СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ
Үй-бүлөңөрдү зыяндуу таасирлерден коргогула
1—3. а) Үй-бүлөгө зыян тийгизиши мүмкүн болгон таасирлер кайдан келет? б) Үй-бүлөсүн коргоодо ата-эне кандайча теңсалмактуу болушу керек?
БАЛАҢАРДЫ мектепке жөнөткөнү жатасыңар дейли. Эшикте болсо жаан нөшөрлөп турат. Эмне кыласыңар? Жаандан коргой турган эч нерсе кийгизбей-бербей туруп эле жөнөтүп жибересиңерби? Же араң кыймылдап калгыдай кылып, күпшүйтө кийинтип коёсуңарбы? Албетте, антпейсиңер. Суу болуп калбашы үчүн гана кам көрөрүңөр шексиз.
2 Ушу сыяктуу эле, ата-энелерге балдарын туш тараптан «жаап» жаткан зыяндан: көңүл ачуулардын көп түрлөрүнөн, жалпыга маалымдоо каражаттарынан, курбу-курдаштарынан, атүгүл кээде мектептен келген таасирлерден коргоп калуунун теңсалмактуу жолун табуу керек. Кай бир ата-эне үй-бүлөсүн коргоо үчүн болор-болбос гана аракет жасайт же такыр эле эч нерсе кылбай коёт. Башкалары болсо сырттан келген таасирлердин дээрлик баарын зыяндуу деп эсептеп, балдарына өздөрүн думуккудай сезгенчелик катуу чектөөлөрдү коюп коюшат. Бул жагынан теңсалмактуу болуу мүмкүнбү?
3 Ооба. Чектен аша чаап кетүүнүн пайдасы жок, ал эмес, залалы да тийиши ыктымал (Насаатчы 7:16, 17). Кудайдын кызматчылары канткенде үй-бүлөсүн теңсалмактуулук менен коргой алышат? Ан үчүн жашоонун үч тарабын: билим алуу, пикир алмашуу жана көңүл ачууларды карап көрөлү.
БАЛДАРЫҢАР КИМДЕН ҮЙРӨНӨТ?
4. Кудайга ишенген ата-эне билимге кандай көзкарашта болууга тийиш?
4 Кудайга ишенген ата-эне билим алуунун маанилүүлүгүн жакшы түшүнөт. Алар мектептен балдары окуганды, жазганды, башкалар менен тил табышканды жана кыйынчылыктарды чечкенди үйрөнөрүн аңдашат. Ошондой эле мектептен балдар бирдемеге үйрөнүү деген кандай болорун да билишет. Ал жактан алган жөндөмдүүлүктөрү балдарга, азыркы дүйнөдөгү кыйынчылыктарга карабастан, көп ийгиликке жетүүгө жардам берет. Андан тышкары, жакшы билим алуу жакшы адистикке ээ болууга шарт түзөт (Накыл сөздөр 22:29).
5, 6. Балдар мектептен жыныстык жашоо жөнүндө кантип туура эмес маалымат алышы мүмкүн?
5 Бирок мектептен балдар көзкарашы бурмаланган курбу-курдаштары менен да пикирлешет. Алардын жыныстык жашоого жана адеп-ахлактыкка болгон көзкарашын алып көрөлү. Мисалы, Нигериядагы орто мектепте окуган бузулган бир кыз классташтарына жыныстык мамилелер тууралуу ар кандай кеңештерди берчү экен. Анын секс жөнүндөгү бурмаланган түшүнүгү порнографиялык адабияттардын негизинде калыптанса да, классташтары айткандарына кызыгып кулак төшөшкөн. Кээ бир кыздар анын кеңештерин колдонуп да көрүшкөн. Натыйжада, алардын биринин боюна бүтүп калып, өз алдынча боюнан түшүрүүгө аракет кылгандыктан өлүмгө дуушар болгон.
6 Мектепте жыныстык мамилелер жөнүндөгү туура эмес маалыматтарды кээде балдар эмес, мугалимдер таратары өкүнүчтүү. Ата-энелердин көбүн сабактарда балдарга адеп-ахлак, жоопкерчилик дегендерди түшүндүрбөй туруп, жыныстык жашоо тууралуу маалымат берилери тынчсыздандырат. Он эки жашар кызы бар бир эне мындай дейт: «Биз диний түшүнүктөр бекем орногон, эски көзкараштар сакталган чөйрөдө жашайбыз, ошого карабастан жергиликтүү мектебибизде балдарга презерватив берилет!» Кызына аны менен тең балдар жыныстык катнашта болууну сунуш кылышканын билишкенде, ал аял да, күйөөсү да катуу тынчсызданышкан. Ата-энелер үй-бүлөсүн ушуга окшогон зыяндуу таасирлерден кантип коргой алышат?
7. Жыныстык жашоого байланыштуу маалыматты ким бергени дурус?
7 Балким, балдарга жыныстык жашоо тууралуу эч нерсе айтпаган эле жакшыдыр? Жок. Балдарыңарга ал тууралуу өзүңөр билим бергениңер дурус (Накыл сөздөр 5:1). Европанын жана Түндүк Американын айрым жерлеринде ата-энелердин көбү андай темада сүйлөшүүдөн уялат. Африкадагы айрым ата-энелер да жыныстык жашоого байланыштуу суроолорду балдары менен чанда гана талкуулашат. «Африка маданиятында ал тууралуу сүйлөшүү өөн көрүнүштөрдөн»,— дейт Сьера-Леонедеги бир ата. Айрым ата-эне, эгерде балдарга жыныстык мамиле тууралуу билим берилсе, алар адепсиз ишке барышы мүмкүн деп ойлошот. Бирок бул боюнча Кудай кандай көзкарашта?
КУДАЙДЫН ЖЫНЫСТЫК МАМИЛЕГЕ КАРАТА КӨЗКАРАШЫ
8, 9. Ыйык Китепте жыныстык мамилелер тууралуу кандайча ачык маалымат берилет?
8 Ыйык Китептен ыңгайы келгенде жыныстык мамилелер тууралуу сүйлөшүүнүн уяла турган жери жок экенин билебиз. Ысрайылда Мусанын мыйзамы үн чыгара окулганда Кудайдын элинен балдары менен кошо келүү талап кылынган (Мыйзам 31:10—12; Жашыя 8:35). Мыйзамда айыз, эрендиктин агышы, бузуктук, ойноштук, гомосексуализм, кандаш туугандар ортосундагы жыныстык катнаш жана жаныбар менен катышуу сыяктуу темалар ачык талкууланчу (Лебилер 15:16, 19; 18:6, 22, 23; Мыйзам 22:22). Алар тууралуу окулгандан кийин, албетте, ата-энелерге бары-жокту билүүгө дилгир балакайларына бир топ нерселерди түшүндүрүп берүүгө туура келген.
9 Накыл сөздөр китебинин 5—7-баптарында ата-энелик мээримдүү кеңештер камтылган аяттар бар. Аларда жыныстык бузукулуктун артында кандай коркунучтар турары көрсөтүлөт жана адам адеп-ахлаксыздыкка оңой эле азгырылып кетиши мүмкүн экени белгиленет (Накыл сөздөр 5:3; 6:24, 25; 7:14—21). Ошондой эле адепсиз кылыктардын натуура, кесепеттүү экени түшүндүрүлөт жана жаштарга андай иштерден сактануу үчүн жетекчилик берилет (Накыл сөздөр 5:1—14, 21—23; 6:27—35; 7:22—27). Андан тышкары, жыныстык каалоону адеп-ахлаксыз эмес, туура жол менен, башкача айтканда, никеде гана канааттандырууга болору айтылат (Накыл сөздөр 5:15—20). Бул — балдарды окутуп-үйрөтүүнүн жакшы үлгүсү!
10. Эмнеге жыныстык жашоо жөнүндө туура билим берүү балдарды адепсиз иш жасоого алып барбайт деп айтууга болот?
10 Балдарга булар жөнүндө үйрөтүү аларды адепсиз иштерди жасоого алып барбайбы? Жок. Тескерисинче, Ыйык Китепте: «Адил адамдар кыраакылыгы менен кутулушат»,— делген (Накыл сөздөр 11:9). Балдарыңарды дүйнөнүн таасиринен коргогуңар келбейби? «Балдарыбыз менен кичине кезинен эле жыныстык мамиле тууралуу мүмкүн болушунча ачык сүйлөшүүгө аракеттендик. Ошондуктан алар, башка балдар ал темада сүйлөшүп жатканда, кулактарын түрө калышпайт. Себеби балдарыбыз үчүн ал кызыктуу, жашыруун сыр эмес»,— дейт бир ата.
11. Балдарга жыныстык мамилелер тууралуу кантип акырындык менен тарбия берүүгө болот?
11 Буга чейинки бөлүмдөрдө айтылгандай, балага жыныстык мамилелер тууралуу кичинесинен эле айта баштаган дурус. Ага дене мүчөлөрү кантип аталарын айтып берип жатканда, жыныстык мүчөлөрдү, алар уяттуу нерсе дегенсип, атабай өтүп кетпегиле. Алардын туура аталышын, ал эми убакыттын өтүшү менен аларга байланыштуу адептүүлүк эрежелерин үйрөтүү маанилүү. Ата да, эне да балдарына жыныстык мүчөлөр башка адамдар кармалап же карап көрбөшү керек болгон өзгөчө дене мүчөлөрү экенин жана алар тууралуу эч качан жаман сүйлөбөө керектигин түшүндүрүшү абзел. Балдар эс тарта баштаганда, эркек менен аял канткенде балалуу болушарын түшүндүрүп берүү зарыл. Жыныстык жактан жетилүү маалы келгенге чейин эле, балдар организминде кандай өзгөрүүлөр болорун жакшы билип, аларга даяр болуп калууга тийиш. Бешинчи бөлүмдө айтылгандай, буларды билген балдар жыныстык асылууларга да каршы тура алышат (Накыл сөздөр 2:10—14).
АТА-ЭНЕГЕ БЕРИЛГЕН ҮЙ ТАПШЫРМА
12. Мектепте көп учурда туура эмес кандай окуулар каралат?
12 Мектеп жашындагы балдары бар ата-энелер дүйнөнүн ар кыл философияларына каршы турууга даяр болушу керек. Себеби мектепте эволюция теориясы, абсолюттук чындык жок деген жана улутчул болууга үндөгөн туура эмес ар кандай окуулар каралышы мүмкүн. (1 Корунттуктарга 3:19; салыштыргыла: Башталыш 1:27; Лебилер 26:1; Жакан 4:24; 17:17.) Мектепте иштегендердин көбү жакшы ниет менен эле билим алууну улантууга үндөп келишет. Кошумча билим алууну же албоону адам өзү чечсе да, аны жашоодо ийгиликке жетүүнүн жалгыз гана жолу деп эсептеген мугалимдер болот (Забур 145:3—6) *.
13. Балдарды мектептеги натуура көзкараштардан кантип коргоого болот?
13 Туура эмес, бурмаланган көзкараштарга каршы туруш үчүн, ата-энелер балдары эмнелерди окуп жатканын жакшы билиши керек. Ошондуктан, ата-энелер, силердин да үй тапшырмаңар бар экенин эстен чыгарбагыла! Балдарыңардын окуусуна чындап кызыккыла. Мектептен келгенде алар менен сүйлөшкүлө. Алардын эмнени окуп жатканын, кайсы сабактарды жакшы көрөрүн, эмнеден кыйналарын сурагыла. Үй тапшырмаларына, жазгандарына, текшерүү иштеринен кандай баа алганына көңүл бургула. Мугалимдери менен таанышууга аракеттенгиле. Аларга кылган эмгегин баалаарыңарды жана колуңардан келишинче жардам берүүгө даяр экениңерди билдиргиле.
БАЛДАРЫҢАРДЫН ДОСТОРУ
14. Эмне себептен Кудайга ишенген балдарга жакшы дос тандоо маанилүү?
14 «Муну кайдан үйрөндүң?!» Канчалаган ата-эне баласынан такыр күтпөгөн сөз угуп же жорук көргөндө, таң кала ушинтип сурайт. Анан далайы мектептеги же кошуна турган жаңы досунун ушинтерин угат. Ооба, жашпызбы, карыбызбы, бизге досторубуз абдан таасир этет. Элчи Пабыл: «Алданбагыла, акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат»,— деп эскерткен (1 Корунттуктарга 15:33; Накыл сөздөр 13:20). Өзгөчө, өспүрүмдөр теңтуштарынын кысымына оңой алдырат. Дегинкиси, өспүрүм бала өз жөндөмдүүлүктөрүнө шектене берүүгө жакын болот, кээде досторуна жаккысы, аларга өзүн көрсөткүсү келет. Ошондуктан анын жакшы дос тандашы кандай гана маанилүү!
15. Дос тандоодо ата-эне балдарына кандай жетекчилик бере алат?
15 Балдардын дайым эле жакшы тандоо жасай беришпесин билбеген эне-ата жоктур; андыктан балдар жетекчиликке муктаж. Албетте, алардын ордуна дос тандоо талап кылынбайт. Аларга чоңойгон сайын жаман-жакшыны айырмалай билүүнү үйрөнүүгө жана достордун кандай сапаттарын баалоо керектигин түшүнүүгө жардам берүү туурараак. Баарынан мурда, Жахабага болгон сүйүү жана Анын көз алдында туура иш жасоого болгон дилгирлик бааланат (Марк 12:28—30). Балдарга чынчыл, боорукер, кеңпейил, тырышчаак адамдарды жакшы көрүүнү жана сыйлоону үйрөткүлө. Андай сапаттарды үй-бүлөлүк изилдөө учурунда Ыйык Китептеги каармандардан байкоого жана жыйналыштагылардын кимисинде бар экенин табууга жардамдашкыла. Өзүңөр да ошондой сапаттарга ээ адамдар менен достошуп, балдарыңарга үлгү болгула.
16. Балдарына дос тандоого ата-эне кандай жардам бере алат?
16 Балдарыңардын кимдер менен достошуп жүргөнүн билесиңерби? Достору менен жакшыраак таанышуу үчүн, аларды үйгө ээрчитип келүүнү сунуш кылсаңар болоттур? Балдарыңардын өзүлөрүнөн ал достору тууралуу башкалар кандай ойдо экенин сурасаңар болот. Алар адеп-ахлактык тазалыгы менен белгилүү бекен же экижүздүү жашоо өткөрүшөт бекен? Экижүздүү жашоо өткөрүшсө, алар менен достошуу кандай зыян алып келиши мүмкүн экенин түшүнүүгө жардамдашкыла (Забур 25:4, 5, 9—12). Балаңардын жүрүм-турумунда, кийиминде, ой жүгүртүүсүндө же сүйлөгөн сөзүндө терс өзгөрүүлөр пайда болгонун байкасаңар, аны менен достору тууралуу сүйлөшүү керектир. Балким, балаңар терс таасир тийгизген бирөө менен достошуп жүргөндүр. (Салыштыргыла: Башталыш 34:1, 2.)
17, 18. Ата-эне балдарына, жаман чөйрөдөн качууну кеңеш кылгандан тышкары, кандай жардам бере алат?
17 Бирок балдарды жаман чөйрөдөн алыс болууга үйрөтүү аздык кылат. Аларга жакшы достордон табууга жардам бергиле. Бир ата мындай дейт: «Биз ар дайым бир нерсенин ордуна башка бир нерсе ойлоп табууга аракеттенебиз. Алсак, мектептегилер уулубузга футбол тобуна жазылууну сунуш кылышканда, аялым экөөбүз, аны менен эмне себептен макул болуу жакшы болбосун, мисалы, чындык жолун жолдобогон жаңы достор пайда болушу мүмкүн экенин талкууладык. Анан ага жыйналыштагы балдардан чакырып, сейилбакка барып футбол ойноп жүрүүнү сунуш кылдык. Бул жакшы натыйжа берди».
18 Акылман ата-эне баласына жакшы досторду табууга жана алар менен убакытты көңүлдүү, пайдалуу өткөзүүгө жардам берет. Бирок көптөгөн ата-энеге көңүл ачуу маселеси бир топ кыйынчылык туудурат.
КӨҢҮЛ АЧУУНУН КАНДАЙ ТҮРЛӨРҮН ТАНДОО АБЗЕЛ?
19. Үй-бүлөнүн ойноп-күлүшү күнөө эмес экенин Ыйык Китептеги кайсы мисалдар көрсөтөт?
19 Ыйык Китепте оюн-тамаша туура көрүлбөйбү? Түк да! Ыйык Китепте «күлө турган да убак», «бийлей турган да убак» болору айтылган (Насаатчы 3:4) *. Байыркы ысрайыл эли күү менен бийди, оюн ойноп, табышмак айтышууну жакшы көргөн. Ыйса Машайак үйлөнүү тоюна да, Матай Леби ага арнап өткөргөн «чоң сыйга» да барган (Лука 5:29; Жакан 2:1, 2). Ооба, Ыйса көңүл ачкандардын маанайын бузган адам болгон эмес. Анда эмесе, силердин үйдөгүлөр да кыраан-каткы күлкү менен оюн-тамашаны эч качан күнөө деп эсептебесин.
20. Үй-бүлөсүнүн эс алуусуна кам көрүүдө ата-эне эмнени унутпашы керек?
20 Жахаба — «берекелүү [«бактылуу», «ЖД»] Кудай» (1 Тиметейге 1:11). Демек, ага сыйынуу адамды кубанычтан өксүтпөй, кайра ырахат алып келиши керек. (Салыштыргыла: Мыйзам 16:15.) Балдар табиятынан шайыр келет, ойноп, көңүл ачуу менен алар ичинде оргуштап турган күчүн чыгарат. Жакшы тандалган көңүл ачуулар ойноп-күлүп коюуну эле билдирбейт. Андай көңүл ачуу маалында бала көп нерселерге үйрөнөт жана жетилет. Үй-бүлө башчысы үйдөгүлөрүнүн муктаждыгын, анын ичинде эс алууга болгон муктаждыгын да канааттандырууга милдеттүү. Бирок, албетте, теңсалмактуу болуу зарыл.
21. Азыркы көңүл ачуулар коркунуч туудурарлык кандай нерселер менен коштолот?
21 Ушул коогалаңдуу «акыркы убакта», Ыйык Китепте айтылып кеткендей, «Кудайга караганда ыракатты сүйгөн» адамдар көп (2 Тиметейге 3:1—5). Көптөрдүн жашоосунда көңүл ачуу башкы орунда турат. Ошондой эле көңүл ачуунун түрлөрү да абдан көп. Андыктан, этият болбосо, алар маанилүү иштердин убактысын ээлеп алышы мүмкүн. Андан тышкары, азыркы көңүл ачуулардын көбү жыныстык адеп-ахлаксыздык, зордук-зомбулук, баңгилик жана башка жаман иштер менен коштолот (Накыл сөздөр 3:31). Балдарды андай зыяндуу көңүл ачуулардан кантип коргоого болот?
22. Ата-энелер балдарын туура көңүл ачууну тандоого кантип үйрөтө алышат?
22 Ата-энелер чек коюп, тыюу салышы керек. Бирок, андан да маанилүүсү, балдарды көңүл ачуунун зыяндуусу менен пайдалуусун айырмалай билүүгө, ар нерсенин чегин билүүгө үйрөтүү зарыл. Бул убакытты да, күч-аракетти да талап кылат. Бир үй-бүлөдө болгон окуяны алып көрөлү. Эки уулу бар ата улуусунун жаңы радиостанцияны көп угуп калганын байкайт. Ошондуктан жумушуна бара жатканда радиону ошол станциянын каналына коюп, угуп көрөт. Ал кез-кезде токтоп, кээ бир ырлардын сөздөрүн жазып алат да, кийин уулдары менен аларды талкуулап чыгат. Балдарынын көзкарашын билиш үчүн ал: «Кандай деп ойлойсуңар?» — деп башталган суроолорду берип, жоопторун кунт коюп уккан. Бардыгын Ыйык Китептин жардамы менен талкуулап чыгышканда, балдары ал станцияны укпоого макул болушкан.
23. Ата-энелер балдарын зыяндуу көңүл ачуулардан кантип коргой алышат?
23 Кудайга ишенген акылман ата-энелер балдарынын кандай музыка, телеберүү, видеотасма, китеп-журналдар жана видеооюндарга кызыгышарын текшерип турушат. Алар видеотасмалардын сырткабына, китептин мукабасына, ырлардын сөздөрүнө, кассеталардын сырткы жасалгасына көңүл бурушат, гезиттерге көз жүгүртүп, тасмалардын үзүндүлөрүн көрүп чыгышат. Учурда балдарга сунуш кылынып жаткан «көңүл ачуулардын» айрымдары төбө чачты тик тургузат. Балдарын ыпылас таасирден коргогусу келген ата-энелер алар менен тигил же бул көңүл ачуунун эмнеге алпарарын талкуулоо үчүн, Ыйык Китепти, ага негизделген «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонулуучу кеңештер» (ор.) сыяктуу адабияттарды жана «Күзөт мунарасы» менен «Ойгонгула!» журналдарындагы макалаларды колдонушат *. Ата-энелердин эстүүлүк менен ырааттуу, ачык-так чектөөлөрдү коюшу, адатта, жакшы жыйынтык берет (Матай 5:37; Филипиликтерге 4:5, «ЖД»).
24, 25. Үй-бүлө менен чогуу кантип көңүл ачууга болот?
24 Албетте, зыяндуу көңүл ачууларга катышууга тыюу салуу иштин жарымы гана. Жаман иштердин ордун жакшы иштер менен толтуруу да маанилүү, антпесе балдар тескери жолго түшүп кетиши мүмкүн. Кудайга ишенген үй-бүлөлөрдүн көбү жаратылышта чогуу эс алганын, сейилдегенин, спорт оюндарын ойногонун жана туугандарыныкына же досторунукуна барганын кубаныч менен эстешет. Кээ бирөөлөр үй-бүлөсү менен бирге окугандан канааттануу алып, жакшы эс алышарын байкаган. Башкалар күлкүлүү же кызыктуу окуяларды айтып сүйлөшүп олтурууну жакшы көрүшөт. Дагы бирөөлөр кайсы бир иш менен чогуу-чараан алектенүүнү жактырышат, аларга, мисалы, жыгач устачылык, музыкалык аспаптарда ойноо, сүрөт тартуу же Кудайдын жаратууларын изилдөө жагат. Мындай иштер менен алектенген балдар зыяндуу көңүл ачууларга кызыгышпайт жана эс алуунун алда канча кызыктуу жолдору бар экенин билишет. Жөн гана карап олтургандан көрө, оюнга же ишке өзүң катышсаң, көңүлдүүрөөк болот.
25 Достор менен жолугушуу да көңүл ачуунун пайдалуу түрү болору шексиз. Эгерде андай жолугушууда жакшы жетектөө болсо, чакырылгандар көп болуп кетпесе жана убактысы өтө узакка созулбаса, балдар жөнөкөй оюн-тамашадан да көбүрөөк пайда алат. Андай жолугушуулар жыйналыштагылардын ортосундагы сүйүүнүн бекемделишине да өбөлгө түзүшү мүмкүн. (Салыштыргыла: Лука 14:13, 14; Жүйүт 12.)
ҮЙ-БҮЛӨҢӨР ДҮЙНӨНҮ ЖЕҢЕ АЛАТ
26. Үй-бүлөнү зыяндуу таасирлерден коргоодо кайсы сапаттын мааниси чоң?
26 Ооба, үй-бүлөнү дүйнөнүн зыяндуу таасиринен коргоп калуу үчүн көп күч жумшоо керек. Бирок ийгиликти шарттоочу абдан маанилүү бир сапат бар. Ал — сүйүү! Ортоңордо сүйүүгө негизделген жакын мамиле болсо, үйүңөр коопсуз жайга айланат жана өз ара ачык пикирлешүүнүн аркасында балдарыңарды зыяндуу таасирлерден коргой аласыңар. Мындан тышкары, сүйүүнүн башка түрүн, Жахабага болгон сүйүүнү, өрчүтүү абдан маанилүү. Үй-бүлөдөгүлөр ушундай сүйүүнү өрчүтүшсө, балдар дүйнөнүн таасирине алдырууну, Кудайды капалантууну каалашпайт, ал турсун, андай ойдун өзүн да жек көрүп чоңоюшары шексиз. Жахабаны жан-дили менен сүйгөн ата-эне анын сүйүүсүн, акылмандуулугун жана теңсалмактуулугун чагылдырууга аракеттенет (Эфестиктерге 5:1; Жакып 3:17). Ошондо балдар Жахабага болгон сыйынууну тыюулардын тизмесинен гана турган же эртерээк бурулуп кетүүнү каалаткан, кубанычсыз, оюн-күлкүсүз жолдой көрбөйт. Тескерисинче, Жахабага кызмат кылып жашоо эң бир кубанычтуу, эң бир маңыздуу жашоо экенин түшүнүшөт.
27. Үй-бүлөлөр дүйнөнү кантип жеңе алат?
27 Жахаба дүйнөнүн бузуку таасиринен качып, «таза, кемчиликсиз» болууга аракеттенген жана Ага биримдикте кубанычтуу, теңсалмактуу кызмат кылган үй-бүлөлөрдү көрүп сүйүнөт (2 Петир 3:14; Накыл сөздөр 27:11). Андай үй-бүлөлөр Шайтандын дүйнөсүнүн бардык азгырыктарына каршы турган Ыйса Машайактан үлгү алышат. Жердеги жашоосунун аягында Ыйса: «Мен бул дүйнөнү жеңдим»,— деп айта алган (Жакан 16:33). Эмесе, силердин үй-бүлө да дүйнөнү жеңип чыгып, келечекте түбөлүк өмүр сүрсүн!
^ Кошумча билим алуу жөнүндөгү суроо Күзөт Мунарасы Коому тарабынан чыгарылган «Жахабанын Күбөлөрү жана билим алуу» (ор.) китепчесинин 4—7-беттеринде каралат.
^ Бул жердеги «күлүү» деген эврей сөзүн «ойноо», «кандайдыр бир көңүл ачууну сунуш кылуу», «майрамдоо» жана «тамашалашуу» деп да которууга болот.
^ Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылат.