Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-бөлүк

Ысрайыл эли Канаан жерине келет

Ысрайыл эли Канаан жерине келет

Ысрайыл эли Жашыянын жетеги астында Канаан жерин басып алат. Жахаба өз элин эзүүдөн куткаруу үчүн, башкаруучуларды коёт

ЫСРАЙЫЛДЫКТАР Канаан жерине киргенге чейин бир нече кылым мурун Жахаба ошол жерди Ыбрайымдын тукумуна берем деп убада кылган эле. Эми болсо ысрайылдыктар Жашыянын жетеги астында Убадаланган жерге мына-мына киребиз деп турушкан.

Кудай канаандыктарды жок кылууну чечет. Себеби алар адеп-ахлактык жактан бузулган, кан ичер эл болгон. Андыктан ысрайылдыктар басып алган Канаан шаарларын талкалап, түп-тамыры менен жок кылышы керек болчу.

Бирок Убадаланган жерге кирерден мурун Жашыя эки чалгынчыны жиберет. Алар Жерихо шаарындагы Рахап деген аялдын үйүнө келип токтошот. Рахап алардын ысрайылдыктар экенин билсе да, аларды өз үйүнө кабыл алып, жашырып коёт. Ал Жахабанын өз элин куткаруу үчүн кылган иштерин уккандыктан, ысрайылдыктардын Кудайына ишенчү. Рахап чалгынчылардан аны жана анын үй-бүлөсүн жок кылбайбыз деп ант беришин суранат.

Анан ысрайылдыктар Жерихо шаарына келишкенде, Жахаба керемет жолу менен шаардын дубалдарын уратат. Жашыянын аскерлери шаарга жабылып кирип, анын таш-талканын чыгарышат. Ал эми Рахапты үй-бүлөсү менен аман алып калышат. Кийинки алты жылдын ичинде Жашыя Убадаланган жердин көп бөлүгүн басып алат да, Ысрайылдын ар бир уруусуна тиешелүү жер үлүшүн бөлүп берет.

Жахабага көп жыл кызмат кылгандан кийин Жашыя өмүрүнүн акырында ысрайыл элин чогултуп, Жахабанын алар үчүн жасап келген жакшы иштери жөнүндө эскертип, аларды Жахабага кызмат кылууга чакырат. Бирок Жашыянын жана аны менен ийиндеш кызмат кылгандардын көзү өткөндөн кийин ысрайылдыктар Жахаба Кудайды таштап, жалган кудайларга сыйынып кетишет. Ошентип, эл 300 жылдай убакыт бою Жахабанын мыйзамдарына баш ийбей жашаган. Ошол жылдары Жахаба ысрайылдыктардын душманы болгон пелиштиликтерге ысрайылдыктарга үстөмдүк кылып, аларды эзүүгө жол берген. Бирок ысрайылдыктар Жахабага жардам сурап кайрылышканда, ал аларды куткаруу үчүн башкаруучуларды дайындаган. Ысрайылда бардыгы болуп баш-аягы 12 башкаруучу болгон.

Башкаруучулар китебинде баяндалган башкаруучулардын доору Отниелден баштап тарыхтагы эң күчтүү адам Шимшонго чейин созулган. Кызыктуу окуялар камтылган Башкаруучулар китебинде Жахабага баш ийүү жакшылык менен, ал эми баш ийбестик жамандык менен бүтөрү тууралуу төгүндөлгүс чындык кайра-кайра баса белгиленет.

Жашыя жана Башкаруучулар китептерине, ошондой эле Лебилер 18:24, 25-аяттарга негизделди.