздин дайыма: эртең менен, кечинде, тамак ичерде жана кыйынчылыктарга кабылганда тиленишибизди каалайт. (Забур 55:22; Матай 15:36-аяттарды окугула.)

3. Жахабанын Күбөлөрү эмне үчүн чогулуп турушат?

Бүгүнкү күндө Кудай менен ынак мамиле түзүү оңойго турбайт. Анткени Кудайга жана жердин бейишке айланарына ишенбеген шылдыңчыл адамдар көп (2 Тиметей 3:1, 4; 2 Петир 3:3, 13). Андыктан Жахаба Кудайга бекем ишенген адамдар менен чогулуп, бири-бирибизди кубаттап турушубуз керек. (Еврейлер 10:24, 25-аяттарды окугула.)

Кудайды сүйгөн адамдар менен чогулуп турганыбыз аны менен ынак мамиледе болгонго жардам берет. Андай чогулуштарда бири-бирибиздин ишенимибизди бекемдей алабыз. (Римдиктер 1:11, 12-аяттарды окугула.)

4. Кудай менен канткенде ынак мамиледе боло аласыңар?

Ыйык Китепти окуганда Кудайдын кандай иштерди кылганы, кеңештери жана берген убадалары жөнүндө ой жүгүртсөңөр, аны менен ынак мамиледе болосуңар. Терең ой жүгүртүп тиленсек, Кудайга бизди сүйгөнүнө, даанышман кеңештерди бергенине ыраазычылыгыбыз артат. (Жашыя 1:8; Забур 1:1—3-аяттарды окугула.)

Кудайга бекем ишенип, таянганда гана ага жакындай аласыңар. Ишенимди улам сугарып туруш керек болгон өсүмдүккө салыштырса болот. Андыктан Кудайга эмне себептен ишенерибиз тууралуу ой жүгүртүп, ишенимибизди «сугарып» турганыбыз маанилүү. (Матай 4:4; Еврейлер 11:1, 6-аяттарды окугула.)

5. Кудай менен жакшы мамиледе болгондор кандай бата алышат?

Жахаба Кудай аны сүйгөн адамдарга кам көрөт. Ал ишенимибизди алсырата турган жана жаркын келечектен үмүтүбүздү үзүп коюшубузга себеп болгон нерселерден коргойт (Забур 91:1, 2, 7—10). Ден соолугубузга зыян келтире турган жана бактыбызга балта чаба турган жаман иштерден алыс болгонго үндөйт. Ырас, Жахаба Кудай бактылуу болуп жашашыбыз үчүн бизди туура жолго салат. (Забур 73:27, 28; Жакып 4:4, 8-аяттарды окугула.)