Ыйык Китепте чынында эмне делет?

Ыйык Китепти изилдөөгө арналган бул китептен азап-кайгыга, өлүмгө, үй-бүлөгө жана башка нерселерге байланыштуу суроолорго жооп ала аласыңар.

Кудайдын ой-ниети ушундай беле?

Кыйынчылыктардын көптүгү силерди таң калтырат болуш керек. Ыйык Китепте жакында чоң өзгөрүү болору жана анын силерге да пайдасы тиери айтылганын билчү белеңер?

1-БӨЛҮМ

Кудай жөнүндөгү чындык

Кудай силерге кам көрөбү? Анын сапаттары жана ага канткенде жакындай аларыңар жөнүндө окуп көргүлө.

2-БӨЛҮМ

Ыйык Китепти Кудай жаздырган

Ыйык Китеп турмуштагы кыйынчылыктар менен күрөшүүгө кандайча жардам берет? Андагы пайгамбарлыктарга эмне үчүн ишенсеңер болот?

3-БӨЛҮМ

Кудай жерди кандай ой-ниет менен жараткан?

Кудайдын жерди бейишке айлантам деген ой-ниети ишке ашабы? Качан ишке ашат?

4-БӨЛҮМ

Иса Машаяк деген ким?

Исанын убада кылынган Машаяк экени, анын кайдан келгени, эмне үчүн Жахабанын жалгыз Уулу деп аталары жөнүндө окуп көргүлө.

5-БӨЛҮМ

Кун — Кудайдын эң баалуу белеги

Кун деген эмне? Анын силерге да пайдасы тийиш үчүн, эмне кылышыңар керек?

6-БӨЛҮМ

Өлгөндө адам каякка барат?

Адамдардын эмне үчүн өлөрү жана өлгөндөрдүн каякка барары жөнүндө Ыйык Китепте эмне делерин окуп көргүлө.

7-БӨЛҮМ

Өлгөн жакындарыбыз үчүн кандай үмүт бар?

Жакын адамыңан айрылган учуруң болду беле? Аларды кайрадан көрүүгө үмүт барбы? Тирилүү тууралуу Ыйык Китепте эмне деп айтылары жөнүндө окуп көргүлө.

8-БӨЛҮМ

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

Көптөр Иса үйрөткөн тиленүүнү жакшы билишет. Ал тиленүүдөгү: «Падышалыгың келсин»,— деген сөздөр эмнени билдирет?

9-БӨЛҮМ

Азыр акыркы күндөр экенин кайдан билебиз?

Айланабыздагылардын кылган иштери, сапаттары Ыйык Китепте алдын ала айтылган акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды кандайча тастыктап турары жөнүндө окуп көргүлө.

10-БӨЛҮМ

Рухий жаратуулар. Алардын бизге тийгизген таасири

Ыйык Китепте периштелер менен жин-перилер жөнүндө айтылат. Ал рухий жаратуулар чынында эле барбы? Алар сенин жашооңо таасир эте алышабы?

11-БӨЛҮМ

Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө?

Көптөр дүйнөдө болуп жаткан азап-кайгы үчүн Кудайды күнөөлөшөт. Сенчи? Адамдардын эмне үчүн азап тартары жөнүндө Кудайдын Сөзүндө эмне деп айтыларын окуп көр.

12-БӨЛҮМ

Жашооңду Кудайга жаккыдай өткөр

Кудайга жаккыдай жашоо өткөрүү мүмкүн. Сен анын досу боло аласың.

13-БӨЛҮМ

Өмүр белегин жогору баала

Кудай бойдон алдырууга, кан куйдурууга, жаныбарлардын өмүрүнө кандай карайт?

14-БӨЛҮМ

Канткенде үй-бүлө бактылуу болот?

Күйөөлөр, аялдар, ата-энелер жана балдар сүйүү көрсөтүү менен Иса Машаяктан үлгү алган болушат. Биз андан эмнеге үйрөнө алабыз?

15-БӨЛҮМ

Кайсы дин Кудайга жагат?

Кайсы алты белги чыныгы динди туткандарды айырмалоого жардам берерин окуп көргүлө

16-БӨЛҮМ

Чындык жолуна түш

Башкаларга ишенимиң тууралуу айтууда кандай кыйынчылыктарга кабылышың мүмкүн? Көз карашыңды алардын көңүлүн оорутпагыдай кылып кантип түшүндүрүп берсең болот?

17-БӨЛҮМ

Тиленүү аркылуу Кудайга жакында

Тиленгениңде Кудай угабы? Бул суроого жооп алыш үчүн Ыйык Китепте тиленүү жөнүндө эмне айтыларын билип алышың зарыл.

18-БӨЛҮМ

Чөмүлүү жана Кудай менен болгон мамилең

Чөмүлүп, Кудайдын кызматчысы болуш үчүн кандай кадамдарды жасашың керек? Чөмүлүү эмнени билдирери жана ал кантип кылынары жөнүндө окуп көр.

19-БӨЛҮМ

Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтул

Кудайдын биз үчүн кылган бардык жакшы иштерине ыраазы экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

ТИРКЕМЕ

Кудайдын ысмынын колдонулушу жана мааниси

Кудайдын ысмы Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунан алынып салынган. Эмне үчүн? Кудайдын ысмын колдонуу маанилүүбү?

ТИРКЕМЕ

Даниелдин Машаяктын келиши жөнүндөгү пайгамбарлыгы

Кудай Машаяктын качан келерин 500 жылдан ашуун убакыт мурун айткан. Бул кызыктуу пайгамбарлык жөнүндө окуп көргүлө.

ТИРКЕМЕ

Иса — убада кылынган Машаяк

Машаяк жөнүндөгү пайгамбарлыктардын баары Исага байланыштуу аткарылган. Алардын кандайча майда-чүйдөсүнө чейин аткарылганын Ыйык Китебиңерден текшерип көргүлө.

ТИРКЕМЕ

Ата, Уул жана ыйык рух жөнүндөгү чындык

Көптөр Үчилтик жөнүндөгү окуу Ыйык Китепке негизделет деп ишенишет. Чынында эле ошондойбу?

ТИРКЕМЕ

Эмне үчүн Исанын чыныгы жолдоочулары айкаш жыгачка сыйынышпайт?

Иса чынында эле айкаш жыгачка кадалганбы? Мунун жообун Ыйык Китептин өзүнөн окуп көргүлө.

ТИРКЕМЕ

Эскерүү кечеси — Кудайды даңктаган азем

Исанын жолдоочуларына анын өлгөн күнүн Эскерүү кечесин өткөрүү буйрук кылынган. Аны качан жана кантип белгилеш керек?

ТИРКЕМЕ

Жан жана рух деген эмне?

Көптөр адам өлгөндө ичиндеги көзгө көрүнбөгөн нерсе бөлүнүп чыгып, андан ары жашай берет деп ойлошот. Бул тууралуу Кудайдын Сөзүндө эмне делет?

ТИРКЕМЕ

Шеол жана адис деген эмне?

Ыйык Китептин айрым котормолорунда шео́л же а́дис деген сөздөр «мүрзө» же «тозок» деп берилген. Ал сөздөр чынында эмнени билдирет?

ТИРКЕМЕ

Сот күнү деген эмне?

Сот күнүндө Кудайга баш ийген бардык адамдар кандайча бата алары жөнүндө окуп көргүлө.

ТИРКЕМЕ

1914-жыл — адамзат тарыхындагы өзгөчө дата

1914-жылдын өзгөчө жыл болгонуна Ыйык Китепте кандай далилдер бар?

ТИРКЕМЕ

Микеил деп аталган башкы периште ким?

Ыйык Китептен башкы периштенин ким экенин биле алабыз. Ал периште жана анын кандай иштерди кылып жатканы тууралуу окуп көргүлө.

ТИРКЕМЕ

«Улуу Бабыл» деген эмне?

Аян китебинде «Улуу Бабыл» деп аталган аял жөнүндө айтылат. Ал кадимки аялды билдиреби? Ыйык Китепте бул тууралуу эмне делет?

ТИРКЕМЕ

Иса кышында төрөлгөнбү?

Иса төрөлгөн убакта аба ырайы кандай болгону жөнүндө окуп көргүлө. Бул эмнени билүүгө жардам берет?

ТИРКЕМЕ

Майрамдарды белгилөө туурабы?

Силер жашаган жердегилер белгилеген майрамдардын көбү кайдан келип чыккан? Бул суроонун жообу силерди таң калтырышы мүмкүн?