Акыры калыбына келтирилген таза сыйынуу

Жезекиел китеби таза сыйынуунун калыбына келтирилиши баса белгиленген көп аяндарды камтыйт. Алардын бизге кандай тиешеси бар?

Жетектөөчү Кеңештин каты

Бул китеп силерге Жахабага анын улуу, ыйык ысмы даңктала тургандай сыйынууга ого бетер чечкиндүү болууга жардам болушун чын жүрөктөн каалайбыз.

Китептин өзгөчөлүктөрүнүн түшүндүрүлүшү

Кутучалар жана убакыт сызыктары маалыматты тереңирээк түшүнгөнгө жардам берет.

1-БӨЛҮМ

«Кудайың Жахабага сыйын»

Шайтан Эйден багында Адам ата менен Обо энени Кудайга каршы чыгууга тукуруп, Жахабанын эгедерлигин, башкача айтканда, бийлик кылууга болгон укугун эле талашка салбастан, таза сыйынууга каршы чабуулун да баштаган.

2-БӨЛҮМ

Кудай алардын курмандыктарын кабыл алган

Кудайга берилген кишилердин үлгүсүнөн сыйынуубуз Кудайга жагышы үчүн негизги төрт нерсе талап кылынарын билүүгө болот.

3-БӨЛҮМ

«Кудайдан аян алдым»

Жезекиел биринчи аянды көргөндө айран-таң калган. Ал аян Кудайдын бүгүнкү күндөгү ишенимдүү кызматчылары үчүн зор мааниге ээ.

4-БӨЛҮМ

«Төрт беттүү тирүү жандыктар» эмнени билдирет?

Жахаба Жезекиелге биз башкача жол менен түшүнө албай турган нерселерди түшүнүүгө жардам бериш үчүн аяндарды берген.

5-БӨЛҮМ

«Кандай жийиркеничтүү нерселер жасалып жатканын көр»

Жезекиел жүйүт элинин кейиштүү рухий абалын чагылдырган төрт көрүнүш көргөн.

6-БӨЛҮМ

«Көрөр күнүң бүттү»

Жезекиел пайгамбарлык мааниге ээ болгон иш-аракети аркылуу Жахабанын Иерусалимге төгүлө турган каарынын жышааны болгон.

7-БӨЛҮМ

Элдер «менин Жахаба экенимди билишет»

Жахабанын ысымына акарат кылган, ошондой эле анын элин куугунтуктаган, бузган элдер иштеринин кесепетинен качып кутула алмак эмес. Ысрайылдын коңшу элдер менен карым-катнашта болгонунан кандай сабак алсак болот?

8-БӨЛҮМ

«Бир койчуну коём»

Кудай Жезекиелди таза сыйынууну биротоло калыбына келтирип, койлорго назик кам көрө турган келечектеги Башкаруучу, Койчу — Машаяк — жөнүндөгү пайгамбарлыкты жазууга шыктандырган.

9-БӨЛҮМ

«Мен аларга бир жүрөк берем»

Бабылга туткунга кеткен жүйүттөргө карата айтылган пайгамбарлык сөздөр биз үчүн кандайдыр бир мааниге ээби?

10-БӨЛҮМ

«Жанданасыңар»

Жезекиел өрөөндө толуп жаткан кургак сөөктөр жана алардын жанданганы көрсөтүлгөн аян алган. Ал эмнени билдирген?

11-БӨЛҮМ

«Мен сени... күзөтчү кылып койдум»

Бул күзөтчүнүн ролу жана милдеттери кандай? Ал эмне болгон эскертүүнү жарыялашы керек?

12-БӨЛҮМ

«Аларды... бир эл кылам»

Жахаба өз элин кайрадан бириктирүүнү убада кылган.

13-БӨЛҮМ

Ибадаткананын сүрөттөлүшү

Жезекиел аян аркылуу көргөн ибадаткананын мааниси кандай?

14-БӨЛҮМ

Ибадатканага «байланыштуу мыйзам мындай»

Жезекиелдин күндөрүндөгү жүйүттөр анын ибадаткана жөнүндөгү аянынан эмнелерди биле алышмак? Ал аян биз үчүн кандай мааниге ээ?

15-БӨЛҮМ

«Мен сойкулугуңду токтотом»

Аян жана Жезекиел китептеринде сойкулар жөнүндө жазылгандардан эмнелерди билүүгө болот?

16-БӨЛҮМ

«Маңдайына белги коюп чык»

Жезекиелдин күндөрүндө Кудайга ишенимдүү кишилердин куткарылуу үчүн кантип белгиленгени биз үчүн терең мааниге ээ.

17-БӨЛҮМ

«Оо, Гок,.. мен сага каршы чыгам»

Магок жеринен чыккан Гок ким жана ал кайсы жерге чабуул коёт?

18-БӨЛҮМ

«Каарым кайнайт»

Гок кол салганда, Жахаба каарданып, өз элин коргойт.

19-БӨЛҮМ

«Суу кайда агып барса, ошол жерде баары жанданат»

Жезекиелдин ибадатканадан агып чыккан дарыя жөнүндөгү аяны байыркы убакта кантип аткарылган, учурда кантип аткарылып жатат жана келечекте кантип аткарылат?

20-БӨЛҮМ

«Жерди мурас катары бөлгүлө»

Аянда Кудай Жезекиелге жана анын туткундагы мекендештерине Убадаланган жерди Ысрайыл урууларына бөлүштүрүп бериши керектигин айткан.

21-БӨЛҮМ

«Шаар... „Жахаба ошол жерде“ деп аталып калат»

Жезекиелдин зор мааниге ээ шаар жөнүндөгү аянынан эмнелерди биле алабыз?

22-БӨЛҮМ

«Кудайга таазим кыл»

Бул китеп Жахаба Кудайга гана сыйынууга болгон чечкиндүүлүгүбүздү бекемдөө үчүн чыгарылган.

Тактоолор

Жезекиел китебиндеги айрым пайгамбарлыктарга байланыштуу түшүнүгүбүз эмне үчүн өзгөрдү?

КУТУЧА  (1A)

Сыйынуу деген эмне?

«Сыйынуу» деген сөзгө кандай аныктама берсе болот? Бул Жезекиел китебинде кандайча баса белгиленген? Таза сыйынуу өз ичине эмнени камтыйт?

КУТУЧА  (1Б)

Жезекиел китебине сереп салуу

Китепти хронологиялык жана тематикалык жактан бир нече бөлүккө бөлүп койсо болот.

КУТУЧА (2A)

Жезекиелдин пайгамбарлыктарын түшүнүү

Бул китепте аяндар, мисалдар, пайгамбарлык мааниге ээ иш-аракеттер камтылган. Алардын көпчүлүгү келечекте аткарыла турган окуялар жөнүндөгү Кудайдын жетеги менен жазылган кабарлар болгон.

КУТУЧА (2Б)

Жезекиел. Жашоосу, кызмат кылган убактысы

Жезекиелдин учурунда башка пайгамбарлар да кызмат кылышкан. Анын күндөрүндө элинин тарыхындагы маанилүү окуялар болгон.

КУТУЧА (3A)

Бабылга алып барган узак жол

Туткундалып кеткендер Жүйүт жеринен Бабылга чейин кайсы жолду басып өтүшү мүмкүн эле?

КУТУЧА (4A)

«Мен тирүү жандыктарды карап турдум»

Жезекиел аянында көргөн төрт жандык байыркы Ашур менен Бабылдагы чоң айкелдерден эмнеси менен айырмаланган?

КУТУЧА (5A)

«Адам уулу, көрдүңбү?»

Жезекиел ибадатканадан жана анын короосунан төрт жийиркеничтүү нерсени көргөн.

КУТУЧА (6A)

«Сакалың менен... чачыңды кыр»

Кудайдын буйругу менен Жезекиел Иерусалимде жакында кандай окуялар болорун пайгамбарлык мааниге ээ иш-аракеттери менен көрсөткөн.

КУТУЧА (7A)

Иерусалимдин тегерегиндеги элдер

Жүйүт жана анын айланасындагы коңшу элдердин ортосунда көптөгөн согуштар болуп турган.

КУТУЧА (7Б)

Жезекиел китебиндеги негизги сөз айкаштары

Белгилүү бир сөз айкаштары Жезекиел китебинде абдан көп кездешет.

КУТУЧА (8A)

Машаяк жөнүндөгү пайгамбарлык. Чоң бал карагай

Жезекиел китебинин 17-бөлүмүндө жазылган табышмактын мааниси кандай?

КУТУЧА (8Б)

Машаяк жөнүндөгү үч пайгамбарлык

Жезекиел Падышалыктын келечектеги Башкаруучусуна ишенсек болорун алдын ала айткан.

КУТУЧА (9A)

Жахаба дайыма сөзүнө турат. Байыркы мезгил

Кудай Жезекиел аркылуу туткунда жүргөн элинин бошотулары жана калыбына келтирилери жөнүндө беш убада берген.

КУТУЧА (9Б)

Эмне үчүн 1919-жылы?

Кудайдын эли Улуу Бабылдын туткунунан 1919-жылы бошонгон деп эмне үчүн айтууга болот?

КУТУЧА (9В)

Жахаба дайыма сөзүнө турат. Биздин күндөр

Кудайдын айрым убадалары кантип эки жолу аткарылган?

КУТУЧА (9Г)

Элдин туткундалышы жана калыбына келтирилиши жөнүндөгү пайгамбарлыктар

Жүйүттөрдүн Бабылга туткундалышы жана калыбына келтирилиши тууралуу пайгамбарлыктар кийин Машаяктын жолдоочулары туткунга түшкөндө жана калыбына келтирилгенде чоң масштабда аткарылган.

КУТУЧА (9Д)

«Баары калыбына келтириле турган убак»

Элчи Петир Машаяк Падышалык такка отурган кезден Миң жылдык Падышалыктын аягына дейре созула турган мөөнөт жөнүндө алдын ала айткан.

КУТУЧА (10A)

Таза сыйынуунун акырындап калыбына келтирилиши

Бүгүнкү күндөгү кабар айтуу ишинин аткарылышына уюмдагы кандай окуялар жол салган?

КУТУЧА (10Б)

«Кагыраган сөөктөр» жана «эки күбө». Алардын кандай байланышы бар?

Бул пайгамбарлык сөздөр биздин күндөрдө кантип аткарылган?

КУТУЧА (10В)

Бутубузга тургуза турган жардам

Кээде чарчап, эч нерсеге алыбыз келбей калат, бирок жандандырылган кагыраган сөөктөр жөнүндөгү аян бизге күч-кубат берет.

КУТУЧА (11A)

Мыкты күзөтчүлөрдүн айрымдары

Күзөтчүлөр каршылыкка туш болушса да, Кудайга берилгендигин сакташкан. Алардын кабары эскертүүнү да, жакшы кабарды да камтыган.

КУТУЧА (12A)

Эки таяктын бириктирилиши

Бул таяктар байыркы убакта кимдерди билдирген жана азыркы убакта кимдерди билдирет?

КУТУЧА (13A)

Эки башка ибадаткана, эки башка маани

Жезекиел көргөн ибадаткана менен элчи Пабыл сүрөттөгөн ибадаткана бири-биринен эмнеси менен айырмаланат?

КУТУЧА (14A)

Ибадаткана жөнүндөгү аяндагы баалуу ойлор

Жезекиелдин ибадаткана жөнүндөгү аянынан билген кайсы ойлорду сыйынууңарга байланыштуу колдонгуңар келет?

КУТУЧА (15A)

Сойку эже-сиңди

Жахабанын Охола менен Охолиба жөнүндө жаздыргандарынан анын ыйык ысымына шек келтиргендерге жана таза сыйынуу үчүн койгон талаптарын баркка албагандарга кандай караарын билүүгө болот.

КУТУЧА (16A)

Иерусалим христиан дүйнөсүнүн прообразыбы?

Түшүнүгүбүздү эмне үчүн өзгөрттүк?

КУТУЧА (16Б)

Үшкүрүнүп, онтоо, белги коюу, кыруу. Качан жана кантип?

Жезекиел китебинин 9-бөлүмүндө жазылган аян бизге бул дүйнө түзүлүшүнүн акырына ишенимдүү түрдө даярданганга жардам берет.

КУТУЧА (18A)

Жахаба улуу согуштун болорун эскертип келет

Ыйык Китепте Кудайдын ага каршы чыккандардын баарын жок кыла турган зор мааниге ээ согушу жөнүндө алдын ала айтылган.

КУТУЧА (19A)

Жахабанын баталарынын дарыясы

Ыйык Китепти жазууга катышкан бир нече пайгамбар Жахабанын баталарын сүрөттөш үчүн окшош эле мисалды колдонгон.

КУТУЧА (19Б)

Жылжыган суунун чоң дарыяга айланышы

Жахабанын ыйык жайынан агып чыккан суу эмнени билдирет?

КУТУЧА (20A)

Жердин бөлүштүрүлүшү

Жердин бөлүштүрүлүшү жөнүндөгү Жезекиелдин аяны Бабылда туткунда жүргөн жүйүттөргө дем-шык бергендей эле, бүгүнкү күндөгү Кудайдын элине да дем-шык берет.

КУТУЧА (21А)

«Силер бере турган тартуу»

Кудай бөлүп койгон жер кайсы 5 аймактан турат? Алар кандай максатта бөлүнгөн?

КУТУЧА (22A)

Акыркы сыноо

Акыркы сыноодон өткөндөрдү эмнелер күтүп турат?