Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

11-БӨЛҮМ

Кудайдын мыйзамдары бизди кандайча коргойт?

Кудайдын мыйзамдары бизди кандайча коргойт?

1. Биз жетекчиликке эмне үчүн муктажбыз?

Кудайдын мыйзамдары өмүрдү баалаганга кандайча жардам берет? (ЗАБУР 36:9).

Ай-ааламды жараткан Кудай чексиз акылман. Ал эмнеге муктаж экенибизди бизден жакшы билет жана бизге кам көрөт. Жашообуз андан көз каранды (Жеремия 10:23). Бала ата-энесинин жетегине муктаж болгондой эле, биз да Кудайдын жетекчилигине муктажбыз (Ышая 48:17, 18). Кудайдын мыйзамдарын баалуу белекке салыштырсак болот. (2 Тиметей 3:16-аятты окугула.)

Кудайдын мыйзамдарын аткарсак, азыртадан эле бактылуу жашайбыз, келечекте түбөлүк өмүр сүрөбүз. Кантип жашашыбыз керектигине байланыштуу мыйзамдарды Кудай гана бере алат. Биз ага ыраазы болуп, мыйзамдарына карманып жашашыбыз керек. (Забур 19:7, 11; Аян 4:11-аяттарды окугула.)

2. Ыйык Китепте кандай жетекчилик камтылган?

Ыйык Китептен Кудайдын ар кандай жагдайларда кандай иш-аракет кылышыбызды каалаарын билебиз. Анда кандайдыр бир өзгөчө гана жагдайга тиешелүү болгон мыйзамдар да бар (Мыйзам 22:8). Андыктан кайсы учурда эмне кылыш керектигин билип, дайыма туура иш кылыш үчүн Ыйык Китепте жазылгандар жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек (Накыл сөздөр 2:10—12). Мисалы, Ыйык Китепте өмүр Кудайдын белеги экени айтылат. Муну билүү өмүрдү баалаганга түрткү берет. (Элчилер 17:28-аятты окугула.)

3. Кайсы эки осуят эң негизги болуп эсептелет?

Иса пайгамбар негизги эки осуят жөнүндө айткан. Биринчи осуятка ылайык, биз Кудай жөнүндө билишибиз, аны сүйүшүбүз, ага ишенимдүүлүк менен кызмат кылышыбыз керек. Чечим чыгарарда ушул осуятты унутпашыбыз зарыл (Накыл сөздөр 3:6). Ал осуятты аткаргандар Кудай менен ынак мамиледе болуп, бактылуу болушат жана келечекте түбөлүк жашашат. (Матай 22:36—38-аяттарды окугула.)

Ал эми экинчи осуят башкаларга жакшы мамиле кылганга түрткү берет (1 Корунттуктар 13:4—7). Ага ылайык, адамдарга жакшы мамиле кылсак, пендесин сүйгөн Кудайды туураган болобуз. (Матай 7:12; 22:39, 40-аяттарды окугула.)

4. Кудайдын мыйзамдары бизди кандайча коргойт?

Кудайдын мыйзамдарын аткарып жашаган үй-бүлө бири-бирине назик, камкордук менен мамиле кылат (Колосалыктар 3:12—14). Ыйык Китепте жубайлардын кармашкан колу үзүлбөй, өмүр бою бирге жашашы керектиги айтылат. Ошол мыйзамга ылайык жашоо үй-бүлөлөрдү коргоп, бактылуу болушуна өбөлгө түзөт. (Башталыш 2:24-аятты окугула.)

Ыйык Китептеги мыйзамдарды аткаруу көптөгөн кыйынчылыктарга кабылбаганга жардам берет жана эмоциялык саламаттыгыбызга да жакшы таасир этет. Алсак, көптөгөн жумуш берүүчүлөр Кудайдан корккон, чынчыл, эмгекчил адамдарды жумушка алгысы келет (Накыл сөздөр 10:4, 26; Еврейлер 13:18). Ошондой эле Ыйык Китепте жазылгандар бизге колдо бар нерселерге ыраазы болуп жашаганга жана мал-мүлккө караганда Кудай менен болгон мамилебизди жогору баалаганга жардам берет. (Матай 6:24, 25, 33; 1 Тиметей 6:8—10-аяттарды окугула.)

Мындан тышкары, Кудайдын мыйзамдарын аткарып жашасак, ден соолугубуз чың болуп, ар кандай кырсыктан сырткары болобуз (Накыл сөздөр 14:30; 22:24, 25). Маселен, Ыйык Китепте аракечтик Кудайга жакпай турганы айтылат. Ушул мыйзамды аткаргандар өлүмгө алып бара турган оорулардан алыс болуп, кесепеттүү окуяларга кабылышпайт (Накыл сөздөр 23:20). Ыйык Китепте спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынбайт, бирок ашыкча ичпешибиз керек (Забур 104:15; 1 Корунттуктар 6:10). Кудайдын мыйзамдары бизди туура эмес иш кылуудан эле эмес, туура эмес ой жүгүртүүдөн да коргойт (Забур 119:97—100). Албетте, Кудайдын кызматчылары анын мыйзамдарын кандайдыр бир пайда көрүш үчүн эле аткарышпайт. Алар Ыйык Китептеги мыйзамдарды Кудайды даңктагысы келгендиктен аткарышат. (Матай 5:14—16-аяттарды окугула.)