Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-СУРОО

Жөнөкөй организмдер чын эле жөнөкөйбү?

Жөнөкөй организмдер чын эле жөнөкөйбү?

Организмдеги 200дөн ашуун клетканын түрү өзүнөн өзү пайда болуп калышы мүмкүн беле?

Сенин организмиң — ааламдагы эң татаал түзүлүштөрдүн бири. Ал 100 триллиондой майда клеткалардан турат. Алардын айрымдары: сөөк, кан, мээ клеткалары7. Организмиңде клетканын 200дөн ашуун түрү бар8.

Формасы, функциясы боюнча клеткалар бири-биринен кыйла айырмаланса да, татаал, бирдиктүү желени түзүшөт. Миллиондогон компьютерлерди туташтырган, маалыматты жогорку ылдамдыкта жеткирген Интернет чубалгыларын клеткага салыштырып болбойт. Ал тургай негизги клеткалардын көбүнүн түзүлүшү адамдар жараткан нерселердин баарынан ашып түшөт. Анда ал клеткалар кантип пайда болгон?

Көптөгөн окумуштуулар кандай ой-пикирде? Тирүү клеткалардын баары ядросу бар жана ядросу жок болуп эки негизги топко бөлүнөт. Адамдардын, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн клеткаларында ядро бар. Ал эми бактериялардыкында жок. Ядросу барлар эукариоттук, ядросу жоктор прокариоттук деп аталат. Прокариоттук клеткалар эукариоттук клеткаларга салыштырмалуу жөнөкөй келет. Ошондуктан көптөр жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн клеткалары бактериялардыкынан пайда болгон деп ойлошот.

Алардын айтымында, миллиондогон жылдар бою прокариоттук «жөнөкөй» клеткалардын айрымдары башка клеткаларды жута беришкен. Бирок аларды сиңире алышкан эмес. Ал теорияга ылайык, аң-сезимсиз «табият» жутулуп алынган клеткалардын функциясын түп-тамыры менен өзгөрткөндү үйрөнүп алган. Ал эле эмес, жутуп алган клеткалар бөлүнүп жатканда, берки клеткаларды алардын ичинде кантип кармап туруш керектигин да билип алган9 *.

Ыйык Китепте эмне делет? Ыйык Китепте жер бетиндеги тиричилик аң-сезимдүү бирөөнүн колунан бүткөнү айтылат. Анда жазылган акылга сыярлык бул сөздөргө көңүл бурсаң: «Ар бир үйдү кимдир бирөө курат, ал эми бардыгын курган — Кудай» (Еврейлер 3:4). Ыйык Китептеги дагы бир аяттан Кудай тууралуу мындай дегенди окуйбуз: «Жасаган иштериң кандай көп, оо, Жахаба! Сен баарын акылмандык менен жараткансың. Жер сенин колуңан бүткөн нерселерге толгон... Андагы тирүү жандыктарга, чоң-кичине жаныбарларга сан жетпейт» (Забур 104:24, 25).

Атүгүл «жөнөкөй» клетка жансыз химиялык заттардан пайда болушу мүмкүнбү?

Далилдер эмнени көрсөттү? Микробиологиядагы жетишкендиктер прокариоттук жөнөкөй тирүү клеткалардын ичин изилдегенге жол ачты. Эволюцияны жактаган окумуштуулар алгачкы тирүү клеткалар так ушундай болгон деп айтышат10.

Эгер эволюция теориясы чын болсо, анда ал «жөнөкөй» клетка кокусунан кантип пайда болгон деген суроого жүйөлүү далилдерди келтириши керек. Ал эми тиричиликти Кудай жараткан болсо, анда кичинекей организмдердин да акылмандык менен жаратылганы көрүнүп турушу керек. Кел анда, прокариоттук клеткалардын дүйнөсүнө саякаттап келели. Саякатта жүргөндө: «Ал клеткалар капысынан пайда болушу мүмкүн беле?» — деп ойлонуп көр.

КЛЕТКАНЫ КОРГОГОН «ДУБАЛ»

Прокариоттук клетканын ичине кириш үчүн сен бул сүйлөмдүн аягындагы чекиттен 100 эсе кичирейишиң керек. Адегенде клетканы каптап турган бекем, чоюлчаак мембранадан өтүшүң керек. Мембарана заводду курчап турган кыш дубалга окшош. Ал кадимки кагаздан 10 000 эседей жука. Ошентсе да кадимки кыш дубалдан алда канча татаал келет. Кандайча?

Заводду курчап турган дубал сыңары, мембрана клетканы зыяндуу нерселерден коргоп турат. Бирок, кадимки дубалдан айырмаланып, мембрананын жылчыктары бар. Ал кичинекей молекулаларды, алсак, кычкылтекти киргизип-чыгарып клетканын дем алышын шарттайт. Анткен менен татаал, кооптуу молекулаларды клетканын уруксатысыз киргизбейт. Ошондой эле пайдалуу молекулаларды клетканын ичинде кармап турат. Ал муну кантип кылат?

Кайра завод жөнүндөгү мисалга кайрылалы. Заводдун дарбазаларынан эмне кирип-чыгып жатканын көзөмөлдөгөн кароолчулары болот. Ошол сыяктуу эле, клетканын мембранасында да атайын белоктор бар. Алар дарбазалар, кароолчулар катары кызмат кылат.

Клетканын мембранасында белгилүү бир заттарды гана киргизип-чыгарган «кароолчулар» бар

Айрым белоктордун (1) эки жагында тең тешиги бар. Ал жерден белгилүү бир молекулалар кирип-чыгат. Ал эми башка белоктордун бир жагы ачык (2), бир жагы жабык. Алардын белгилүү бир формадагы молекулаларды киргизе турган кабылдамасы (3) бар. Андай заттар келгенде, белоктун бир тарабы ачылып, аларды мембрана аркылуу өткөрөт (4). Атүгүл эң жөнөкөй клетканын сыртында ушундай процесстер жүрөт.

ЗАВОДДУН ИЧИ

«Кароолчулардан» өтүп, клетканын ичине кирдиң дейли. Прокариоттук клетканын ичи ар кандай азык-заттарга, туздарга жана башка заттарга бай суюктукка толгон. Клетка ошол «чийки заттарды» пайдаланып, өзүнө керектүү заттарды өндүрөт. Бирок бул процесс баш аламан жүрбөйт. Иштери мыкты уюшкандыкта жүргүзүлгөн завод сыяктуу, миңдеген химиялык реакцияларды уюшкандыкта жүргүзөт. Ошонун аркасында баары өз тартиби, өз убактысы боюнча аткарылат.

Клетка убактысынын көбүн белок курганга жумшайт. Ал аны кантип кылат? Адегенде клетка 20га жакын түрдүү амин кислотасын пайда кылат. Тиричиликтин негизин түзгөн ал «кыштар» рибосомаларга жеткирилет (5). Ал жерден амин кислоталары белгилүү бир тартип боюнча бириктирилип, өзгөчө бир формадагы белокту пайда кылат. Заводдогу иштердин баары борбордук компьютердик программа аркылуу башкарылган сыяктуу эле, клетканын көптөгөн функциялары да «компьютердик программа» же код аркылуу башкарылат. Ал ДНК деп аталат (6). ДНК рибосомага кайсы белокту куруш керектиги жана аны кантип куруш керектиги майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүлгөн көрсөтмөнүн көчүрмөсүн жиберет (7).

Белок курулуп жаткан процесстин өзү таңдандырбай койбойт. Ар бир белок үч өлчөмдүү формага айланат (8). Ошол форма белоктун кандай функция аткарарын аныктайт *. Кыймылдаткычтын тетиктери кантип чогултуларын элестетип көрсөң. Кыймылдаткыч тийиштүү түрдө иштеши үчүн, ар бир тетик өз ордуна орнотулушу керек. Ошол сыңары, эгер белок туура курулбаса жана тийиштүү формага айланбаса, өзүнүн функциясын жакшы аткара албай калат. Атүгүл клеткага зыян келтириши мүмкүн.

Автоматташтырылган завод сыяктуу эле, клетканын ичинде молекулаларды чогултуп, тийиштүү жерлерге жеткирген механизмдер бар

Белок керектүү жерге барчу жолду кантип табат? Клетка жараткан ар бир белокто анын каякка барышы керектигин көрсөткөн «дарек» болот. Ушунун аркасында ал керектүү жерге адашпай жете алат. Мүнөт сайын миңдеген белоктор курулуп, жөнөтүлүп турса да, алардын ар бири өз дарегин жазбай таап барат.

Бул далилдер эмне үчүн маанилүү? Эң жөнөкөй тирүү организмдеги татаал молекулалар өзүнөн өзү пайда боло албайт. Клетканын сыртында алардын жашоосу токтоп калат. Ал эми клетканын ичинде башка татаал молекулалардын жардамысыз көбөйө албайт. Мисалы, аденозинтрифосфат (АТФ) деп аталган, энергия бөлүп чыгарган молекуланы пайда кылыш үчүн ферменттер керек. Ферменттер пайда болушу үчүн, АТФ бөлүп чыгарган энергия керек. Ошол сыяктуу эле, ДНК болбосо (бул молекула тууралуу 3-бөлүктө талкууланат), ферменттер пайда болбойт. Ал эми ферменттер болбосо, ДНК пайда болбойт. Андан тышкары, башка белокторду клетка гана жарата алат. Клетканы болсо белоктор гана жарата алат *.

Раду Поупа деген микробиолог Ыйык Китепте жаратуу жөнүндө жазылгандарга ишенбейт. Ошентсе да ал 2004-жылы: «Эгер лабораторияда жүргүзгөн тажрыйбаларыбыздан эч кандай майнап чыкпай жатса, табият тиричиликти кантип жаратып койсун?» — деген суроону кабыргасынан койгон13. Ал: «Клетка жашашы үчүн, татаал механизмдер талап кылынып жаткандыктан, баарынын бир учурда пайда болуп калышы такыр мүмкүн эмес»,— деп айткан14.

Пайдубалы бекем болбогон имарат сөзсүз урайт. Анда тиричиликтин келип чыгышын түшүндүрүп бере албаган эволюция теориясы тууралуу эмне айтууга болот?

Кандай жыйынтык чыгарасың? Эволюцияны жактагандар тиричилик Кудайдын колунан бүткөн эмес деп айтышат. Бирок окумуштуулар анын келип чыгышына байланыштуу көп ачылыштарды кылган сайын, кокустуктан пайда болбогону ошончолук айкын болууда. Бул маселени айланып өтүш үчүн айрым окумуштуулар эволюция теориясын тиричиликтин келип чыгышына байланышкан суроо менен чогуу карабаш керек деп эсептешет. Бирок бул акылга сыярлыкпы?

Эволюция теориясы тиричилик кокусунан болгон бир катар процесстердин натыйжасында пайда болгон деген божомолго негизделген. Ага ылайык, андан кийин дагы бир катар процесстер өзүнөн өзү жүрүп, ар түрдүү, татаал тирүү организмдер пайда болгон. Бирок бул теориянын пайдубалы жок болсо, ага курулган башка теориялар эмне болот? Пайдубалы жок бийик имарат урагандай, тиричиликтин келип чыгышын түшүндүрө албаган эволюция теориясы да урап калбайбы?

«Жөнөкөй» клетканын түзүлүшүн, функциясын кыскача карап чыккандан кийин кандай жыйынтыкка келдиң? Алар кокустуктан пайда болгонбу? Же аларды теңдешсиз акылмандыкка ээ бирөө жаратканбы? Эгер дагы деле шектенип жатсаң, клеткалардын функцияларын көзөмөлдөгөн «мыкты программа» жөнүндө окуп көр.

^ 6-абз. Ушундай болушу мүмкүн экенин тастыктаган бир да тажрыйба жок.

^ 18-абз. Ферменттер (же энзимдер) клеткалар жараткан белоктордун бир түрү. Белгилүү бир химиялык реакцияларды күчөтүш үчүн ар бир фермент өзгөчө бир формага айланышы керек. Жүздөгөн ферменттер өз ара аракеттенишип, клеткадагы процесстерди жөнгө салат.

^ 20-абз. Адамдын организминдеги айрым клеткалар 10 миллиарддай белоктон турат11. Мындай белоктордун жүз миңдеген түрү бар12.